Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 6
Закон КР от 13 марта 2014 года № 41 "Об охоте и охотничьем хозяйстве" · гл. 2Статус: действует

Статья 6. Полномочия уполномоченного государственного органа в сфере охоты и охотничьего хозяйства

1.

Уполномоченный государственный орган в сфере охоты и охотничьего хозяйства создается (определяется) в порядке, устанавливаемом Правительством Кыргызской Республики.

2.

В ведении уполномоченного государственного органа в сфере охоты и охотничьего хозяйства находится государственный охотничий фонд Кыргызской Республики.

3.

Уполномоченный государственный орган в сфере охоты и охотничьего хозяйства осуществляет свою деятельность в тесном взаимодействии с государственными органами исполнительной власти Кыргызской Республики, местными государственными администрациями и органами местного самоуправления, а также иными юридическими и физическими лицами.

4.

К функциям уполномоченного государственного органа в сфере охоты и охотничьего хозяйства относятся:

1) разработка нормативных правовых актов в сфере охоты и охотничьего хозяйства;

2) регулирование ведения охотхозяйственной деятельности юридическими лицами (охотпользователями), в том числе:

а) проведение конкурсов на получение юридическими лицами права ведения охотхозяйственной деятельности на определенных охотничьих угодьях;

б) заключение/расторжение с юридическими лицами договоров о ведении охотхозяйственной деятельности;

в) согласование охотхозяйственных планов охотпользователей;

г) разработка и утверждение методической инструкции по осуществлению мониторинга охотничьих животных;

д) установление параметров учета охотпользователями добытых охотничьих животных;

3) регулирование получения физическими лицами статуса охотника и реализации их права на осуществление охоты, в том числе:

а) организация и координация работ по составлению, опубликованию охотничьего минимума и сдаче экзаменов по нему;

б) оформление, выдача, изъятие, возвращение, аннулирование и признание недействительными в установленном порядке государственных охотничьих удостоверений, разрешений на специальное пользование охотничьими животными и идентификационных карт (паспортов) на изъятых из природной среды и содержащихся в неволе ловчих хищных птиц и других охотничьих животных;

в) координация изготовления, выдачи и уничтожения пломб (бирок, колец, микрочипов);

г) осуществление оформления, выдачи, приостановления действия, изъятия, возврата, аннулирования в установленном порядке разрешений на вывоз охотничьих животных, не подпадающих под действие Конвенции по международной торговле видами дикой фауны и флоры, находящихся под угрозой исчезновения (далее - Конвенция CITES), за пределы Кыргызской Республики и разрешений на ввоз/вывоз охотничьих животных, их частей или дериватов, подпадающих под действие Конвенции CITES, в/за пределы Кыргызской Республики, а также справок на ввоз/вывоз в/за пределы Кыргызской Республики ловчих хищных птиц с целью проведения охоты или участия в выставках, соревнованиях и других мероприятиях;

д) проведение регистрации изъятых из природной среды и содержащихся в неволе ловчих хищных птиц и других охотничьих животных и содержащих их юридических и физических лиц;

4) осуществление государственного охотничьего контроля и надзора над деятельностью и действиями юридических и физических лиц в сфере охоты и охотничьего хозяйства, в том числе:

а) оказание содействия охотпользователям в организации и осуществлении производственного охотничьего контроля;

б) принятие к рассмотрению поступающих материалов и сведений государственного, производственного и общественного охотничьего контроля;

в) составление протоколов о нарушениях законодательства в сфере охраны окружающей среды и природопользования и нанесении ущерба объектам животного мира и их среде обитания;

г) наложение в установленном порядке на виновных лиц штрафов и иных административных взысканий, при необходимости - передача в установленном порядке дел на рассмотрение в правоохранительные и судебные органы для привлечения виновных лиц к установленной ответственности;

д) осуществление проверок деятельности охотпользователей на предмет соблюдения условий договоров о ведении охотхозяйственной деятельности;

е) предъявление в установленном порядке по выявленным нарушениям юридическим и физическим лицам исков о возмещении ущерба, нанесенного животному, а также растительному миру вследствие нарушения законодательства об охране окружающей среды, об использовании объектов животного и растительного мира и среды их обитания;

5) проведение при необходимости биотехнических мероприятий в охотугодьях, на которых не предоставлено юридическим лицам право ведения охотхозяйственной деятельности;

6) обеспечение осуществления регулярного мониторинга за состоянием охотничьих ресурсов и среды их обитания;

7) ведение кадастра охотничьих ресурсов;

8) координация и осуществление работ по проведению межхозяйственного охотустройства;

9) организация и осуществление совместно с государственной ветеринарией ветеринарно-санитарных, профилактических мер и мероприятий по выявлению, предотвращению возникновения и распространения заразных болезней животных, в том числе общих для человека и животных, а также принятие мер по их ликвидации;

