Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 131
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · гл. 10Статус: действует

Статья 131. Медико-социальная экспертиза

1.

Медико-социальная экспертиза проводится в целях определения степени утраты гражданами трудоспособности, причин и групп инвалидности, а также мер социальной защиты граждан, в том числе медицинской реабилитации. Медико-социальная экспертиза проводится организациями медико-социальной экспертизы. В учреждениях уголовно-исполнительной системы медико-социальная экспертиза лиц, осужденных к лишению свободы, проводится в порядке, определяемом Кабинетом Министров. Порядок создания и деятельности организаций медико-социальной экспертизы определяется Кабинетом Министров.

2.

Решение организаций медико-социальной экспертизы является обязательным для исполнения соответствующими органами государственной власти, органами местного самоуправления, иными лицами.

3.

Гражданин или его законный представитель имеет право на приглашение по своему заявлению любого врача-специалиста с его согласия для участия в проведении медико-социальной экспертизы.

4.

Заключение медико-социальной экспертизы может быть обжаловано в вышестоящую организацию или суд гражданином или его законным представителем в порядке, установленном законодательством Кыргызской Республики об административной деятельности и административных процедурах.

Кыргызча
Медициналык-социалдык экспертиза 1. Медициналык-социалдык экспертиза жарандардын эмгекке жарамдуулугун жоготуусунун даражасын, майыптыктын себептерин жана топторун, ошондой эле жарандарды социалдык коргоо чараларын, анын ичинде медициналык реабилитациялоону аныктоо максатында жүргүзүлөт. Медициналык-социалдык экспертиза медициналык-социалдык экспертиза уюмдары тарабынан жүргүзүлөт. Жазык-аткаруу системасынын мекемелеринде эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга медициналык-социалдык экспертиза Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жүргүзүлөт. Медициналык-социалдык экспертиза уюмдарын түзүүнүн жана алардын ишинин тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 2. Медициналык-социалдык экспертиза уюмдарынын чечими мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка адамдардын аткарышы үчүн милдеттүү болуп саналат. 3. Жаран же анын мыйзамдуу өкүлү өзүнүн арызы боюнча медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүүгө катышуу үчүн кайсы болбосун врач-адисти анын макулдугу боюнча чакырууга укуктуу. 4. Медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу жогору турган уюмга же сотко жаран же анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.