Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 9
Закон КР от 21 января 2025 года № 18 "О свободе вероисповедания и религиозных объединениях" · гл. 2Статус: действует

Статья 9. Учетная регистрация религиозных организаций

1.

Организационно-правовой формой религиозного объединения является религиозная организация, созданная гражданами Кыргызской Республики на добровольной основе путем общности их интересов для удовлетворения духовных потребностей и осуществления религиозной деятельности после прохождения учетной регистрации в установленном настоящим Законом порядке.

2.

Свидетельство об учетной регистрации выдается на срок до десяти лет с правом продления срока действия.

3.

Учредителями религиозной организации являются не менее 500 дееспособных граждан Кыргызской Республики, постоянно проживающих на территории одной административно-территориальной единицы (городов Бишкек, Ош, области).

4.

Учредители религиозной организации созывают учредительное собрание, на котором принимаются решения:

1) о создании религиозной организации, утверждении ее наименования и устава;

2) о формировании органов управления путем назначения или избрания.

5.

Каждый участник учредительного собрания имеет один голос. Граждане принимают личное участие в учредительном собрании. Голосование за другого участника или по доверенности не допускается.

6.

Решение на учредительном собрании по вопросу, предусмотренному пунктом 1 части 4 настоящей статьи, принимается по единогласному решению всех участников собрания, а по вопросу, предусмотренному пунктом 2 части 4 настоящей статьи, простым большинством от общего количества участников собрания.

7.

Религиозные организации осуществляют свою деятельность в пределах той административно-территориальной единицы, где они зарегистрированы.

8.

Заявителями для учетной регистрации религиозных организаций могут выступить следующие лица:

1) учредитель религиозной организации, уполномоченный учредительным собранием;

2) руководитель религиозной организации;

3) иное лицо, действующее на основании доверенности.

9.

Заявитель вправе обратиться в уполномоченный государственный орган по делам религий с просьбой о предварительной проверке наименования создаваемой религиозной организации.

10.

Учетная регистрация религиозной организации производится на основании следующих документов:

1) заявление об учетной регистрации по форме, установленной уполномоченным государственным органом по делам религий, подписанное заявителем;

2) протокол учредительного собрания в одном экземпляре, подписанный председателем и секретарем собрания с приложенным нотариально удостоверенным списком граждан, учредителей религиозной организации и участников учредительного собрания, с указанием их фамилии, имени, отчества (при наличии), даты рождения, гражданства, адреса регистрации, паспортных данных;

3) нотариально заверенный список учредителей религиозных организаций.

Примечание. При этом списки граждан могут быть использованы только для создания одной организации. Не допускается использование одного списка для создания нескольких религиозных организаций. Один гражданин может участвовать в деятельности только одной религиозной организации;

4) устав религиозной организации, прошитый, подписанный руководителем религиозной организации и согласованный с центральным органом управления соответствующего вероисповедания;

5) сведения об основах вероучения и соответствующей практике, в том числе об истории его возникновения, формах и методах его деятельности, отношении к семье и браку, образованию, особенностях отношения к здоровью последователей данной религии, ограничениях для членов и служителей организации в отношении гражданских прав и обязанностей;

6) документ, подтверждающий местонахождение создаваемой религиозной организации на данной территории (договор купли-продажи на собственное помещение, договор аренды, договор безвозмездного предоставления помещения);

7) заверенная копия акта оценки соответствия вводимого в эксплуатацию завершенного строительством здания, сооружения или технический паспорт помещения, согласно законодательству о градостроительстве и архитектуре, в котором расположена религиозная организация.

11.

Местонахождением религиозной организации является место, указанное в свидетельстве об ее учетной регистрации (перерегистрации).

12.

Не допускается использовать жилое помещение в качестве места постоянного осуществления религиозной деятельности, а также указывать адрес жилого помещения в качестве адреса местонахождения религиозной организации.

13.

Свидетельство об учетной регистрации религиозных организаций выдается сроком на десять лет с правом продления на тот же срок путем подачи заявления в уполномоченный государственный орган по делам религий.

