Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 19
Закон КР от 21 января 2000 года № 36 "О физической культуре и спорте" · ст. 19Статус: действует

Статья 19. Физическая культура и спорт среди лиц с ограниченными возможностями здоровья

Развитие физической культуры и спорта среди лиц с ограниченными возможностями здоровья направлено на повышение их двигательной активности и является непременным и определяющим условием их всесторонней реабилитации и социальной адаптации.

С обучающимися, имеющими отклонения в развитии, включенные в образовательную программу занятия проводятся в рамках рекомендованной индивидуальной программы реабилитации с созданием необходимых специальных медицинских групп.

Организация занятий физической культурой и спортом в системе реабилитации инвалидов (включая детей с отклонениями в физическом развитии), профессиональная подготовка специалистов, методическое и медицинское обеспечение и врачебный контроль осуществляются учреждениями образования, здравоохранения, социальной защиты и организациями физической культуры и спорта.

Кабинет Министров Кыргызской Республики и органы местного самоуправления совместно с предприятиями, учреждениями и организациями для лиц с ограниченными возможностями здоровья разрабатывают и реализуют программы спортивно-оздоровительной деятельности для лиц с ограниченными возможностями здоровья по месту жительства, в специализированных учреждениях и организациях для лиц с ограниченными возможностями здоровья.

Государство обеспечивает условия лицам с ограниченными возможностями здоровья для занятия физической культурой и спортом в порядке, установленном Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

Физкультурно-спортивным организациям запрещается отказывать лицам с ограниченными возможностями здоровья в доступе к спортивной инфраструктуре и оказании услуг в области физической культуры и спорта, если нет медицинских ограничений к занятиям физической культурой и спортом.

Физкультурно-спортивные организации вне зависимости от форм собственности обязаны предоставлять возможность заниматься спортом не менее пяти лицам с ограниченными возможностями здоровья.

(В редакции Законов КР от 18 ноября 2011 года № 219, 23 апреля 2016 года № 50, 14 апреля 2023 года № 90, 22 июля 2024 года № 135 )

Кыргызча
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын арасындагы дене тарбия жана спорт Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын арасындагы дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүү алардын кыймылдоо активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган жана аларды ар тараптан реабилитациялоонун жана социалдык жактан адаптациялоонун бирден бир жана аныктоочу шарты болуп саналат. Өнүгүшү жагынан кемчили бар, сабак өтүүнүн билим берүү программасына киргизилген окуучулар менен өтүлүүчү сабактар зарыл болгон атайын медициналык топторду түзүү менен сунуш кылынган жекече реабилитациялоо программасынын чегинде жүргүзүлөт. Майыптарды (дене тарбия жагынан өнүгүшү өксүгөн балдарды кошкондо) реабилитациялоо системасында дене тарбиясы жана спорт менен машыгууну уюштуруу, адистерди кесиптик даярдоо, методикалык жана медициналык камсыз кылуу жана врачтык контроль билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык жактан коргоо мекемелери жана дене тарбия жана спорт уюмдары тарабынан ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишканалар, мекемелер жана уюмдар менен биргелешип ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жашаган жери боюнча, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын адистештирилген мекемелеринде жана уюмдарында спорттук-ден соолукту чыңдоо ишинин программаларын иштеп чыгышат жана ишке ашырышат. Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте дене тарбиясы жана спорт менен машыгуу үчүн шарттарды камсыз кылат. Дене тарбия-спорт уюмдарына, эгерде дене тарбия жана спорт менен алектенүүлөрүнө медициналык чектөөлөр жок болсо, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга спорттук инфратүзүмгө жетүү мүмкүнчүлүгүнөн жана дене тарбия жана спорт жаатында кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга тыюу салынат. Дене тарбия-спорт уюмдары менчигинин түрүнө карабастан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бештен кем эмес адамга спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү. (КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 219, 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50, 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 90, 2024-жылдын 22-июлундагы № 135 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)