Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 10
Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики" · гл. 3Статус: действует

Статья 10. Права Акыйкатчы

Акыйкатчы имеет право:

1) на безотлагательный прием Президентом Кыргызской Республики, Торага Жогорку Кенеша, Председателем и членами Кабинета Министров Кыргызской Республики (далее – Кабинет Министров), председателями Конституционного и Верховного судов Кыргызской Республики, Генеральным прокурором Кыргызской Республики (далее – Генеральный прокурор), лицами начальствующего состава Вооруженных Сил Кыргызской Республики, администрацией мест принудительного содержания (мест содержания задержанных, предварительного заключения, учреждений отбывания осужденными наказаний и учреждений принудительного лечения и перевоспитания), психиатрических стационаров, руководителями и должностными лицами других органов государственной власти и местного самоуправления, а также руководством объединений граждан, предприятий, учреждений, организаций независимо от форм их собственности;

2) присутствовать на заседаниях Жогорку Кенеша, Кабинета Министров, Конституционного и Верховного судов Кыргызской Республики, коллегии Генеральной прокуратуры и других коллегиальных органов;

3) присутствовать на заседаниях судов всех инстанций, в том числе на закрытых судебных заседаниях, при условии согласия лица, в интересах которого судебное разбирательство объявлено закрытым;

4) инициировать проведение проверки для изучения обстоятельств по нарушениям прав и свобод человека и гражданина, ставших ему известными;

5) проводить мониторинг за соблюдением прав и свобод человека и гражданина на всей территории Кыргызской Республики субъектами, указанными в статье 3 настоящего конституционного Закона;

6) представлять специальные доклады в Жогорку Кенеш;

7) вносить предложения во фракции, депутатские группы, комитеты, а также депутатам Жогорку Кенеша о создании временной комиссии по расследованию нарушений прав и свобод человека и гражданина или о проведении парламентских слушаний;

8) вносить предложения в комитет Жогорку Кенеша по вопросам осуществления парламентского контроля за соблюдением прав и свобод человека и гражданина, в том числе по индивидуальным и коллективным обращениям;

9) вносить Президенту Кыргызской Республики, Кабинету Министров предложения по разработке национальных целевых программ и проведению комплексных и скоординированных мероприятий по защите прав и свобод человека и гражданина, участвовать в их осуществлении;

10) в случае выявления нарушений прав и свобод человека и гражданина направлять в соответствующие органы акты реагирования Акыйкатчы для принятия ими мер;

11) вносить предложения по заключению, ратификации или присоединению к международным договорам в сфере прав и свобод человека и гражданина либо приостановлению их действия или денонсации;

12) участвовать в рабочих группах по совершенствованию законодательства Кыргызской Республики в области прав и свобод человека и гражданина;

13) образовывать экспертные, общественные, консультативные советы, рабочие группы, комиссии и иные общественные (коллегиальные) органы;

14) на доступ к информации, связанной со служебной, коммерческой и государственной тайнами, в порядке, определяемом законодательством Кыргызской Республики;

15) на доступ к объектам, используемым Вооруженными Силами Кыргызской Республики, службой государственной охраны;

16) приглашать должностных лиц, государственных служащих, граждан Кыргызской Республики, иностранных граждан и лиц без гражданства для получения от них устных и письменных объяснений относительно обстоятельств, которые проверяются в ходе рассмотрения заявления или жалобы;

17) давать предложения и замечания на проекты нормативных правовых актов Кыргызской Республики в сфере защиты прав и свобод человека и гражданина;

18) обращаться с предложениями к нормотворческим органам по совершенствованию законодательства Кыргызской Республики;

19) обращаться в Конституционный суд Кыргызской Республики с представлением о признании неконституционными нормативных правовых актов Кыргызской Республики, затрагивающих права и свободы человека и гражданина;

20) обращаться в Верховный суд Кыргызской Республики с предложениями об изучении и обобщении судебной практики по вопросам применения законодательства Кыргызской Республики и общепризнанных принципов и норм международного права, обеспечения прав и свобод человека и гражданина;

21) обращаться к субъектам, указанным в статье 3 настоящего конституционного Закона, с предложениями по совершенствованию форм и методов взаимодействия в осуществлении надзора и контроля за соблюдением прав и свобод человека и гражданина, представлять устное и письменное обращение по нарушениям прав и свобод человека и гражданина и участвовать при их рассмотрении;

22) обращаться в суд с заявлением о защите прав и свобод человека и гражданина, которые по состоянию здоровья либо по другим уважительным причинам не могут сделать это самостоятельно, а также лично или через своего представителя принимать участие в судебном процессе в случаях и порядке, установленных законодательством Кыргызской Республики;

