Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 1
Закон Кыргызской Республики от 17 июля 2000 года № 61 "О внешней миграции" · ст. 1Статус: действует

Статья 1. Основные понятия, используемые в настоящем Законе

Выдворение - принудительное и контролируемое перемещение иностранных граждан и лиц без гражданства через государственную границу за пределы Кыргызской Республики в случаях, предусмотренных законодательством Кыргызской Республики.

Безвизовый режим - режим, при котором граждане иностранного государства имеют право без оформления визы въезжать, выезжать, следовать транзитом, передвигаться и пребывать на территории Кыргызской Республики в рамках установленных сроков, предусмотренных нормативными правовыми актами Кыргызской Республики и/или международными договорами, вступившими в силу в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.

Вид на жительство - документ, дающий право иностранным гражданам или лицам без гражданства на постоянное или временное проживание в Кыргызской Республике.

Виза - отметка в действительном документе иностранного гражданина или лица без гражданства, признанного Кыргызской Республикой, и разрешающая въезд в Кыргызскую Республику, пребывание на ее территории, выезд из Кыргызской Республики и транзитный проезд.

Виза имеет единый государственный стандарт, форму, описание. Единый государственный стандарт, форма и описание визы утверждаются Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

Внешняя миграция - перемещение физических лиц на территорию Кыргызской Республики или за пределы Кыргызской Республики.

Законные представители - родители, усыновители, опекуны, попечители, а также представители организаций и лиц, на попечении которых находится лицо, участвующее в деле.

Иммигрант - лицо, являющееся иностранным гражданином или лицом без гражданства, въезжающее в Кыргызскую Республику на законных основаниях с целью постоянного жительства.

Иммиграция - въезд иностранных граждан или лиц без гражданства в Кыргызскую Республику на постоянное жительство.

Иностранный гражданин - лицо, не являющееся гражданином Кыргызской Республики и имеющее доказательства своей принадлежности к гражданству какого-либо иностранного государства.

Лицо без гражданства - лицо, не являющееся гражданином Кыргызской Республики и не имеющее доказательств своей принадлежности к гражданству какого-либо иностранного государства.

Миграция - перемещение физических лиц по различным причинам из Кыргызской Республики в другие государства и из других государств в Кыргызскую Республику, а также в пределах территории Кыргызской Республики в целях постоянного или временного изменения места жительства.

Транзитная миграция - перемещение через территорию Кыргызской Республики иностранных граждан и лиц без гражданства на территорию другого государства.

Трудовая миграция - добровольное перемещение на законном основании физических лиц, постоянно проживающих на территории Кыргызской Республики, за пределы Кыргызской Республики, а также иностранных граждан и лиц без гражданства, постоянно проживающих вне пределов Кыргызской Республики и прибывающих на территорию Кыргызской Республики с целью осуществления ими оплачиваемой временной или постоянной трудовой деятельности.

Упрощенный визовый режим - режим, при котором граждане иностранного государства имеют право въезжать, выезжать, следовать транзитом, передвигаться и пребывать на территории Кыргызской Республики на основании визы, получаемой по личному обращению при прибытии на территорию Кыргызской Республики с освобождением от регистрации документов, удостоверяющих личность.

Электронная виза - документальное подтверждение, приравненное по статусу к визе, предоставляемое уполномоченным государственным органом Кыргызской Республики иностранному гражданину или лицу без гражданства, признанному Кыргызской Республикой, в электронном порядке, в том числе посредством электронной сети Интернет, имеющее специальный считываемый код, наличие которого с действительным документом разрешает въезд в Кыргызскую Республику, пребывание на ее территории, выезд из Кыргызской Республики и транзитный проезд.

Эмигрант - гражданин Кыргызской Республики, выезжающий за пределы Кыргызской Республики на территорию другого государства с целью постоянного жительства.

Эмиграция - выезд граждан Кыргызской Республики за пределы Кыргызской Республики на территорию другого государства с целью постоянного жительства.

Визовый режим - режим, при котором граждане иностранного государства имеют право въезжать, выезжать, следовать транзитом, передвигаться и пребывать на территории Кыргызской Республики на основании действительной визы, порядок получения которой устанавливается законодательством Кыргызской Республики.

Действительный документ - документ, удостоверяющий личность, все части и реквизиты которого соответствуют установленным компетентными органами выдавшего его государства образцам, надлежащим образом оформлен и скреплен правомочными на то органами, не просрочен, принадлежит предъявителю и не имеет подделок.

Документ, удостоверяющий личность, - документ, подтверждающий статус лица, пересекающего государственную границу Кыргызской Республики, который был направлен по дипломатическим каналам и признается Кыргызской Республикой в этом качестве, если иное не предусмотрено вступившими в установленном законом порядке в силу международными договорами, участницей которых является Кыргызская Республика.

Статус соотечественника с иностранным гражданством - особое правовое положение иностранных граждан, права и обязанности которых определены законодательством Кыргызской Республики в сфере правового положения иностранных граждан, настоящим законом и иными нормативными правовыми актами Кыргызской Республики.

