Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 34
Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении" · ст. 34Статус: действует

Статья 34. Профилактика заболеваний в системе образования

1.

Профилактика заболеваний в системе образования направлена на укрепление здоровья детей и молодежи, охрану их здоровья и динамическое наблюдение за состоянием здоровья детей и молодежи, проведение иных профилактических мероприятий среди них.

2.

Мероприятия по охране здоровья и профилактике заболеваний детей и молодежи включают в себя:

1) проведение скрининговых исследований, обязательных профилактических медицинских осмотров непосредственно в организациях образования независимо от форм собственности и у физических лиц (индивидуальных предпринимателей), предоставляющих образовательные услуги, в том числе с привлечением выездных бригад специалистов;

2) организацию оздоровительных мероприятий в учебный период и во время каникул;

3) внедрение в организациях образования и у физических лиц (индивидуальных предпринимателей), предоставляющих образовательные услуги, здоровьесберегающих технологий, направленных на укрепление здоровья, формирование здорового образа жизни, профилактику заболеваний, внедрение и соблюдение принципов здорового питания, охрану репродуктивного здоровья;

4) охрану психического здоровья, профилактику суицидального поведения и зависимостей, вызванных потреблением табачных изделий, немедицинским употреблением психоактивных веществ, а также патологическим влечением к азартным играм;

5) направление детей и молодежи на углубленное медицинское обследование по результатам профилактических осмотров;

6) вакцинацию согласно Календарю профилактических прививок;

7) организацию и проведение обучающих семинаров, тренингов и лекций по профилактике заболеваний, пропаганде и формированию здорового образа жизни среди детей и молодежи;

8) вовлечение родителей и работников организаций образования независимо от форм собственности и у физических лиц (индивидуальных предпринимателей), предоставляющих образовательные услуги, в охрану здоровья детей и молодежи с проведением образовательных и информационно-разъяснительных программ и мероприятий;

9) соблюдение требований санитарно-эпидемиологических правил и нормативов, минимальных санитарных требований и инфекционного контроля;

10) оказание первой помощи при неотложных состояниях до прибытия медицинских работников, оказывающих скорую медицинскую помощь.

3.

Организация профилактической медицинской помощи осуществляется в рамках ПГГ организациями здравоохранения, оказывающими первичную медико-санитарную помощь, на территории обслуживания которых находятся организации образования и физические лица (индивидуальные предприниматели), предоставляющие образовательные услуги.

4.

Организация деятельности профилактической медицинской помощи осуществляется местными государственными администрациями и органами местного самоуправления совместно с территориальными подразделениями уполномоченного государственного органа в сфере образования и государственными организациями общественного здравоохранения в порядке, определяемом уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения.

(В редакции Закона КР от 29 октября 2025 года № 245 )

Кыргызча
Билим берүү системасында оорулардын алдын алуу 1. Билим берүү системасында оорулардын алдын алуу балдардын жана жаштардын саламаттыгын чыңдоого, алардын ден соолугун сактоого жана балдар менен жаштардын саламаттыгына динамикалык байкоо жүргүзүүгө, алардын арасында башка профилактикалык иш-чараларын жүргүзүүгө багытталган. 2. Балдардын жана жаштардын саламаттыгын сактоо жана ооруларын алдын алуу боюнча иш-чараларга төмөнкүлөр камтылат: 1) менчигинин түрүнө карабастан түздөн-түз билим берүү уюмдарында жана билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке адамдарда (жеке ишкерлерде), анын ичинде адистердин көчмө бригадаларын тартуу менен скринингдик изилдөөлөрдү, милдеттүү профилактикалык медициналык кароолорду жүргүзүү; 2) окуу мезгилинде жана каникул убагында ден соолукту чыңдоо иш-чараларын уюштуруу; 3) билим берүү уюмдарында жана билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке адамдарда (жеке ишкерлерде) ден соолукту чыңдоого, сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга, оорулардын алдын алууга, туура тамактануу принциптерин киргизүүгө жана сактоого, репродуктивдик ден соолукту коргоого багытталган ден соолукту сактоочу технологияларды киргизүү; 4) психикалык саламаттыкты сактоо, тамеки буюмдарын, психикалык-активдүү заттарды медициналык эмес колдонуу, ошондой эле кумар оюндарына патологиялык берилип кетүү менен пайда болгон суицид жүрүм-турумунун жана көз карандылыктын алдын алуу; 5) балдарды жана жаштарды профилактикалык кароолордун жыйынтыгы боюнча тереңдетилген медициналык текшерүүгө жөнөтүү; 6) Алдын ала эмдөөлөрдүн календарына ылайык вакцинациялоо; 7) балдардын жана жаштардын арасында оорулардын алдын алуу, сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоо жана калыптандыруу боюнча окутуу семинарларын, тренингдерди жана лекцияларды уюштуруу жана өткөрүү; 8) билим берүү жана маалыматтык-түшүндүрүү программаларын жана иш-чараларды жүргүзүү менен балдардын жана жаштардын ден соолугун коргоого менчигинин түрүнө карабастан ата-энелерди жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин жана билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке жактардан (жеке ишкерлерден) тартуу; 9) санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин, минималдуу санитардык талаптардын жана инфекциялык контролдун талаптарын сактоо; 10) медициналык тез жардам көрсөтүүчү медициналык кызматкерлер келгенге чейин шашылыш абалда алгачкы жардам көрсөтүү. 3. Профилактикалык медициналык жардамды уюштуруу МКПнын алкагында баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат, алардын тейлөө аймагында билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү билим берүү уюмдары жана жеке жактар (жеке ишкерлер) жайгашкан. 4. Профилактикалык медициналык жардамдын ишин уюштуруу саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу тартипте билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү жана коомдун саламаттыгын сактоонун мамлекеттик уюмдары менен биргеликте жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылат. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)