23) посещать в любое время места принудительного содержания, проводить беседы наедине с находящимися в них лицами, получать информацию об условиях их содержания и проверять документацию, удостоверяющую законность их пребывания в указанных учреждениях;

24) проверять состояние соблюдения прав и свобод человека и гражданина соответствующими государственными органами, в том числе осуществляющими оперативно-розыскную деятельность;

25) знакомиться в суде с уголовными, гражданскими делами и делами о правонарушениях, решения (приговоры) по которым вступили в законную силу, а также с прекращенными производством делами и материалами, по которым отказано в возбуждении уголовных дел, с последующим снятием с них копий;

26) без специального разрешения администрации учреждения мест принудительного содержания беспрепятственно проносить и использовать средства аудио-, видеофиксации (в т.ч. встроенные в телефонные мобильные устройства) для интервьюирования, видео- и фотофиксаций;

27) требовать от субъектов, указанных в статье 3 настоящего конституционного Закона, содействия проведению соответствующих проверок (плановых, внеплановых) деятельности подконтрольных или подчиненных им подразделений, предприятий, учреждений, организаций, выделения сотрудников для участия в проведении проверок, экспертиз и представления результатов и соответствующих заключений;

28) запрашивать и получать от государственных органов, органов местного самоуправления, предприятий, организаций и учреждений, общественных объединений и политических партий сведения, материалы и документы по вопросам, подлежащим выяснению в ходе рассмотрения заявления или жалобы;

29) выслушать должностное лицо, ответственное за расследуемое им дело, а также любого работника органа, ведущего производство, и потребовать проведения расследования руководителем проверяемого органа, руководителем его наблюдательного органа либо органа, который иным образом уполномочен проводить такое расследование;

30) обращаться к уполномоченным органам государственной власти и научным учреждениям о проведении экспертных и аналитических исследований;

31) беспрепятственно посещать органы государственной власти, органы местного самоуправления, предприятия, учреждения, организации независимо от форм собственности, а также воинские части;

32) осуществлять иные полномочия, предусмотренные законодательством Кыргызской Республики.

