Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 42
Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении" · ст. 42Статус: действует

Статья 42. Обеспечение вакцинами

1.

Обеспечение организаций здравоохранения вакцинами для проведения профилактических прививок, включенных в Календарь плановых профилактических прививок и профилактических прививок по эпидемическим показаниям, осуществляет уполномоченный государственный орган в сфере здравоохранения через государственную организацию общественного здравоохранения.

2.

Для своевременного обеспечения вакцинами и проведения профилактических прививок, включенных в Календарь плановых профилактических прививок, формируется государственный резервный запас вакцин в объеме не менее 6 месяцев от годовой потребности в порядке, определяемом Кабинетом Министров.

3.

Порядок формирования и расходования средств на проведение прививок по эпидемическим показаниям определяется Кабинетом Министров.

(В редакции Закона КР от 28 октября 2025 года № 241)

Кыргызча
Вакциналар менен камсыз кылуу 1. Пландуу алдын ала эмдөөлөрдүн календарына киргизилген алдын ала эмдөөлөрдү жана эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарын вакциналар менен камсыз кылуу коомдун саламаттыгын сактоонун мамлекеттик уюму аркылуу саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат. 2. Вакциналар менен өз убагында камсыз кылуу жана Пландуу алдын ала эмдөөлөрдүн календарына киргизилген алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жылдык керектөөдөн 6 айдан кем эмес көлөмдө вакциналардын мамлекеттик резервдик запасы түзүлөт. 3. Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча эмдөөлөрдү жүргүзүүгө каражаттарды түзүү жана чыгымдоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)