Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 20
Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении" · ст. 20Статус: действует

Статья 20. Государственная политика по профилактике туберкулеза

1.

Государством гарантируется:

1) специфическая иммунопрофилактика туберкулеза;

2) медицинское обследование лиц, имевших контакт с заболевшим туберкулезом;

3) консультативно-диагностическая помощь в амбулаторных и стационарных условиях в организациях здравоохранения независимо от форм собственности;

4) профилактическое лечение;

5) предоставление информации о состоянии здоровья лица, заболевшего туберкулезом;

6) профессиональная подготовка и повышение квалификации лиц, получивших инвалидность вследствие заболевания туберкулезом, в соответствии с законодательством в сфере защиты прав и гарантий лиц с ограниченными возможностями здоровья;

7) трудоустройство лиц, получивших инвалидность вследствие заболевания туберкулезом, в организации посредством квотирования рабочих мест для лиц с ограниченными возможностями здоровья в соответствии с законодательством в сфере защиты прав и гарантий лиц с ограниченными возможностями здоровья;

8) право на обучение по образовательным программам в соответствии с государственными образовательными стандартами детям, заболевшим туберкулезом, находящимся в организациях здравоохранения, реабилитационных центрах или по состоянию здоровья в домашних условиях.

2.

Профилактическая противотуберкулезная помощь обеспечивается организациями здравоохранения, оказывающими первичную медико-санитарную, стационарную противотуберкулезную помощь в соответствии с ПГГ, также организациями службы общественного здравоохранения и другими организациями здравоохранения независимо от форм собственности посредством:

1) проведения специфической иммунопрофилактики туберкулеза согласно Календарю профилактических прививок;

2) медицинского обследования лиц, имевших контакт с лицом, заболевшим туберкулезом;

3) консультативно-диагностической помощи лицам, заболевшим туберкулезом, в амбулаторных и стационарных условиях организаций здравоохранения независимо от форм собственности;

4) профилактического лечения и предоставления лицам, заболевшим туберкулезом, бесплатной лекарственной помощи в соответствии с ПГГ;

5) предоставления диагностических услуг лицам с предполагаемым туберкулезом.

3.

Органы местного самоуправления активно участвуют в предупреждении распространения туберкулеза через реализацию мероприятий по профилактике туберкулеза и формированию здорового образа жизни, информирование населения о туберкулезе через средства массовой информации, социальные сети, проведение мероприятий для просвещения населения о туберкулезе, оказание социальной помощи заболевшим туберкулезом, относящимся к нетрудоспособным, малообеспеченным и другим уязвимым группам населения.

Кыргызча
Кургак учуктун алдын алуу боюнча мамлекеттик саясат 1. Мамлекет төмөндөгүлөргө кепилдик берет: 1) кургак учукту өзгөчө иммунопрофилактикалоо; 2) кургак учук менен ооругандар менен байланышта болгон адамдарды медициналык текшерүү; 3) менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында амбулатордук жана стационардык шарттарда консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү; 4) профилактикалык дарылоо; 5) кургак учук менен ооруган адамдын ден соолугу жөнүндө маалымат берүү; 6) кургак учук менен ооруунун кесепетинен майыптык алган адамдарды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын жана кепилдиктерин коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу; 7) кургак учук менен ооруунун кесепетинен майыптык алган адамдарды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын жана кепилдиктерин коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо аркылуу уюмдарга ишке орноштуруу; 8) саламаттык сактоо уюмдарындагы, реабилитациялык борборлордогу же ден соолугу боюнча үй шартында жүргөн кургак учук менен ооруган балдарга мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү программалары боюнча окуу укугу. 2. Кургак учукка каршы профилактикалык жардам МКПга ылайык алгачкы медициналык-санитардык, кургак учукка каршы стационардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле коомдун саламаттыгын сактоо кызматынын уюмдары жана менчигинин түрүнө карабастан башка саламаттык сактоо уюмдары тарабынан төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат: 1) Алдын ала эмдөөлөрдүн календарына ылайык кургак учукту өзгөчө иммунопрофилактикалоону жүргүзүү; 2) кургак учук менен ооруган адам менен байланышта болгон адамдарды медициналык текшерүү; 3) кургак учук менен ооруган адамдарга менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын амбулатордук жана стационардык шарттарында консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү; 4) кургак учук менен ооруган адамдарды профилактикалык дарылоо жана аларга МКПга ылайык акысыз дары-дармектик жардам көрсөтүү; 5) кургак учук менен болжолдуу ооруган адамдарга диагностикалык кызматтарды көрсөтүү. 3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кургак учуктун алдын алуу жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, калкка жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармактар аркылуу кургак учук жөнүндө маалымдоо, кургак учук жөнүндө калкка билим берүү үчүн иш-чараларды жүргүзүү, эмгекке жарамсыздарга, аз камсыз болгондорго жана калктын башка аялуу топторуна кирген кургак учук менен ооругандарга социалдык жардам көрсөтүү аркылуу кургак учуктун таркап кетүүсүн алдын алууга активдүү катышат.