Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 180
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · гл. 14Статус: действует

Статья 180. Ответственность организаций здравоохранения

1.

Организации здравоохранения независимо от форм собственности, оказывающие медико-санитарную помощь, несут ответственность за причиненный ущерб здоровью граждан в порядке и объеме, определенных законодательством о здравоохранении, гражданским законодательством, законодательством Кыргызской Республики о правонарушениях и уголовным законодательством Кыргызской Республики.

2.

Ответственность государственных и муниципальных организаций здравоохранения не распространяется на денежные средства и имущество, направляемые на мероприятия, связанные с оказанием медицинских и профилактических услуг населению.

3.

Организации здравоохранения не несут ответственности за ущерб, нанесенный здоровью пациента при несоблюдении им предписаний лечащего врача.

4.

Решения, действия (бездействие) медицинских работников, иных специалистов, работников социального обеспечения и образования, врачебных комиссий, ущемляющие права и законные интересы граждан при оказании им медицинской помощи, могут быть обжалованы в порядке, предусмотренном законодательством Кыргызской Республики об основах административной деятельности и административных процедурах и о прокуратуре Кыргызской Республики.

Кыргызча
Саламаттык сактоо уюмдарынын жоопкерчилиги 1. Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары менчигинин түрүнө карабастан жарандардын ден соолугуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жөнүндө мыйзамдарында, жарандык мыйзамдарында, укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында жана кылмыш-жаза мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө жоопкерчилик тартышат. 2. Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын жоопкерчилиги калкка медициналык жана алдын алуучулук кызмат көрсөтүүлөр менен байланышкан иш-чараларга багытталуучу акча каражаттарына жана мүлккө жайылтылбайт. 3. Бейтап дарылоочу врачтын жазма буйругун сактабаганда, анын ден соолугуна келтирилген зыян үчүн саламаттык сактоо уюмдары жооп бербейт. 4. Медицина кызматкерлеринин, башка адистердин, социалдык камсыздоо жана билим берүү кызматкерлеринин, врачтык комиссиялардын жарандарга медициналык жардам көрсөтүүдө, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кемсинтүүчү чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.