Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 29
Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате" · гл. 4Статус: действует

Статья 29. Оплата нотариальных действий и других услуг, оказываемых нотариусами

1.

За совершение нотариальных действий нотариус и должностные лица органов местного самоуправления взимают государственную пошлину по ставкам, установленным Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

2.

Размер оплаты за услуги по подготовке проектов документов и другие услуги частных нотариусов определяется Методикой определения размера оплаты за нотариальные услуги, утверждаемой Министерством юстиции по согласованию с Нотариальной палатой. Ставки за услуги по подготовке проектов документов и других платных услуг государственных нотариусов устанавливаются Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

3.

Нотариальное действие признается совершенным после уплаты государственной пошлины или денежной суммы согласно тарифу.

4.

Льготы по уплате государственной пошлины для физических и юридических лиц, предусмотренные законодательством о государственной пошлине, распространяются на этих лиц при получении услуг по совершению нотариальных действий, составлению проектов документов, выдаче копий и выполнению технической работы, как государственными, так и частными нотариусами.

5.

За нотариальные действия, совершаемые вне помещения нотариальной конторы, государственная пошлина взимается в двойном размере, а также оплачиваются фактические произведенные расходы, связанные с выездом для совершения этих действий.

(В редакции Закона Кыргызской Республики от 11 июня 2024 года № 92)

Кыргызча
Нотариалдык иш-аракеттерге жана нотариустар берүүчү башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө 1. Нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзгөндүгү үчүн нотариус жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген ставкалар боюнча мамлекеттик алымды алат. 2. Жеке нотариустардын документтердин долбоорлорун даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрү жана башка кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акынын өлчөмү Нотариалдык палата менен макулдашуу боюнча Юстиция министрлиги тарабынан бекитилүүчү Нотариалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын өлчөмүн аныктоо методикасы менен аныкталат. Мамлекеттик нотариустардын документтердин долбоорлорун даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрү жана башка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрү үчүн ставкаларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт. 3. Мамлекеттик алым же тарифке ылайык акчалай сумма төлөнгөндөн кийин нотариалдык иш-аракет жасалды деп таанылат. 4. Мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарда каралган жеке жана юридикалык жактар үчүн мамлекеттик алымды төлөө боюнча жеңилдиктер мамлекеттик, ошондой эле жеке нотариустар тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо, документтердин долбоорлорун түзүү, көчүрмөлөрдү берүү жана техникалык иштерди аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алуу учурунда бул адамдарга жайылтылат. 5. Нотариалдык кеңсенин имаратынан тышкары жерде жасалуучу нотариалдык иш-аракеттер үчүн мамлекеттик алым эки эселенген өлчөмдө алынат, ошондой эле бул иш-аракеттерди жасоо үчүн барууга байланышкан иш жүзүндө жүргүзүлгөн чыгымдар төлөнөт. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 11-июнундагы № 92 Мыйзамынын редакциясына ылайык)