Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 2
Закон КР от 23 мая 2012 года № 64 "О мирных собраниях" · гл. 1Статус: действует

Статья 2. Законодательство, регулирующее проведение собраний

1.

При обеспечении права на свободу мирных собраний государственные органы и органы местного самоуправления руководствуются Конституцией Кыргызской Республики, настоящим Законом, вступившими в установленном законом порядке в силу международными договорами, участницей которых является Кыргызская Республика, а также общепризнанными принципами и нормами международного права. Законы и иные нормативные правовые акты не должны противоречить настоящему Закону.

2.

Пользование правом на свободу мирных собраний не может быть ограничено, за исключением случаев, установленных законом в целях защиты национальной безопасности, общественного порядка, охраны здоровья и нравственности населения или защиты прав и свобод других лиц. Вводимое ограничение пользования правом на свободу мирных собраний должно быть соразмерным указанным целям.

3.

Запрещается принятие подзаконных нормативных правовых актов, ограничивающих право на свободу мирных собраний.

Кыргызча
Чогулуштарды өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдар 1. Тынч чогулуштарга эркиндик укугун камсыз кылууда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул Мыйзамды, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин жетекчиликке алышат. Мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамга карама-каршы келбөөгө тийиш. 2. Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо же башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максаттарында мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, тынч чогулуштарга эркиндик укугунан пайдалануунун чектелиши мүмкүн эмес. Тынч чогулуштарга эркиндик укугунан пайдаланууга киргизилген чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга теңдеш болушу керек. 3. Тынч чогулуштарга эркиндик укугун чектөөчү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат.