Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 2.1
Правила дорожного движения (утверждены постановлением Правительства Кыргызской Республики от 4 августа 1999 года № 421) · гл. 2Статус: действуетредакция 31.10.2025

Статья 2.1. Водитель механического транспортного средства обязан

2.1. Водитель механического транспортного средства обязан:

2.1.1. Останавливать транспортное средство и по требованию сотрудников уполномоченного органа в сфере внутренних дел по обеспечению безопасности дорожного движения передавать им для проверки при условии, если в приоритетном порядке отсутствует возможность поделиться документами в цифровом формате с помощью мобильного приложения "Тундук":

- водительское удостоверение;

- регистрационные документы на транспортное средство;

- путевой лист и документы на перевозимый груз в установленных законом случаях;

- (утратил силу в соответствии с постановлением Кабинета Министров КР от 24 марта 2023 года № 165)

- договор обязательного страхования гражданско-правовой ответственности владельцев автотранспортных средств (страховой полис), страховой полис (заверенную копию) по обязательному страхованию гражданской ответственности перевозчика опасного груза или страховой полис по обязательному страхованию ответственности перевозчика перед пассажирами, а при осуществлении международных автомобильных перевозок - соответствующий документ по страхованию ответственности перевозчика в соответствии с международными договорами в сфере безопасности дорожного движения, вступившими в силу в соответствии с законодательством Кыргызской Республики;

- аккредитационную карточку, выдаваемую уполномоченным государственным органом в сфере иностранных дел, в случае нарушения правил дорожного движения сотрудниками дипломатических представительств, консульских учреждений иностранных государств, а также представительств международных организаций и иных приравненных к ним представительств, аккредитованных в Кыргызской Республике.

В случаях, прямо предусмотренных действующим законодательством, иметь и передавать для проверки работникам уполномоченного государственного органа в сфере регулирования и контроля деятельности на автомобильном транспорте и (или) обеспечения безопасности дорожного движения лицензию и документы, предусмотренные правилами перевозок пассажиров и грузов (в том числе в электронном виде).

2.1.2. При движении на транспортном средстве, оборудованном ремнями безопасности, быть пристегнутым и не перевозить пассажиров, не пристегнутых ремнями (допускается не пристегиваться ремнями детям до 12 лет в соответствии с пунктом 22.8 Правил, обучающему вождению - когда транспортным средством управляет обучаемый, а в населенных пунктах, кроме того, водителям и пассажирам автомобилей оперативных служб(*).

При управлении мотоциклом быть в застегнутом мотошлеме и не перевозить пассажиров без застегнутого мотошлема.

Кыргызча
2.1. Механикалык транспорт каражатынын айдоочулары төмөнкүлөргө милдеттүү: 2.1.1. Транспорт каражатын токтотууга жана эгерде артыкчылыктуу тартипте "Түндүк" мобилдик тиркемесинин жардамы менен документтерди санариптик форматта бөлүшүү мүмкүнчүлүгү жок болгон шартта, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин талабы боюнча аларга текшерүү үчүн төмөнкүлөрдү берүүгө: - айдоочулук күбөлүктү; - транспорт каражатынын каттоо документтерин; - мыйзамдарда белгиленген учурларда жолдомо барагын жана ташып бараткан жүккө документтерди; - (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 165 токтомуна ылайык күчүн жоготту) - автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин (камсыздандыруу полиси), кооптуу жүктү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин (күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн) же ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин, ал эми эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге ылайык ташуучунун жоопкерчилигин камсыздандыруу боюнча тиешелүү документти; - дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана аларга теңдештирилген Кыргыз Республикасында аккредитацияланган өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин бузган учурда тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген аккредитациялык карточканы. Колдонуудагы мыйзамдарда түздөн-түз каралган учурларда автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо жана (же) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу эрежелеринде каралган лицензияларды жана документтерди (анын ичинде электрондук түрдө) алууга жана текшерүү үчүн берүүгө. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 522 , КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 682, 2023-жылдын 24-мартындагы № 165, 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 613, 2025-жылдын 9-июнундагы № 324 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2.1.2. Коопсуздук курлары менен жабдылган транспорт каражатында баратканда аны курчанууга жана курду курчанбаган жүргүнчүлөрдү ташыбоого (Эрежелердин 22.8-пунктуна ылайык 12 жашка чейинки балдарга, транспорт каражатын окуп жаткан адам айдап баратканда - айдоону окутуучуга, ал эми калктуу конуштарда, мындан тышкары оперативдүү кызматтардын(*) автомобилдеринин айдоочуларына жана жүргүнчүлөрүнө курду тагынбоого жол берилет. Мотоциклди башкарууда мотошлемди байланып кийүүгө жана мотошлемди байланбаган жүргүнчүнү ташыбоого.