Кыргызча
Диний уюмдарды эсептик каттоо 1. Диний бирикменин уюштуруу-укуктук формасы болуп ушул Мыйзамда белгиленген тартипте эсептик каттоодон өткөндөн кийин диний муктаждыктарды канааттандыруу жана диний иштерди жүзөгө ашыруу үчүн алардын кызыкчылыктарынын жалпылыгы аркылуу, ыктыярдуу негизде Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан түзүлгөн диний уюм саналат. 2. Эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк колдонуу мөөнөтүн узартуу укугу менен он жылга чейинки мөөнөткө берилет. 3. Бир административдик-аймактык бирдиктин (Бишкек, Ош шаарларынын, облустун) аймагында туруктуу жашоочу Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү 500дөн кем эмес жараны диний уюмдун уюштуруучулары болуп саналат. 4. Диний уюмдун уюштуруучулары уюштуруу чогулушун чакырып, анда төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынат: 1) диний уюмду түзүү, анын аталышын жана уставын бекитүү жөнүндө; 2) дайындоо же шайлоо жолу менен башкаруу органдарын түзүү жөнүндө. 5. Уюштуруу чогулушунун ар бир катышуучусу бир добушка ээ. Жарандар уюштуруу чогулушуна өздөрү катышат. Башка катышуучу үчүн же ишеним кат боюнча добуш берүүгө жол берилбейт. 6. Уюштуруу чогулушунда ушул берененин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган маселе боюнча чечим чогулуштун бардык катышуучуларынын бир добуштан кабыл алынган чечими менен, ал эми ушул берененин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган маселе боюнча чогулуштун катышуучуларынын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 7. Диний уюмдар өз иштерин алар катталган административдик-аймактык бирдиктин чегинде жүзөгө ашырат. 8. Диний уюмдарды эсептик каттоо үчүн төмөнкү адамдар арыз ээлери боло алат: 1) уюштуруу чогулушунда ыйгарым укук берилген диний уюмдун уюштуруучусу; 2) диний уюмдун жетекчиси; 3) ишеним каттын негизинде иш алып баруучу башка жак. 9. Арыз ээси дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга түзүлүп жаткан диний уюмдун аталышын алдын ала текшерүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу. 10. Диний уюмду эсептик каттоо төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт: 1) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген форма боюнча эсептик каттоо жөнүндө арыз ээси кол койгон арыз; 2) жарандардын, диний уюмдун уюштуруучуларынын жана уюштуруу чогулушунун катышуучуларынын фамилиясын, атын, атасынын агын (бар болсо), туулган датасын, жарандыгын, каттоо дарегин, паспорттук маалыматтарын көрсөтүү менен, нотариалдык жактан ырасталган, тизмеси тиркелген, чогулуштун төрагасы жана катчысы тарабынан кол коюлган бир нускадагы уюштуруу чогулушунун протоколу; 3) диний уюмдардын уюштуруучуларынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн тизмеси. Эскертүү. Мында жарандардын тизмелери бир гана уюмду түзүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн, бир тизмени бир нече диний уюмдарды түзүү үчүн пайдаланууга жол берилбейт. Бир жаран бир гана уюмдун ишине катыша алат; 4) көктөлгөн, диний уюмдун жетекчиси кол койгон жана тиешелүү дин тутуу башкармалыгынын борбордук органы менен макулдашылган диний уюмдун уставы; 5) диний окуунун негиздери жана ага тиешелүү практика жөнүндө, анын ичинде анын келип чыгуу тарыхы, анын ишинин формалары жана ыкмалары, үй-бүлөгө жана никеге, билим берүүгө карата мамиле жөнүндө, ушул динди жолдоочулардын ден соолугуна карата мамиленин өзгөчөлүктөрү, жарандык укуктарга жана милдеттерге карата уюмдун мүчөлөрү жана кызматчылары үчүн чектөөлөр жөнүндө маалыматтар; 6) ошол аймакта түзүлүп жаткан диний уюмдун жайгашкан жерин ырастоочу документ (өзүнүн орун жайына болгон сатып алуу-сатуу келишими, ижара келишими, орун жайды акысыз берүү келишими); 7) шаар куруу жана архитектура жөнүндө мыйзамдарга ылайык курулуп бүтүп, пайдаланууга берилген диний уюм жайгашкан имараттын, курулманын ылайыктуулугун баалоо актысынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн же орун жайдын техникалык паспорту. 11. Диний уюмдун жайгашкан жери болуп аны эсептик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн жер эсептелет. 12. Турак жайды диний ишти туруктуу жүзөгө ашыруучу жер катары пайдаланууга, ошондой эле турак жайдын дарегин диний уюмдун жайгашкан жеринин дареги катары көрсөтүүгө жол берилбейт. 13. Диний уюмдарды эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берүү жолу аркылуу он жылдык мөөнөткө, ошол эле мөөнөткө узартуу укугу менен берилет.