Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 23
Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении" · ст. 23Статус: действует

Статья 23. Государственная политика по профилактике ВИЧ

1.

Государством гарантируется:

1) проведение комплексных мероприятий по профилактике ВИЧ;

2) регулярное предоставление достоверной информации населению по вопросам ВИЧ, в том числе через средства массовой информации;

3) включение в учебные программы образовательных организаций тематических разделов по вопросам ВИЧ;

4) обеспечение мер инфекционного контроля при предоставлении медицинских услуг;

5) доступ к медицинскому обследованию на ВИЧ с проведением дотестового и послетестового психосоциального консультирования на государственном или официальном языках;

6) бесплатное анонимное медицинское обследование;

7) бесплатное медицинское обследование на ВИЧ среди ключевых, целевых и уязвимых групп населения, определенных Кабинетом Министров;

8) конфиденциальность информации о факте медицинского обследования и освидетельствования на ВИЧ и его результатах;

9) обеспечение доступа ко всем видам профилактического лечения ЛЖВ в организациях здравоохранения бесплатно и на льготных условиях в соответствии с ПГГ;

10) социальная защита ЛЖВ и ЛПВ в соответствии с законодательством в сфере социальной защиты и здравоохранения;

11) выплата в установленном порядке денежной компенсации лицам, достигшим 18 лет, а также законным представителям детей, инфицированных ВИЧ, при оказании медицинской помощи в государственных или муниципальных организациях здравоохранения;

12) обеспечение безопасности условий труда, средствами индивидуальной защиты медицинского персонала и других специалистов, имеющих риск заражения ВИЧ;

13) подготовка специалистов для реализации мер по вопросам ВИЧ;

14) развитие научных исследований по проблемам ВИЧ;

15) содействие общественной и благотворительной деятельности, направленной на решение вопросов ВИЧ;

16) развитие международного сотрудничества, регулярный обмен информацией и опытом в рамках международных программ по ВИЧ;

17) анонимность при получении услуг по укреплению здоровья и профилактике ВИЧ через государственный социальный заказ в соответствии с законодательством Кыргызской Республики;

18) обеспечение прозрачности реализуемых мероприятий по ВИЧ;

19) лицам, не достигшим возраста 18 лет на день заражения ВИЧ, в связи с оказанием медицинской помощи в государственных или муниципальных организациях здравоохранения предоставляются образовательные гранты (квоты приема), выделяемые для приема в образовательные организации начального, среднего и высшего профессионального образования.

2.

В осуществлении мер по вопросам ВИЧ, включая участие в государственных, целевых и региональных программах по вопросам ВИЧ, могут принимать участие организации независимо от форм собственности, включая международные, а также частные лица и иностранные граждане на основании заключенных в установленном порядке договоров.

3.

Не допускается ЛЖВ:

1) отказ в заключении либо прекращение трудового договора в связи с ВИЧ, кроме отдельных видов профессиональной деятельности, установленных перечнем, утверждаемым Кабинетом Министров;

2) отказ в получении услуг в образовательных организациях и организациях здравоохранения независимо от форм собственности.

Кыргызча
АИВнин алдын алуу боюнча мамлекеттик саясат 1. Мамлекет тарабынан төмөнкүлөргө кепилдик берилет: 1) АИВнин алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды жүргүзүүгө; 2) калкка АИВ маселелери боюнча үзгүлтүксүз анык маалыматтарды, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу берип турууга; 3) билим берүү уюмдарынын окуу программаларына АИВ маселелери боюнча тематикалык бөлүмдөрдү киргизүүгө; 4) медициналык кызматтарды көрсөтүүдө инфекциялык контролдоо чараларын камсыз кылууга; 5) мамлекеттик жана расмий тилдерде тестке чейинки жана тесттен кийинки психикалык-социалдык кеңеш берүү менен АИВ боюнча медициналык текшерүүгө жеткиликтүүлүккө; 6) акысыз анонимдүү медициналык текшерүүгө; 7) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу калктын негизги, максаттуу жана аялуу топторунун арасында АИВ боюнча акысыз медициналык текшерүүгө; 8) АИВ боюнча медициналык текшерүү жана күбөлөндүрүү фактысы жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтардын купуялуулугуна; 9) МКПга ылайык саламаттык сактоо уюмдарында АЖАны профилактикалык дарылоонун бардык түрлөрүнө акысыз жана жеңилдетилген шарттарда жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга; 10) социалдык коргоо жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык АЖАны жана АИВден жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан коргоого; 11) саламаттык сактоонун мамлекеттик же муниципалдык уюмдарында медициналык жардам көрсөтүүдө АИВни жугузуп алган 18 жашка толгон адамдарга, ошондой эле балдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө белгиленген тартипте акчалай компенсация төлөп берүүгө; 12) АИВни жугузуп алуу тобокелдигине ээ медициналык персоналды жана башка адистерди эмгектин коопсуз шарттары жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылууга; 13) АИВ маселелери боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн адистерди даярдоого; 14) АИВ маселелери боюнча илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө; 15) АИВ маселелерин чечүүгө багытталган коомдук жана кайрымдуулук иштерине көмөк көрсөтүүгө; 16) эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, АИВ боюнча эл аралык программалардын алкагындагы үзгүлтүксүз маалымат жана тажрыйба менен алмашууга; 17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик социалдык заказ аркылуу ден соолукту чыңдоо жана АИВнин алдын алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алууда анонимдүүлүккө; 18) АИВ боюнча жүзөгө ашырылып жаткан иш-чаралардын ачык-айкындыгын камсыз кылууга; 19) саламаттык сактоонун мамлекеттик же муниципалдык уюмдарында медициналык жардам көрсөтүү менен байланыштуу АИВни жугузуп алган күнгө карата 18 жашка толо элек адамдарга баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу үчүн бөлүнүүчү билим берүү гранттары (кабыл алуу квоталары) берилет. 2. АИВ маселелери боюнча, анын ичинде АИВ маселелери боюнча мамлекеттик, максаттуу жана региондук программаларга катышуу чараларын жүзөгө ашырууга менчигинин түрүнө карабастан уюмдар, анын ичинде эл аралык уюмдар, ошондой эле белгиленген тартипте түзүлгөн келишимдердин негизинде жеке адамдар жана чет өлкөлүк жарандар катыша алышат. 3. АЖАга төмөнкүлөргө жол берилбейт: 1) Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмек менен белгиленген кесиптик иштин айрым түрлөрүнөн тышкары, АИВ боюнча байланыштуу эмгек келишимин түзүүдөн баш тартууга же болбосо аны токтотууга; 2) менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында жана саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүлөрдү алуудан баш тартууга.