Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 11
Закон КР от 16 июня 2025 года № 119 "О Национальной академии наук Кыргызской Республики" · гл. 4Статус: действует

Статья 11. Права и обязанности членов НАН

1.

Члены НАН имеют право:

1) избирать и быть избранными в органы управления НАН;

2) на предоставление условий со стороны НАН, необходимых для проведения лично осуществляемых или организуемых ими научных работ;

3) принимать участие в работе общего собрания НАН;

4) сложить с себя полномочия членов НАН и выйти из ее состава.

2.

Члены НАН обязаны:

1) активно участвовать в выполнении задач, возложенных на НАН;

2) активно содействовать практической реализации достижений науки;

3) обогащать науку новыми достижениями путем лично осуществляемых научных исследований, организации коллективной разработки научных проблем и научного руководства этой разработкой;

4) вести работу по подготовке и повышению квалификации научных и научно-педагогических работников;

5) ежегодно представлять в президиум НАН письменный отчет о своей научной деятельности.

3.

Члены НАН имеют другие права и обязанности, установленные трудовым законодательством Кыргызской Республики.

Кыргызча
УИАнын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери 1. УИАнын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу: 1) УИАнын башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга; 2) жеке өздөрү жүзөгө ашыруучу же алар уюштуруучу илимий иштерди жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттардын УИА тарабынан түзүлүшүнө; 3) УИАнын жалпы чогулушунун ишине катышууга; 4) өзүнөн УИАнын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын алып салууга жана анын курамынан чыгып кетүүгө. 2. УИАнын мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) УИАга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жигердүү катышууга; 2) илимдин жетишкендиктерин практикалык ишке ашырууга жигердүү көмөктөшүүгө; 3) жеке өзү жүзөгө ашыруучу илимий изилдөөлөр, илимий көйгөйлөрдү жамааттык иштеп чыгууну уюштуруу жана ошол иштелмени илимий жетектөө аркылуу илимди жаңы жетишкендиктер менен байытууга; 4) илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш жүргүзүүгө; 5) УИАнын президиумуна өзүнүн илимий иштери жөнүндө жыл сайын жазуу жүзүндө отчет берүүгө. 3. УИАнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга жана милдеттерге ээ. 5-глава. УИАнын башкаруу органдары