Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 33
Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании" · гл. 9Статус: действует

Статья 33. Послевузовское профессиональное образование

1.

Послевузовское профессиональное образование направлено на подготовку научных и научно-педагогических кадров с присвоением ученых степеней доктора философии (PhD)/доктора по профилю, кандидата и доктора наук, а также реализацию программ специализированного медицинского образования (интернатура/ординатура).

2.

Подготовка научных и научно-педагогических кадров, как правило, осуществляется через соискательство, аспирантуру (адъюнктуру), докторантуру и базовую докторантуру (PhD/по профилю), создаваемые в образовательных организациях высшего профессионального образования и научных учреждениях.

3.

Ученые степени кандидата наук и доктора наук присуждаются государственным органом аттестации на основе ходатайства диссертационного совета, принятого по результатам публичной защиты диссертации соискателем. Ученая степень доктора философии (PhD)/доктора по профилю присуждается в порядке, установленном Кабинетом Министров.

4.

Порядок организации послевузовского профессионального образования определяется законодательством Кыргызской Республики в сфере образования.

5.

Ученые звания старшего научного сотрудника, доцента, профессора присваиваются государственным органом аттестации на основе решения ученого (научно-технического) совета образовательной организации высшего профессионального образования (научно-исследовательского института) о представлении к присвоению ученого звания.

(В редакции Закона КР от 28 октября 2025 года № 241)

Кыргызча
Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү 1. Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор, илимдин кандидаты жана доктору деген окумуштуулук даражаларын ыйгаруу менен илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого, ошондой эле адистештирилген медициналык билим берүү (интернатура/ординатура) программаларын ишке ашырууга багытталган. 2. Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо, эреже катары, кесиптик жогорку билим берүү уюмдарында жана илимий мекемелерде изденүүчүлүк, аспирантура (адьюнктура), докторантура жана базалык докторантура (PhD/тармак боюнча) аркылуу жүзөгө ашырылат. 3. Илимдин кандидаты жана илимдин доктору илимий даражалары изденүүчүнүн диссертацияны коомдук коргоосунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган диссертациялык кеңештин өтүнмөсүнүн негизинде мамлекеттик аттестациялык орган тарабынан ыйгарылат. Философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктору деген окумуштуулук даража Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте ыйгарылат. 4. Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнү уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат. 5. Улук илимий кызматкердин, доценттин, профессордун окумуштуулук наамдары окумуштуулук наамды ыйгарууга көрсөтүү жөнүндө кесиптик жогорку билим берүү уюмунун (илимий-изилдөө институтунун) окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин чечиминин негизинде мамлекеттик аттестациялоо органы тарабынан ыйгарылат. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)