Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 122
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · ст. 122Статус: действует

Статья 122. Организация донорства крови и ее компонентов

1.

Заготовку, переработку, хранение донорской крови и ее компонентов осуществляет служба крови.

Взятие крови и ее компонентов проводится после медицинского обследования донора в соответствии со стандартами и порядком, установленными уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения. Прохождение медицинского обследования донором обязательно.

Результат обследования донора должен быть документирован и любые отклонения от нормы сообщаются донору.

2.

Безопасность донорской крови, ее компонентов и препаратов обеспечивается путем соблюдения установленных требований к медицинскому освидетельствованию доноров, безопасности и качеству при производстве продуктов крови для медицинского применения, утвержденных уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения.

Качество крови и ее компонентов контролируется отделом качества организации здравоохранения, осуществляющим заготовку, переработку, хранение донорской крови и ее компонентов. Проведение оценки качества лабораторных исследований, выполняемых в организациях, осуществляющих деятельность в сфере службы крови, осуществляет республиканская лаборатория службы крови.

3.

Организации здравоохранения и медицинские работники, осуществляющие переливание донорской крови, ее компонентов и препаратов, обязаны обеспечить соблюдение соответствующих требований по их безопасному применению, а также порядка оказания трансфузионной помощи.

4.

Донорская кровь, ее компоненты и препараты не могут использоваться или передаваться для реализации до прохождения контроля качества.

5.

В случаях стихийных бедствий, эпидемий, эпизоотий и других чрезвычайных обстоятельств на всей территории Кыргызской Республики или в отдельных ее местностях организация донорства крови и ее компонентов осуществляется в порядке, установленном Кабинетом Министров.

6.

Финансирование всех мероприятий по организации донорства крови и ее компонентов в таких случаях осуществляется за счет резервного фонда Кабинета Министров.

Кыргызча
Кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштуруу 1. Донордук канды жана анын компоненттерин даярдоону, кайра иштетүүнү, сактоону кан кызматы жүзөгө ашырат. Кан жана анын компоненттерин алуу саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген стандарттарга жана тартипке ылайык донорду медициналык жактан текшергенден кийин жүргүзүлөт. Донордун медициналык текшерүүдөн өтүшү милдеттүү болуп эсептелет. Донорду текшерүүнүн жыйынтыгы документтештирилүүгө тийиш жана ченемден кандай болбосун четтөөлөр донорго билдирилет. 2. Донордук кандын, анын компоненттеринин жана препараттарынын коопсуздугу донорлорду медициналык күбөлөндүрүүгө, медициналык пайдалануу үчүн кан продуктуларын өндүрүүдө коопсуздукка жана сапатка карата саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген талаптарды сактоо жолу менен камсыздалат. Кандын жана анын компоненттеринин сапаты донордук канды жана анын компоненттерин даярдоону, кайра иштетүүнү, сактоону жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмунун сапат бөлүмү тарабынан контролдонот. Кан кызматы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдарда аткарылуучу лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатына баалоо жүргүзүүнү кан кызматынын республикалык лабораториясы жүзөгө ашырат. 3. Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын куюштурууну жүзөгө ашырып жаткан саламаттык сактоо уюмдары жана медициналык кызматкерлер аларды коопсуз пайдалануу боюнча тиешелүү талаптарды, ошондой эле транфузиялык жардам көрсөтүүнүн тартибин сактоону камсыз кылууга милдеттүү. 4. Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын сапат контролунан өткөнгө чейин колдонуу же сатуу үчүн берүүгө болбойт. 5. Табигый кырсыктарда, эпидемияларда, эпизоотияларда жана Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же анын айрым жерлеринде башка өзгөчө кырдаалдарда кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштуруу Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 6. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштуруу боюнча бардык иш-чараларды каржылоо мындай учурларда Министрлер Кабинетинин резервдик фондунун эсебинен жүзөгө ашырылат.