Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 10
Закон КР от 13 июля 2011 года № 95 "Об основах градостроительного законодательства Кыргызской Республики" · гл. 3Статус: действует

Статья 10. Права граждан и их объединений на участие в принятии градостроительных решений

1.

Граждане и их объединения имеют право:

1) на достоверную, полную и своевременную информацию об экологическом, градостроительном, социально-экономическом состоянии территорий, населенных пунктов, о разработке и состоянии программ, проектов, связанных с изменениями в организации территорий;

2) на участие в рассмотрении и обсуждении градостроительных программ и проектов, затрагивающих права и интересы граждан и их объединений;

3) вносить предложения в государственные органы и органы местного самоуправления по улучшению среды жизнедеятельности;

4) участвовать в независимой экспертизе градостроительных проектов;

5) оспаривать через судебные органы действия лиц, нарушающих имущественные и иные права в сфере градостроительства.

2.

Не допускается осуществление прав в области градостроительства в противоречии с их назначением или нарушением охраняемых законодательством Кыргызской Республики интересов других граждан и юридических лиц.

Кыргызча
Жарандар жана алардын бирикмелеринин шаар куруу чечимдерин кабыл алууга катышуу укуктары 1. Жарандар жана алардын бирикмелери төмөнкүлөргө укуктуу: 1) аймактардын, калктуу конуштардын экологиялык, шаар куруу, социалдык-экономикалык абалы жөнүндө, аймактарды уюштурууда өзгөртүүлөргө байланышкан программаларды, долбоорлорду иштеп чыгуу жана алардын абалы жөнүндө так, толук жана өз убагында маалыматтарды алууга; 2) жарандардын жана алардын бирикмелеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын козгогон шаар куруу программаларын жана долбоорлорун кароого жана талкууга катышууга; 3) жашоо-турмуш чөйрөсүн жакшыртуу боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштарды киргизүүгө; 4) шаар куруу долбоорлорунун көз карандысыз экспертизасына катышууга; 5) шаар куруу чөйрөсүндө мүлктүк жана башка укуктарды бузган адамдардын аракеттерин сот органдары аркылуу талашууга. 2. Шаар куруу жаатындагы укуктарды алардын багытына карама-каршы же башка жарандардын жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан корголгон кызыкчылыктарын бузуу менен жүзөгө ашырууга жол берилбейт.