Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 21
Закон КР от 19 октября 2013 года № 195 "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике" · гл. 3Статус: действует

Статья 21. Отказ в выдаче лицензии и (или) разрешения

1.

Основанием отказа в выдаче лицензии и (или) разрешения являются:

1) наличие предусмотренного законодательством запрета на осуществление определенного вида деятельности для данной категории субъектов;

2) наличие решения суда, запрещающего заявителю заниматься данным видом деятельности;

3) предоставление заявителем недостоверной или неполной информации;

4) если документы, предоставленные заявителем, не соответствуют требованиям, установленным настоящим Законом и Положением о лицензировании отдельных видов деятельности, утверждаемым Кабинетом Министров Кыргызской Республики;

5) невнесение государственной пошлины за рассмотрение и выдачу лицензии и (или) разрешения.

2.

Лицензиар вправе дать письменный отказ только один раз с изложением полных оснований для отказа.

3.

В случае устранения оснований отказа, указанных в пунктах 3 - 5 части 1 настоящей статьи, заявление подлежит повторному рассмотрению. При этом срок рассмотрения заявления и выдачи лицензии и (или) разрешения начинает исчисляться со дня предоставления заявления на повторное рассмотрение.

Не допускается отказ по ранее рассмотренным документам заявителя.

4.

Запрещается отказ в выдаче лицензии и (или) разрешения по иным основаниям, не предусмотренным настоящей статьей.

5.

При отказе в выдаче лицензии и (или) разрешения лицензиар, в сроки, установленные для выдачи лицензии и (или) разрешения, обязан уведомить заявителя лицензии и (или) разрешения о принятом решении в письменной форме с указанием причин отказа.

(В редакции Законов КР от 21 января 2022 года № 11, 28 февраля 2025 года № 49 )

Кыргызча
Лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартуу 1. Лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартууга төмөнкүлөр негиз болуп саналат: 1) субъекттердин бул категориясы үчүн иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырууга мыйзамда каралган тыюу салуу болсо; 2) арыз ээсине иштин ушул түрү менен алектенүүгө тыюу салган соттун чечими болсо; 3) арыз ээси тарабынан так эмес же толук эмес маалымат берилсе; 4) эгерде арыз ээси берген документтер ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе; 5) лицензияны жана (же) уруксатты кароо жана берүү үчүн мамлекеттик алымдын төлөнбөшү. 2. Лицензия берүүчү баш тартуунун толук негиздерин баяндоо менен бир жолу гана жазуу жүзүндө баш тартуу берүү укугуна ээ. 3. Ушул берененин биринчи бөлүгүнүн 3-5-пункттарында көрсөтүлгөн баш тартуунун негиздери жокко чыгарылган учурда, арыз кайрадан каралууга тийиш. Мында арызды кароонун жана лицензияны жана (же) уруксатты берүүнүн мөөнөтү кайрадан кароого арыз берилген күндөн тартып эсептеле баштайт. Арыз берүүчүнүн мурда каралган документтери боюнча баш тартууга жол берилбейт. 4. Ушул беренеде каралбаган башка негиздер боюнча лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартууга тыюу салынат. 5. Лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартылган учурда лицензия берүүчү лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн белгиленген мөөнөттөрдө баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу жүзүндө лицензия жана (же) уруксат алуучуга кабарлоого милдеттүү. (КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11, 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)