Кыргызча
Акыйкатчынын укуктары Акыйкатчы төмөнкүлөргө укуктуу: 1) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары ‒ Министрлер Кабинети) Төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Конституциялык жана Жогорку сотторунун төрагаларынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун (мындан ары – Башкы прокурор), Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башкаруучу курамындагы адамдардын, мажбурлап кармоо жайларынын (кармалгандарды кармоо, алдын ала камакка алуу жайларынын, соттолгондор жаза өтөөчү мекемелердин жана мажбурлап дарылоо жана кайра тарбиялоо мекемелеринин), психиатриялык стационарлардын администрациясынын, башка мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жана кызмат адамдарынын, ошондой эле жарандардын бирикмелеринин, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилигинин токтоосуз кабыл алуусуна; 2) Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Конституциялык жана Жогорку сотторунун жыйналыштарында, Башкы прокуратуранын жана башка коллегиалдуу органдардын коллегиясында катышууга; 3) бардык инстанциялардагы сот отурумдарына, анын ичинде соттук териштирүү анын кызыкчылыгында жабык деп жарыяланган адамдын макулдугу болгон шартта жабык сот отурумдарына катышууга; 4) адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушу боюнча ага белгилүү болуп калган жагдайларды иликтөө үчүн текшерүүнү демилгелөөгө; 5) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинде көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан сакталышына мониторинг жүргүзүүгө; 6) Жогорку Кеңешке атайын баяндамаларды берүүгө; 7) адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушун тергөө боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө же парламенттик угууларды өткөрүү тууралуу Жогорку Кеңештин фракцияларына, депутаттык топторуна, комитеттерине, ошондой эле депутаттарына сунуш киргизүүгө; 8) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоого парламенттик контролду ишке ашыруу маселелери боюнча, анын ичинде жеке же жамааттык кайрылуулар боюнча Жогорку Кеңештин комитетине сунуштарды киргизүүгө; 9) Кыргыз Республикасынын Президентине, Министрлер Кабинетине адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча улуттук максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана комплекстүү жана координацияланган иш-чараларды жүргүзүү боюнча сунуштарды киргизүүгө, аларды жүзөгө ашырууга катышууга; 10) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузуулар табылган учурда, алар боюнча чараларды көрүү үчүн тиешелүү органдарга Акыйкатчынын чара көрүү актыларын жиберүүгө; 11) адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди түзүү, ратификациялоо же ага кошулуу, же болбосо алардын колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо боюнча сунуштарды киргизүүгө; 12) адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топторго катышууга; 13) эксперттик, коомдук, консультациялык кеңештерди, жумушчу топторду, комиссияларды жана башка коомдук (коллегиялуу) органдарды түзүүгө; 14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте кызматтык, коммерциялык жана мамлекеттик сырлар менен байланыштуу маалыматтарга карата жеткиликтүүлүккө; 15) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, мамлекеттик күзөт кызматы тарабынан пайдаланылуучу объекттерге кирүүгө; 16) арызды же даттанууну кароонун жүрүшүндө текшерилүүчү жагдайларга тийиштүү оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарын, мамлекеттик кызматчыларын, жарандарын, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чакырууга; 17) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна сунуштарды жана сын-пикирлерди берүүгө; 18) ченем чыгаруу органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштар менен кайрылууга; 19) адамдын жана жарандын укуктарына жана эркиндиктерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын конституциялык эмес деп таануу жөнүндө сунуштама менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна кайрылууга; 20) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин колдонуу, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу маселелери боюнча соттук практиканы изилдөө жана жалпылоо жөнүндө сунуштар менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кайрылууга; 21) ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинде көрсөтүлгөн субъекттерге адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына көзөмөлдү жана контролду жүргүзүүдө өз ара аракеттенүүнүн формаларын жана усулдарын өркүндөтүү боюнча сунуштар менен кайрылууга, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузуулар боюнча оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылуусун берүүгө жана аларды кароодо катышууга; 22) ден соолугунун абалы же болбосо башка жүйөлүү себептер боюнча өз алдынча муну жасай албаган адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте сот процессине жеке өзү же өзүнүн өкүлү аркылуу катышууга; 23) кайсы убакта болбосун мажбурлап кармоо жайларына барууга, аларда кармалган адамдар менен жекеме-жеке сүйлөшүүгө, аларды кармоонун шарттары жөнүндө маалыматтарды алууга жана көрсөтүлгөн мекемелерде алардын кармалышынын мыйзамдуулугун ырастоочу документтерди текшерүүгө; 24) тиешелүү мамлекеттик органдар, анын ичинде ыкчам иликтөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышынын абалын текшерүүгө; 25) сотто кылмыш-жаза, жарандык иштер жана алар боюнча чечимдери (өкүмдөр) мыйзамдуу күчүнө кирген укук бузуулар жөнүндө иштер менен, ошондой эле андан кийин алардын көчүрмөлөрүн алуу менен, кылмыш-жаза иштерин козгоодон баш тартылып, өндүрүш менен токтотулган иштер жана материалдар менен таанышууга; 26) мажбурлап кармоо жайлары мекемесинин администрациясынын атайын уруксатысыз маектешүү, видео жана фото тартуу үчүн аудио, видео жаздыруу каражаттарын (анын ичинде телефондук мобилдик түзүлмөлөргө орнотулган) тоскоолдуксуз алып өтүүгө жана пайдаланууга; 27) ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинде көрсөтүлгөн субъекттерден алардын контролунда турган же баш ийген бөлүмдөрдүн, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын ишине тиешелүү текшерүүлөрдү (пландуу, пландан тышкары) жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүнү, текшерүүлөрдү, экспертизаларды жүргүзүүгө, жыйынтыктарды жана тиешелүү корутундуларды берүүгө катышуу үчүн кызматкерлерди бөлүп берүүнү талап кылууга; 28) арызды же даттанууну кароонун жүрүшүндө аныкталууга тийиш болгон маселелер боюнча маалыматтарды, материалдарды жана документтерди мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден, коомдук бирикмелерден жана саясий партиялардан суратууга жана алууга; 29) өзү тергөө жүргүзүп жаткан иш үчүн жооптуу кызмат адамын, ошондой эле өндүрүштү жүргүзүп жаткан органдын кайсы болбосун кызматкерин угууга жана текшерилүүчү органдын жетекчиси, анын байкоочу органынын жетекчиси же болбосо мындай териштирүүнү жүргүзүүгө башка ыкма менен ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан тергөө жүргүзүүсүн талап кылууга; 30) эксперттик жана аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына жана илимий мекемелерге кайрылууга; 31) мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин формасына карабастан ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга, ошондой эле аскер бөлүктөрүнө тоскоолдуксуз барууга; 32) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.