10) участие в представлении Кыргызской Республики в отношении охотничьих животных и среды их обитания на международном уровне в рамках своей компетенции;

11) разработка и реализация государственных программ по охотхозяйственной деятельности, научным исследованиям, сохранению, воспроизводству и устойчивому использованию охотничьих ресурсов;

12) осуществление в установленном порядке сбора и экологической информации обмена ею в рамках республиканской, региональных и межгосударственных экологических информационных систем; сотрудничество с зарубежными и международными организациями в сфере охотхозяйственной деятельности;

13) взаимодействие в установленном порядке с государственными органами, местными государственными администрациями и органами местного самоуправления, населением и другими заинтересованными лицами;

14) осуществление пропаганды и распространения знаний об охотничьих ресурсах и среде их обитания;

15) оказание консультационной и методической помощи, финансового содействия и иных услуг юридическим лицам по ведению охотхозяйственной деятельности.

5.

Уполномоченный государственный орган в сфере охоты и охотничьего хозяйства имеет право:

1) взимать плату за выдачу государственных охотничьих удостоверений и разрешительных документов;

2) выступать самостоятельно в качестве истца и ответчика в судебных органах;

3) запрашивать и получать в установленном порядке от юридических и физических лиц (в том числе иностранных), осуществляющих деятельность в сфере сохранения, воспроизводства и использования охотничьих ресурсов и среды их обитания, справки, сведения, отчеты и документы (их копии);

4) взаимодействовать со средствами массовой информации, общественными объединениями и физическими лицами по вопросам, отнесенным к его полномочиям;

5) привлекать к своей работе на добровольной основе физических и юридических лиц.

6.

Уполномоченный государственный орган в сфере охоты и охотничьего хозяйства обязан осуществлять свою деятельность в строгом соответствии с законодательством Кыргызской Республики и Положением об уполномоченном государственном органе в сфере охоты и охотничьего хозяйства.

7.

Уполномоченный государственный орган в сфере охоты и охотничьего хозяйства и его должностные лица несут ответственность за свои противоправные действия (бездействие) в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.

