Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 57
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · гл. 4Статус: действует

Статья 57. Репродуктивные права граждан

1.

Каждый имеет право на всеобъемлющие, доступные услуги по охране сексуального и репродуктивного здоровья, как неотъемлемую часть охраны здоровья.

2.

Граждане, независимо от семейного положения, имеют право контролировать и принимать свободное, ответственное решение относительно числа детей, времени их рождения, интервалов между рождениями, в том числе с использованием современных методов регулирования рождаемости.

3.

Граждане имеют право на доступ к существующим безопасным технологиям по защите репродуктивного здоровья, включая контрацепцию, планирование семьи, прерывание беременности, а также диагностику и лечение от бесплодия, болезней, передаваемых половым путем, в том числе ВИЧ.

4.

Граждане имеют право на использование методов искусственного оплодотворения: инсеминацию, имплантацию и экстракорпоральное оплодотворение.

5.

Граждане, независимо от медицинских показаний и семейного положения, имеют право на родительство с использованием метода суррогатного материнства.

6.

Граждане имеют право на криоконсервацию и хранение своих половых клеток, тканей репродуктивных органов и эмбрионов. Использовать половые клетки, находящиеся на хранении, в целях воспроизводства потомства, в случае смерти лица имеют право супруг (супруга), отец, мать, дети, родные братья и сестры.

7.

Совершеннолетние граждане, соматически и психически здоровые, прошедшие медико-генетическое обследование, имеют право быть анонимными и не анонимными донорами половых клеток. Анонимные доноры не имеют право на информацию о судьбе своих половых клеток.

8.

Женщины, независимо от семейного положения, имеют право на независимый репродуктивный выбор, включая выбор безопасного аборта.

9.

Граждане, достигшие брачного возраста, имеют право на добровольное применение хирургического метода стерилизации.

Кыргызча
Жарандардын репродуктивдик укуктары 1. Ар бир адам саламаттыкты сактоонун ажырагыс бөлүгү катары сексуалдык жана репродуктивдик саламаттыкты сактоо боюнча бардыгын камтыган жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөргө укуктуу. 2. Жарандар үй-бүлөлүк абалына карабастан балдардын саны, алардын төрөлүү убактысы, төрөттөрдүн ортосундагы аралык боюнча, анын ичинде төрөлүүнү жөнгө салуунун заманбап методдорун колдонуу менен эркин, жооптуу чечим кабыл алууга жана контролдоого укуктуу. 3. Жарандар репродуктивдик саламаттыкты коргоо боюнча болгон коопсуз технологияларга, анын ичинде контрацепцияга, үй-бүлөнү пландоого, кош бойлуулукту токтотууга, ошондой эле тукумсуздукту, жыныстык жол менен жугуучу ооруларды, анын ичинде АИВди аныктоого жана дарылоого жеткиликтүү болууга укуктуу. 4. Жарандар жасалма уруктандыруу методдорун: инсеминацияны, имплантациялоону жана экстракорпоралдык уруктандырууну пайдаланууга укуктуу. 5. Жарандар медициналык көрсөткүчтөргө жана үй-бүлөлүк абалына карабастан карын энелик методду пайдалануу менен ата-эне болуу укугуна ээ. 6. Жарандар өздөрүнүн жыныс клеткаларын, репродуктивдик органдарынын ткандарын жана эмбриондорун криоконсервациялоого жана сактоого укуктуу. Сакталып турган жыныс клеткаларын адам өлүп калган учурда тукум улоо максатында пайдаланууга жубайы, атасы, энеси, балдары, бир туугандары укуктуу. 7. Соматикалык жана психикалык жактан дени сак, медициналык-генетикалык текшерүүдөн өткөн жашы жеткен жарандар жыныс клеткаларынын анонимдүү жана анонимдүү эмес донорлору боло алышат. Анонимдүү донорлордун өзүнүн жыныс клеткаларынын тагдыры жөнүндө маалыматты билүүгө укугу жок. 8. Аялдар үй-бүлөлүк абалына карабастан көз карандысыз репродуктивдик тандоого, анын ичинде коопсуз абортту тандоого укуктуу. 9. Нике курагына жеткен жарандар хирургиялык жол менен уруксуздандыруу методун ыктыярдуу колдонууга укуктуу.