Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 3
Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 64 "О риелторской деятельности в Кыргызской Республике" · гл. 1Статус: действует

Статья 3. Основные понятия, используемые в настоящем Законе

В настоящем Законе применяются следующие понятия:

1) агент - сотрудник риелторской фирмы, прошедший обучение и аттестацию в порядке, определяемом Кабинетом Министров Кыргызской Республики, непосредственно работающий с потребителем риелторских услуг и осуществляющий подготовительную работу для заключения договора на оказание риелторских услуг;

2) агентская деятельность - предпринимательская деятельность физического лица по выполнению функций, делегированных ему брокером самостоятельного субъекта рынка недвижимости для осуществления вспомогательных действий по совершению сделок и операций на рынке недвижимости, связанных с переходом прав на недвижимое имущество;

3) брокер - физическое лицо, имеющее стаж работы не менее двух лет на рынке недвижимости, обладающее правом подписи документов от имени субъекта рынка недвижимости, работающее с потребителями риелторских услуг и заключающее с ними договоры по осуществлению гражданско-правовых сделок с недвижимым имуществом, изменению прав собственности на него в соответствии с настоящим Законом;

4) риелторская деятельность - профессиональная предпринимательская деятельность по оказанию потребителям услуг при совершении операций с объектами недвижимости и правами на них за вознаграждение, предусмотренных настоящим Законом и в соответствии с гражданским законодательством Кыргызской Республики;

5) комитент - сторона договора, комиссии, поручающая комиссионеру за вознаграждение совершить одну или несколько сделок от своего имени за свой счет в соответствии с настоящим Законом и гражданским законодательством Кыргызской Республики;

6) контрагент - договаривающаяся сторона договора;

7) потребитель - физическое или юридическое лицо, заключившее с риелтором договор на оказание риелторских услуг;

8) профессиональные участники рынка недвижимости - юридические лица, индивидуальные предприниматели, осуществляющие деятельность на рынке услуг в сфере риелторской деятельности по недвижимому имуществу и управлению недвижимым имуществом в соответствии с настоящим Законом, а также оценщики;

9) правообладатель - физическое или юридическое лицо, являющееся собственником или пользователем недвижимого имущества согласно гражданскому законодательству Кыргызской Республики;

10) недвижимое имущество - земельные участки, участки недр, обособленные водные объекты и все объекты, прочно связанные с землей, перемещение которых без несоразмерного ущерба их назначению невозможно, в том числе леса, многолетние насаждения, здания, сооружения и другие;

11) риелтор - физическое (индивидуальный предприниматель) или юридическое лицо (риелторская фирма), осуществляющее риелторскую деятельность на основании настоящего Закона и гражданского законодательства Кыргызской Республики;

12) риелторские услуги - услуги по недвижимости, оказываемые риелтором в соответствии с настоящим Законом;

13) рынок недвижимости - совокупность объектов недвижимого имущества, в том числе земельных участков, а также гражданско-правовых сделок и иных операций с недвижимым имуществом и правами на них, осуществляемых правообладателями объектов недвижимости и профессиональными участниками рынка недвижимости.

Кыргызча
Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: 1) агент - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте окутуудан жана аттестациялоодон өткөн, риелтордук кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчү менен түздөн-түз иштөөчү жана риелтордук кызматтарды көрсөтүү келишимин түзүү үчүн даярдоо ишин жүзөгө ашырып жаткан риелтордук фирманын кызматкери; 2) агенттик иш - кыймылсыз мүлккө укуктардын өтүшүнө байланышкан кыймылсыз мүлк рыногундагы бүтүмдөрдү жана операцияларды жасоо боюнча көмөкчү иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн кыймылсыз мүлк рыногунун өз алдынча субъектинин брокери тарабынан ага жүктөлгөн функцияларды аткаруу боюнча жеке жактын ишкердик иши; 3) брокер - кыймылсыз мүлк рыногунда эки жылдан кем эмес иш стажы бар, кыймылсыз мүлк рыногунун субъектинин атынан документтерге кол коюуга укуктуу, риелтордук кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрү менен иштөөчү жана кыймылсыз мүлк жагынан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу, ушул Мыйзамга ылайык ага менчик укуктарын өзгөртүү боюнча келишимдерди түзүүчү жеке жак; 4) риелтордук иш - кыймылсыз мүлк объекттери жана аларга укуктар жагынан операцияларды жүргүзүүдө ушул Мыйзамда каралган жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык сый акы үчүн керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү боюнча кесипкөй ишкердик иш; 5) комитент - сый акы үчүн ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өзүнүн атынан өз эсебинен бир же бир нече бүтүмдөрдү жасоону комиссионерге тапшыруучу келишимдин, комиссиянын тарабы; 6) контрагент - келишимдин келишим түзүп жаткан тарабы; 7) керектөөчү - риелтордук кызмат көрсөтүүлөргө риелтор менен келишим түзгөн жеке же юридикалык жак; 8) кыймылсыз мүлк рыногунун кесипкөй катышуучулары - ушул Мыйзамга ылайык кыймылсыз мүлк жана кыймылсыз мүлктү башкаруу боюнча риелтордук иш чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр рыногунда ишти жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жактар, жеке ишкерлер, ошондой эле баалоочулар; 9) укук ээси - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлктүн ээси же пайдалануучусу болуп саналган жеке же юридикалык жак; 10) кыймылсыз мүлк - жер участоктору, жер казынасынын участоктору, өзүнчө суу объекттери жана жер менен бекем байланышкан, алардын багытына өлчөмү бирдей болбогон зыянды келтирбестен козгоого мүмкүн болбогон бардык объекттер, анын ичинде токойлор, көп жылдык өсүмдүктөр, имараттар, курулмалар жана башкалар; 11) риелтор - ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын негизинде риелтордук ишти жүзөгө ашыруучу жеке (жеке ишкер) же юридикалык жак (риелтордук фирма); 12) риелтордук кызмат көрсөтүүлөр - ушул Мыйзамга ылайык риелтор тарабынан көрсөтүлүүчү кыймылсыз мүлк боюнча кызмат көрсөтүүлөр; 13) кыймылсыз мүлк рыногу - кыймылсыз мүлктүн объекттеринин, анын ичинде жер участокторунун, ошондой эле кыймылсыз мүлк объекттеринин укук ээлери жана кыймылсыз мүлк рыногунун кесипкөй катышуучулары жүзөгө ашыруучу кыймылсыз мүлк жана аларга укуктар жагынан жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жана башка операциялардын жыйындысы.