Кыргызча
Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары 1. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлөт (аныкталат). 2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мергенчилик фонду аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында болот. 3. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара тыгыз аракеттенүү менен жүзөгө ашырат. 4. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иш-милдеттерине төмөнкүлөр кирет: 1) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу; 2) юридикалык жактардын (аңчылыкты пайдалануучулардын) мергенчилик чарбалык иштерди жүргүзүүсүн жөнгө салуу, анын ичинде: а) юридикалык жактардын белгилүү бир мергенчилик кылуучу жерлерде мергенчилик чарбасын жүргүзүү укугун алуусуна сынактарды өткөрүү; б) юридикалык жактар менен мергенчилик чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишимдерди түзүү/бузуу; в) аңчылыкты пайдалануучулардын аңчылык пландарын макулдашуу; г) аңчылык жаныбарларынын мониторингин жүзөгө ашыруу боюнча усулдук нускамаларды иштеп чыгуу жана бекитүү; д) аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан олжолонгон аңчылык жаныбарларынын эсебин алуу параметрлерин белгилөө; 3) жеке жактар тарабынан аңчынын статусун алуусун жана аңчылыкты жүзөгө ашырууга алардын укугунун ишке ашырылышын жөнгө салуу, анын ичинде: а) мергенчилик минимумун түзүү, жарыялоо жапа ал боюнча экзамен тапшыруу боюнча иштерди уюштуруу жана координациялоо; б) мамлекеттик мергенчилик ырастамаларын, аңчылык жаныбарларын атайын пайдаланууга уруксаттарды жана табигый чөйрөдөн алынган жана колдо кармалган алгыр жырткыч куштарга жана башка аңчылык жаныбарларына идентификациялык карталарды (паспортторду) белгиленген тартипте жол-жоболоштуруу, берүү, алып коюу, кайтарып берүү, жокко чыгаруу жана жараксыз деп таануу; в) пломбаларды (биркаларды, шакекчелерди, микрочиптерди) даярдоону, берүүнү жана жок кылууну координациялоо; г) жапайы фаунанын жана флоранын жоголуп кетүү коркунучу алдында турган түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча Конвенциянын (мындан ары - CITES Конвенциясы) колдонулушуна туура келбеген аңчылык жаныбарларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгарууга уруксаттарды жана CITES Конвенциясынын колдонулушуна туура келген аңчылык жаныбарларын, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын Кыргыз Республикасын чегине алып келүүгө/чегинен тышкары алып чыгарууга уруксаттарды, ошондой эле аңчылык жасоого же көргөзмөлөргө, мелдештерге жана башка иш-чараларга катышуу максатында алгыр жырткыч куштарды Кыргыз Республикасына алып келүүгө/чегинен тышкары алып чыгарууга маалымкаттарды белгиленген тартипте жол-жоболоштурууну, берүүнү, колдонулушун токтото турууну, алып коюуну, кайтарып берүүнү, жокко чыгарууну жүзөгө ашыруу; д) табигый чөйрөдөн алынган жана колдо кармалган алгыр жырткыч куштарды жана башка аңчылык жаныбарларын жана аларды баккан юридикалык жана жеке жактарды каттоону жүргүзүү; 4) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү юридикалык жана жеке жактардын ишине жана аракеттерине мамлекеттик мергенчилик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, анын ичинде: а) өндүрүштүк мергенчилик контролду уюштурууда жана жүзөгө ашырууда аңчылыкты пайдалануучуларга көмөк көрсөтүү; б) мамлекеттик, өндүрүштүк жана коомдук мергенчилик контролдун келип түшкөн материалдарын жана маалыматтарын кароого кабыл алуу; в) айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулар жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине жана алардын жашоо чөйрөсүнө залал келтирүү жөнүндө протоколдорду түзүү; г) күнөөлүү адамдарга белгиленген тартипте айыптарды салуу жана башка администрациялык жазаларды колдонуу, зарыл болгондо - күнөөлүү аламдарды белгиленген жоопкерчиликке тартуу үчүн иштерди укук коргоо жана сот органдарынын кароосуна белгиленген тартипте өткөрүп берүү; д) мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдердин шарттарын сактоо предметине аңчылыкты пайдалануучулардын ишин текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу; е) айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин жана алардын жашоо чөйрөсүн пайдалануу жөнүндө мыйзамдарды бузуунун кесепетинен жаныбарлар, ошондой эле өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген залалдын ордун толтуруу жөнүндө доолорду табылган тартип бузуулар боюнча юридикалык жана жекече жактарга белгиленген тартипте коюу; 5) юридикалык жактарга мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу берилбеген мергенчилик кылуучу жерлерде зарыл болгондо биотехникалык иш-чараларды жүргүзүү; 6) аңчылык ресурстарынын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн абалына ар дайым мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу; 7) аңчылык ресурстарынын кадастрын жүргүзүү; 8) чарбалар аралык аңчылык жүргүзүүнү уюштуруу боюнча иштерди координациялоо жана жүзөгө ашыруу; 9) жаныбарлардын, анын ичинде адамдар жана жаныбарлар үчүн жалпы жугуштуу ооруларды табуу, пайда болуусунун жана жайылып кетишинин алдын алуу боюнча ветеринардык-санитардык, профилактикалык чараларды жана иш-чараларды мамлекеттик ветеринария менен бирдикте уюштуруу жана жүзөгө ашыруу; 10) аңчылык жаныбарларына жана алардын жашоо чөйрөсүнө карата эл аралык деңгээлде Кыргыз Республикасынын атынан өз компетенциясынын чегинде чыгууга катышуу; 11) мергенчилик чарба иштери, илимий изилдөөлөр, аңчылык ресурстарын сактоо, аларды көбөйтүү жана туруктуу пайдалануу боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; 12) республикалык, региондук жана мамлекеттер аралык экологиялык маалымат тутумдарынын алкагында белгиленген тартипте экологиялык маалыматтарды жыйноону жана алмашууну; чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен мергенчилик чарба иши чөйрөсүндө кызматташууну жүзөгө ашыруу; 13) мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, калк жана башка кызыкдар жактар менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенүү; 14) аңчылык ресурстары жана алардын жашоо чөйрөсү тууралуу билимдерди пропагандалоону жана жайылтууну жүзөгө ашыруу; 15) мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү боюнча юридикалык жактарга кеңеш берүү жана усулдук жардамдарды көрсөтүү, финансылык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө көмөктөшүү. 5. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө укуктуу: 1) мамлекеттик мергенчилик ырастамаларды жана уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн төлөм алууга; 2) сот органдарында доогер жана жоопкер катары өз алдынча чыгууга; 3) аңчылык ресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактардан (анын ичинде чет өлкөлүк) маалымкаттарды, маалыматтарды, отчетторду жана документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) белгиленген тартипте сурап алууга жана алууга; 4) өзүнүн ыйгарым укуктарына киргизилген маселелер боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук бирикмелер жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүгө; 5) жеке жана юридикалык жактарды ыктыярдуу негизде өзүнүн ишине тартууга. 6. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө Жобого ылайык жүзөгө так ашырууга милдеттүү. 7. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын кызмат адамдары өздөрүнүн укукка каршы аракеттери (аракетсиздиги) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.