Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 48
Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате" · гл. 8Статус: действует

Статья 48. Порядок подписи нотариально удостоверяемой сделки, заявления и иных документов

1.

Содержание нотариально удостоверяемой сделки, свидетельства, заявления и иных документов нотариус обязан предоставить для самостоятельного прочтения или зачитать вслух участникам. Документы, оформляемые в нотариальном порядке, подписываются в присутствии нотариуса.

2.

Если гражданин вследствие физических недостатков, болезни и по иным причинам не может подписать лично, то по его поручению, в его присутствии и в присутствии нотариуса сделку, заявление или иной документ может подписать его представитель (третье лицо) с указанием причин, в силу которых документ не подписан собственноручно гражданином, обратившимся за совершением нотариального действия.

3.

Если гражданин в силу физических недостатков не имеет возможности поставить собственноручную подпись и не желает доверять подписание сделки, заявления или иного документа от его имени третьему лицу, он может использовать факсимильную подпись, подлинность которой удостоверяется в соответствии с настоящим Законом.

Кыргызча
Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүчү бүтүмгө, арызга жана башка документтерге кол коюу тартиби 1. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүчү бүтүмдүн, күбөлүктүн, арыздын жана башка документтердин мазмунун нотариус катышуучуларга өз алдынча окуу үчүн көрсөтүүгө же үн чыгарып окуп берүүгө милдеттүү. Нотариалдык тартипте таризделүүчү документтерге нотариустун катышуусунда кол коюлат. 2. Эгерде жаран дене боюндагы кемчиликтерден, оорудан улам же кандайдыр бир себептер боюнча жеке өзү кол кое албаса, анда анын тапшырмасы боюнча, анын катышуусунда жана нотариустун катышуусунда бүтүмгө, арызга же башка документке анын өкүлү (үчүнчү жак) кол кое алат, мында документке нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн кайрылган жаран өз кол менен кол койбогондугунун себептери көрсөтүлөт. 3. Эгерде жаран дене боюндагы кемчилдиктеринен улам жеке өзү кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбосо жана бүтүмгө, арызга же башка документке өзүнүн атынан кол коюуну үчүнчү адамга ишенүүнү каалабаса, ал аныктыгы ушул Мыйзамга ылайык күбөлөндүрүлгөн факсимилдик колтамгасын пайдалануу менен кол кое алат.