Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 116
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · гл. 8Статус: действует

Статья 116. Оказание медицинской помощи лицам, зараженным ВИЧ-инфекцией, контактным лицам

1.

Граждане Кыргызской Республики, иностранцы, лица без гражданства, беженцы, зараженные ВИЧ-инфекцией, постоянно проживающие на территории Кыргызской Республики, и дети, рожденные от зараженных ВИЧ-инфекцией матерей с неустановленным диагнозом, подлежат динамическому наблюдению и обеспечению лекарственными средствами в организациях здравоохранения бесплатно и на льготных условиях в соответствии с Программой государственных гарантий.

2.

Медицинская помощь лицам, зараженным ВИЧ-инфекцией, в том числе иностранцам и лицам без гражданства, свобода которых ограничена, отбывающим наказание по приговору суда в местах лишения свободы, задержанным, заключенным под стражу и помещенным в специальные учреждения, оказывается в рамках гарантированного объема бесплатной медицинской помощи ведомственными медико-санитарными службами либо государственными или муниципальными организациями здравоохранения на основе заключенных договоров в порядке, устанавливаемом Кабинетом Министров.

Кыргызча
АИВ-инфекциясын жуктурган адамдарга, байланышта болгон адамдарга медициналык жардам көрсөтүү 1. АИВ-инфекциясын жуктурган, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүктөр, жарандыгы жок адамдар, качкындар жана ырасталбаган диагнозу бар АИВ-инфекциясын жуктурган энелерден төрөлгөн балдар Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык саламаттык сактоо уюмдарында динамикалык байкоого алынууга жана дары каражаттары менен акысыз жана жеңилдетилген шарттарда камсыз кылынууга тийиш. 2. АИВ-инфекциясын жуктурган адамдарга, анын ичинде чет өлкөлүктөргө жана эркиндиги чектелген, соттун өкүмү менен эркиндигинен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан жарандыгы жок адамдарга, кармалган, камакка алынган жана атайын мекемелерге жайгаштырылган адамдарга медициналык жардам ведомстволук медициналык-санитардык кызматтар же болбосо мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан Министрлер Кабинети бекиткен тартипте түзүлгөн келишимдердин негизинде акысыз медициналык жардамдын кепилденген көлөмүнүн алкагында көрсөтүлөт.