Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 19
Закон КР от 8 августа 2023 года № 170 "О науке" · гл. 4Статус: действует

Статья 19. Компетенция уполномоченного государственного органа

В компетенцию уполномоченного государственного органа входят:

1) формирование и осуществление государственной политики в сфере науки, научно-технической, научно-информационной и научно-инновационной деятельности, осуществление межотраслевой координации в области науки, научно-технической, научно-информационной и научно-инновационной деятельности, за исключением научных организаций, осуществляющих подготовку научных кадров в сфере здравоохранения;

2) формирование перечня государственных научных, научно-технических программ и проектов фундаментальных и прикладных научных исследований в рамках государственного заказа;

3) проведение конкурса научных, научно-технических программ и проектов фундаментальных и прикладных научных исследований, финансируемых из республиканского бюджета;

4) разработка и внесение на утверждение в Кабинет Министров Кыргызской Республики нормативных правовых актов в сфере науки, научно-технической, научно-информационной и научно-инновационной деятельности;

5) координация деятельности научно-технических советов отраслевых государственных органов;

6) проведение мониторинга и оценки эффективности научных, научно-технических программ и проектов фундаментальных и прикладных научных исследований, реализуемых в рамках государственного заказа;

7) координация подготовки научных и научно-педагогических кадров;

8) мониторинг и оценка эффективности деятельности научных и научно-технических организаций;

9) составление базы данных научных и научно-технических организаций;

10) составление банка данных о научных, научно-технических программах и проектах фундаментальных и прикладных научных исследований;

11) организация государственного учета научных, научно-технических программ и проектов фундаментальных и прикладных научных исследований, финансируемых из республиканского бюджета, и отчетов по их выполнению;

12) создание Научно-технического совета при уполномоченном государственном органе;

13) содействие стажировке, работе по совместительству научных работников, преподавателей, специалистов на преподавательской и научно-исследовательской работах, другим формам интеграции науки и образования;

14) определение и утверждение списка научных и научно-технических организаций по форме базового финансирования;

15) организация статистического и информационного обеспечения в области науки и инноваций;

16) определение порядка проведения государственной аттестации/аккредитации научно-технической организации, за исключением научных организаций, осуществляющих подготовку научных кадров в сфере здравоохранения;

17) определение порядка назначения и освобождения руководителей научно-исследовательских институтов образовательных организаций высшего профессионального образования, за исключением научных организаций, осуществляющих подготовку научных кадров в сфере здравоохранения;

18) определение порядка и механизмов формирования государственного заказа и проведения конкурса на выполнение государственных научных, научно-технических и научно-инновационных программ и проектов;

19) определение порядка ведения учета и принятия отчетов по выполнению государственных научных, научно-технических и научно-инновационных программ и проектов;

20) определение приоритетных направлений развития науки, научно-технической и научно-инновационной деятельности на основе комплексного прогноза социально-экономического и научно-технического развития Кыргызской Республики с использованием результатов анализа текущей ситуации и заключений независимых экспертов и общественного обсуждения и внесение на утверждение в Совет по науке, инновациям и новым технологиям при Председателе Кабинета Министров Кыргызской Республики.

(В редакции Закона КР от от 23 января 2026 года № 6 )

Кыргызча
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет: 1) саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, илим, илимий-техникалык, илимий-маалыматтык жана илимий-инновациялык иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүү жана жүзөгө ашыруу, илим, илимий-техникалык, илимий-маалыматтык жана илимий-инновациялык иш жаатында тармактар аралык координациялоону жүзөгө ашыруу; 2) мамлекеттик тапшырыктын алкагында мамлекеттик илимий, илимий-техникалык программалардын жана фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн долбоорлорунун тизмегин түзүү; 3) республикалык бюджеттен каржылануучу илимий, илимий-техникалык программалардын жана фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн долбоорлорунун конкурсун өткөрүү; 4) илим, илимий-техникалык, илимий маалыматтык жана илимий-инновациялык иш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизүү; 5) тармактык мамлекеттик органдардын илимий-техникалык кеңештеринин ишин координациялоо; 6) мамлекеттик тапшырыктын алкагында ишке ашырылуучу илимий, илимий-техникалык программалардын жана фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн долбоорлорунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баа берүү; 7) илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону координациялоо; 8) илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баа берүү; 9) илимий жана илимий-техникалык уюмдардын маалыматтар базасын түзүү; 10) илимий, илимий-техникалык программалар жана фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн долбоорлору боюнча маалыматтар банкын түзүү; 11) республикалык бюджеттен каржылануучу илимий, илимий-техникалык программаларды жана фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн долбоорлорун жана алардын аткарылышы боюнча отчетторду мамлекеттик эсепке алууну уюштуруу; 12) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында Илимий-техникалык кеңешти түзүү; 13) илимий кызматкерлерди, окутуучуларды, адистерди окутуучулук жана илимий-изилдөө иштеринде, илимди жана билим берүүнү интеграциялоонун башка формаларында такшалмадан өтүүгө, айкалыштырып иштөөсүнө көмөктөшүү; 14) базалык каржылоо формасы боюнча илимий жана илимий-техникалык уюмдардын тизмесин аныктоо жана бекитүү; 15) илим жана инновациялар жаатында статистикалык жана маалыматтык камсыз кылууну уюштуруу; 16) саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, илимий-техникалык уюмду мамлекеттик аттестациялоону/аккредитациялоону жүргүзүү тартибин аныктоо; 17) саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын илимий-изилдөө институттарынын жетекчилерин дайындоо жана бошотуу тартибин аныктоо; 18) мамлекеттик илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык программаларды жана долбоорлорду аткарууга мамлекеттик тапшырыкты түзүүнүн жана конкурс өткөрүүнүн тартибин жана механизмдерин аныктоо; 19) мамлекеттик илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык программаларды жана долбоорлорду аткаруу боюнча эсепке алууну жүргүзүүнүн жана отчетторду кабыл алуунун тартибин аныктоо; 20) учурдагы кырдаалды талдоонун натыйжаларын жана көз карандысыз эксперттердин корутундуларын жана коомдук талкуулоону пайдалануу менен Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жана илимий-техникалык жактан өнүктүрүүнүн комплекстүү божомолунун негизинде илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңешке бекитүүгө киргизүү. (КР 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)