Статус "Цифровой кочевник" ("Digital nomad") (далее - статус "Цифровой кочевник") - правовой статус гражданина иностранного государства - специалиста, осуществляющего деятельность в сфере информационно-коммуникационных технологий, разработки программных продуктов и иных смежных сферах, позволяющий въезжать/пребывать на территории Кыргызской Республики без регистрации по месту пребывания и наличия разрешительных документов для осуществления трудовой деятельности.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 6 августа 2005 года № 125, 23 мая 2008 года № 98, 24 июля 2013 года № 160, 24 октября 2016 года № 171, 24 июля 2020 года № 89, 27 февраля 2023 года № 43, 16 августа 2023 года № 183, 18 ноября 2024 года № 181)

Кыргызча
Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр Чыгарып салуу - чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик чек ара аркылуу Кыргыз Республикасынынын чегинен мажбурлап жана көзөмөлдөп чыгарып салуу; Визасыз режим - чет мамлекеттин жарандары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган, белгиленген мөөнөттөрдүн алкагында визаны жол-жоболоштурбастан Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгууга, транзит менен жүрүүгө, орун которууга жана болууга укуктуу болгон режим. Жашап туруу мүмкүнчүлүгү - чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасында туруктуу же убактылуу жашап турууга укук берүүчү документ; Виза - чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын паспортунда же Кыргыз Республикасында колдонуудагы аны алмаштырган башка документинде Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында болууга жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө уруксат берүүчү белги; Визанын бирдиктүү мамлекеттик стандарты, формасы, сүрөттөлүшү болот. Бирдиктүү мамлекеттик стандарт, анын формасы жана сүрөттөлүшү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Тышкы миграция - Кыргыз Республикасынын аймагында же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жеке адамдардын көчүп жүрүшү. Мыйзамдуу өкүлдөр - ата-энелер, асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр, ошондой эле ишке катышы бар адам көзөмөлүндө болгон уюмдардын жана адамдардын өкүлдөрү. Иммигрант - Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо максатында мыйзамдуу түрдө кирген чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам; Иммиграция - чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасына кириши; Чет өлкөлүк жаран - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана кандайдыр бир чет мамлекеттин жараны болуп саналаарына карата далилдери бар адам; Жарандыгы жок адам - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана кандайдыр бир чет мамлекеттин жараны болуп саналаарына карата далилдери жок адам; Миграция - ар кандай себептер менен Кыргыз Республикасынан башка өлкөлөргө жана башка өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде туруктуу же убактылуу жашоо максатында жеке жактардын көчүп жүрүшү; Транзит миграциясы - чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу башка мамлекеттин аймагына өтүшү; Эмгек миграциясы - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан жеке адамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу акы алуу же туруктуу эмгектенүү максатында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын ыктыярдуу түрдө көчүп жүрүшү; Жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим - чет мамлекеттин жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына келгенде чет өлкөгө баруу паспортторун каттоодон бошотулуу менен жеке кайрылуусу боюнча алган визанын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына визасыз келүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө, бир жерден экинчи жерге барууга жана анда болууга укуктуу болгон режим. Электрондук виза - Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан чет өлкөлүк жаранга же Кыргыз Республикасы тарабынан жарандыгы жок деп таанылган адамга электрондук тартипте, анын ичинде Интернет электрондук тарамы аркылуу берилүүчү, атайын окулуучу коду бар, анын болушу жарактуу документ менен Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында болууга, Кыргыз Республикасынан чыгууга жана транзиттик өтүүгө уруксат берүүчү, статусу боюнча визага теңештирилген документтик ырастоо. Эмигрант - туруктуу жашоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагынан башка мамлекеттер аймагына кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жараны; Эмиграция - Кыргыз Республикасынын жарандарынын туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынан башка мамлекеттин аймагына чыгып кетиши; Визалуу режим - алуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленүүчү жарактуу визанын негизинде чет мамлекеттердин жарандарына Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгууга, транзит менен жүрүүгө, орун которууга жана болууга укук берген режим. Инсандыгын ырастаган документ - дипломатиялык каналдар боюнча жөнөтүлгөн жана ал Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган, эгерде Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде башкалар каралбаган болсо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасынан өтүүчү адамдын статусун далилдеген документ. Жарактуу документ - инсандыгын ырастаган жана анын бардык бөлүктөрү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген үлгүлөргө дал келген, тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулган жана ага ыйгарым укуктуу органдарга бекитилген, мөөнөтү өтпөгөн, көрсөткөн адамдын өзүнө таандык жана жасалмасы жок документ. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусу - укуктары жана милдеттери чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталган чет өлкөлүк жарандардын өзгөчө укуктук абалы. Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусу (мындан ары - "Санариптик көчмөн" статусу) - маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүндө жана башка чектеш чөйрөлөрдө иш жүргүзгөн чет мамлекеттин жаранынын - адисинин жүргөн жери боюнча каттоосуз жана эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн уруксат берүүчү документтерсиз Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө/жүрүүгө мүмкүндүк берүүчү укуктук статусу. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 6-августундагы № 125, 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2013-жылдын 24-июлундагы № 160, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43, 2023-жылдын 16-августундагы № 183, 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 181 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)