Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 9.2
Правила дорожного движения (утверждены постановлением Правительства Кыргызской Республики от 4 августа 1999 года № 421) · гл. 9Статус: действуетредакция 31.10.2025

Статья 9.2. На дорогах с двусторонним движением, имеющих четыре полосы или более, запрещается…

9.2. На дорогах с двусторонним движением, имеющих четыре полосы или более, запрещается выезжать на сторону дороги, предназначенную для встречного движения.

Кыргызча
9.2. Калктуу конуштардан тышкары, ошондой эле калктуу конуштардагы 5.1 же 5.3. белгилери менен белгиленген жана 80 км/сааттан ашык ылдамдыкта жүрүүгө уруксат берилген жолдордо транспорт каражаттарынын айдоочулары мүмкүн болушунча жүрүүчү бөлүктүн оң четин жакын айдоого тийиш. Оң жактагы тилкелер бош турганда сол тилкелерди ээлөөгө тыюу салынат. Калктуу конуштарда ушул пункттун жана Эрежелердин 9.5, 16.1 жана 24.2-пункттарынын талаптарын эске алуу менен транспорт каражаттарынын айдоочулары өздөрү үчүн кыйла ыңгайлуу кыймыл тилкесин пайдалана алат. Тилкени солго же оңго буруулар, артка кайрылаар, озуп өтөөр же токтоор алдында гана алмаштырууга уруксат берилет. Бирок бир багытта үч же андан ашык тилкедеги кыймылы бар ар кандай жолдордо четки сол тилкени башка тилкелер бош болбогон учурда катуу жүрүп баратканда гана, ошондой эле озуп өтүү, солго бурулуу же артка кайрылуу үчүн, ошондой эле уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашык болгон жүк ташуучу автомобилдерге - солго бурулуу же артка кайрылуу үчүн гана ээлөөгө жол берилет. Токтоо же токтоп туруу үчүн бир тараптуу кыймылы бар жолдордун сол тилкесине Эрежелердин 12.1-пунктуна ылайык чыгууга жол берилет. Бир тилкедеги транспорт каражаттарынын анын жанындагы тилкеде бараткандардан катуу ылдамдык менен жүрүшү озуп өтүү деп эсептелбейт.