Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 43
Закон Кыргызской Республики от 17 июля 2000 года № 61 "О внешней миграции" · гл. 1Статус: действует

Статья 43. Порядок оформления общегражданского паспорта гражданина Кыргызской Республики

Оформление общегражданского паспорта гражданина Кыргызской Республики производится гражданам Кыргызской Республики, достигшим 16-летнего возраста, по личному ходатайству.

Оформление общегражданского паспорта гражданину, не достигшему 16-летнего возраста, производится на основании ходатайства одного из родителей или законного представителя, за исключением случаев, предусмотренных частью пятой настоящей статьи. В ходатайстве указываются сведения о гражданине, не достигшем 16-летнего возраста, а также об отсутствии обстоятельств, ограничивающих в соответствии с настоящим Законом право на выезд из Кыргызской Республики.

Общегражданский паспорт ребенку, не достигшему 16-летнего возраста, оформляется со следующими сроками действия:

- с момента рождения ребенка и до достижения им возраста одного года - сроком на два года;

- с одного года до достижения им 16-летнего возраста - сроком на пять лет.

Гражданам Кыргызской Республики, постоянно проживающим в Кыргызской Республике, общегражданский паспорт выдается уполномоченным государственным органом в сфере регистрации населения по месту обращения, а проживающим за ее пределами - дипломатическими представительствами и консульскими учреждениями Кыргызской Республики.

Выдача общегражданского паспорта ребенку, не достигшему 16-летнего возраста, дипломатическими представительствами и консульскими учреждениями Кыргызской Республики осуществляется при наличии согласия обоих родителей. При отсутствии ходатайства одного из родителей оформление общегражданского паспорта производится на основании решения суда.

Оформление дипломатического или служебного паспорта гражданину Кыргызской Республики осуществляется консульской службой уполномоченного государственного органа по реализации внешней политики в установленном порядке.

Кабинет Министров Кыргызской Республики при введении режима чрезвычайной ситуации или чрезвычайного положения, или военного положения на территории Кыргызской Республики либо в отдельных ее местностях продлевает срок действия общегражданского паспорта ребенка, не достигшего 16-летнего возраста, срок действия которого истек в период режима чрезвычайной ситуации или чрезвычайного положения, или военного положения.

(В редакции Закона КР от 21 мая 2026 года № 73).

Кыргызча
Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун жол-жоболоштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун жол-жоболоштуруу 16 жашка чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт. Ушул статьянын бешинчи бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, 16 жашка чыга элек жаранга жалпы жарандык паспортту жол-жоболоштуруу ата-энесинин биринин же мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчүнүн негизинде жүргүзүлөт. Өтүнүчтө 16 жашка чыга элек жаран жөнүндө, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү укугун чектөөчү жагдайлардын жоктугу тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт. Жалпы жарандык паспорт 16 жашка чыга элек балага төмөнкүдөй колдонуу мөөнөттөрү менен жол-жоболоштурулат: - бала төрөлгөн учурдан тартып жана ал бир жашка чыкканга чейин - эки жылдык мөөнөткө; - бир жаштан тартып ал 16 жашка чыкканга чейин - беш жылдык мөөнөткө. Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына жалпы жарандык паспорт кайрылган жери боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ал эми анын чегинен тышкары жашагандарга Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан берилет. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан 16 жашка чыга элек балага жалпы жарандык паспортту берүү ата-энесинин экөөнүн тең макулдугу болгондо жүргүзүлөт. Ата-энесинин биринин өтүнүчү болбогондо жалпы жарандык паспортту жол-жоболоштуруу соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын жаранына дипломатиялык же кызматтык паспортту жол-жоболоштуруу белгиленген тартипте тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консулдук кызматы тарабынан жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын аймагында же болбосо анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал, же өзгөчө абал, же согуштук абал режими киргизилгенде 16 жашка чыга элек баланын өзгөчө кырдаал, же өзгөчө абал, же согуштук абал режими мезгилинде колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен жалпы жарандык паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартат. (КР 2026-жылдын 21-майындагы № 73 Мыйзамынын редакциясына ылайык).