Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 5.2
Правила дорожного движения (утверждены постановлением Правительства Кыргызской Республики от 4 августа 1999 года № 421) · гл. 5Статус: действуетредакция 31.10.2025

Статья 5.2. Посадку и высадку производить со стороны тротуара или обочины и только после полной…

5.2. Посадку и высадку производить со стороны тротуара или обочины и только после полной остановки транспортного средства.

Если посадка и высадка невозможна со стороны тротуара или обочины, она может осуществляться со стороны проезжей части при условии, что это будет безопасно и не создаст помех другим участникам движения.

Кыргызча
5.2. Жүргүнчүлөргө төмөнкүлөргө тыюу салынат: транспорт каражаты жүрүп бараткан учурда айдоочуну аны башкаруудан алагды кылууга; борт платформасы бар жүк ташуучу автомобилде баратканда бортко же борттон ашкан жүктүн үстүнө турууга, отурууга; транспорт каражаты жүрүп бара жаткан учурда анын эшиктерин ачууга, ошондой эле терезе тешиктеринен жана люктарынан чыгып турууга; жөнгө салуучулар же ички иштер органдарынын кызматкерлери сутканын караңгы мезгилинде транспорт каражатты токтоткон учурда кызматкердин негизсиз болушу мүмкүн деп болжолдонгон аракеттерин далилдөө үчүн автомобилден айдоочу менен кошо чыгууга. Мында жүргүнчүлөр милиция кызматкерине өзүнүн функциялык милдеттерин аткарууга жолтоо кылбоого тийиш; жасаган заводдо караштырылган коопсуздук курун арчынданбастан жүрүп бараткан автомобилде болууга; мотоциклде, мопедде мотоцикл шлемин курчанбоого же ансыз болууга; транспорт каражатынын ичинде болгон учурда, коомду жана кыймылдын башка катышуучуларын сыйлабай тургандыгын ачык-айкын көрсөтүү менен коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын атайын жана көз көрүнөө бузуу. Эскертүү: Берилген эрежелердин 5-бөлүмүнүн пунттарынын саны, расмий тилдеги тексттин пнуттарынын санына дал келбейт. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136, 2016-жылдын 16-январындагы № 9, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)