Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 99
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · ст. 99Статус: действует

Статья 99. Профилактика сахарного диабета

1.

Первичная профилактика сахарного диабета регулируется законодательством в сфере общественного здравоохранения. Объектами вторичной профилактики являются все лица с сахарным диабетом.

2.

Обучение пациента с сахарным диабетом основам самоконтроля за своим заболеванием является обязательным, для чего проводится обучение медицинских работников, организация и расширение сети школ для обучения пациентов методам самопомощи в борьбе с диабетом, с вовлечением в работу сельских комитетов здоровья, инициативных групп, общественных объединений.

3.

Порядок проведения обучения лиц с сахарным диабетом основам самоконтроля определяется уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения.

4.

Профилактика тяжелых осложнений сахарного диабета, приводящих к ранней инвалидизации и преждевременной смерти, осуществляется в соответствии со стандартами, утвержденными уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения.

5.

Порядок обеспечения лиц с сахарным диабетом, входящих в группу риска по ампутации нижних конечностей, ортопедической обувью и стельками, а лиц с ампутированными конечностями - протезами и средствами передвижения определяется Кабинетом Министров.

Кыргызча
Кант диабетин алдын алуу 1. Кант диабетин алгачкы алдын алуу коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен жөнгө салынат. Экинчи жолку алдын алуунун объекттери болуп кант диабети менен ооруган бардык адамдар саналат. 2. Кант диабети менен ооруган бейтапты өз оорусун өзү контролдоонун негиздерине окутуу милдеттүү болуп саналат, бул үчүн айылдык ден соолук комитеттерин, демилгелүү топторду, коомдук бирикмелерди ишке тартуу менен медицина кызматкерлерин окутуу, бейтаптарды кант диабети менен күрөшүүдө өзүнө-өзү жардам көрсөтүү методдоруна окутуу үчүн мектептер түйүнүн уюштуруу жана кеңейтүү жүргүзүлөт. 3. Кант диабети менен ооруган адамдарды өзүн-өзү контролдоонун негиздерине окутуунун тартиби саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат. 4. Майыптыкка жана мөөнөтүнөн мурда өлүмгө алып келүүчү кант диабетинин оор өтүшүп кетүүсүн алдын алуу саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген стандарттарга ылайык жүзөгө ашырылат. 5. Буттарын ампутациялоо боюнча тобокелдик тобуна кирген кант диабети менен ооруган адамдарды ортопедиялык бут кийим жана батектер, ал эми буттары ампутацияланган адамдарды протездер жана кыймылдоо каражаттары менен камсыз кылуунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.