Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 67
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 13Статус: действует

Статья 67. Рассмотрение проекта закона о республиканском бюджете фракциями, депутатскими группами, комитетами Жогорку Кенеша и депутатами

1.

Кабинет Министров вносит на рассмотрение Жогорку Кенеша одобренный проект закона о республиканском бюджете на очередной бюджетный год и плановый период в соответствии с требованиями Бюджетного кодекса Кыргызской Республики не позднее 1 октября года, предшествующего очередному бюджетному году.

2.

Фракции, депутатские группы и комитеты Жогорку Кенеша в течение 20 дней со дня представления в Жогорку Кенеш проекта республиканского бюджета:

1) заслушивают информацию руководителей государственных органов, председателя Совета судей по вопросам, входящим в ведение соответствующих комитетов Жогорку Кенеша, и заключения председателей Национального банка и Счетной палаты к проекту республиканского бюджета;

2) представляют на рассмотрение профильного комитета Жогорку Кенеша заключения по республиканскому бюджету по курируемым направлениям с учетом ограничений, установленных нормативными правовыми актами Кыргызской Республики в области защиты государственных секретов;

3) в случае принятия комитетами, фракциями и депутатскими группами Жогорку Кенеша решений об увеличении определенных расходов республиканского бюджета в обязательном порядке вносят предложения о сокращении других категорий расходов в соответствующем объеме и (или) определяют конкретные источники финансирования дополнительных расходов.

4) рассматривают протокол согласования межбюджетных отношений с участием представителей объединения органов местного самоуправления (ассоциация, союз).

3.

Профильный комитет Жогорку Кенеша:

1) рассматривает заключения фракций, депутатских групп и комитетов Жогорку Кенеша, Национального банка и Счетной палаты для их обобщения;

2) проводит парламентские слушания по проекту закона о республиканском бюджете;

3) проводит расширенное заседание с участием Председателя и членов Кабинета Министров, лидеров фракций, руководителей депутатских групп, председателей комитетов и депутатов Жогорку Кенеша по обсуждению проекта республиканского бюджета;

4) вносит на рассмотрение Жогорку Кенеша проект закона о республиканском бюджете, заключение к нему с учетом предложений и замечаний фракций, депутатских групп, комитетов Жогорку Кенеша, депутатов, избранных по одномандатным округам и не вошедших во фракции и депутатские группы, Национального банка и Счетной палаты;

5) рассматривает протокол согласования межбюджетных отношений с участием представителей объединения органов местного самоуправления (ассоциация, союз).

4.

Рассмотрение проекта республиканского бюджета в профильном комитете Жогорку Кенеша должно быть завершено в течение 30 календарных дней со дня представления проекта в Жогорку Кенеш и проходит с учетом ограничений, установленных нормативными правовыми актами.

Кыргызча
Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорунун Жогорку Кеңештин фракциялары, депутаттык топтору, комитеттери жана депутаттар тарабынан каралышы 1. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын жактырылган долбоорун кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет. 2. Жогорку Кеңештин фракциялары, депутаттык топтору жана комитеттери Жогорку Кеңешке республикалык бюджеттин долбоору берилген күндөн тартып 20 күндүн ичинде: 1) Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринин карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Судьялар кеңешинин төрагасынын маалыматын жана республикалык бюджеттин долбооруна карата Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын төрагаларынын корутундуларын угат; 2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен куратордук кылган багыттар боюнча республикалык бюджет боюнча корутундуларды Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кароосуна берет; 3) Жогорку Кеңештин комитеттери, фракциялары жана депутаттык топтору республикалык бюджеттин айрым чыгымдарын көбөйтүү жөнүндө чечимдерди кабыл алган учурда, чыгымдардын башка категорияларын тиешелүү көлөмдө кыскартуу жөнүндө сунуштарды милдеттүү тартипте киргизет жана (же) кошумча чыгымдарды каржылоонун конкреттүү булактарын аныктайт; 4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмесинин (ассоциациясынын, бирлигинин) өкүлдөрүнүн катышуусу менен бюджеттер ортосундагы мамилелерди макулдашуунун протоколун карайт. 3. Жогорку Кеңештин тармактык комитети: 1) Жогорку Кеңештин фракцияларынын, депутаттык топторунун жана комитеттеринин, Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын корутундуларын жалпылоо үчүн аларды карайт; 2) республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууларды өткөрөт; 3) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, Жогорку Кеңештин фракцияларынын лидерлеринин, депутаттык топторунун жетекчилеринин, комитеттеринин төрагаларынын жана депутаттарынын катышуусу менен республикалык бюджеттин долбоорун талкуулоо боюнча кеңейтилген жыйналышты өткөрөт; 4) Жогорку Кеңештин фракцияларынын, депутаттык топторунун, комитеттеринин, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын, Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун, ага корутундуну Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет; 5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмесинин (ассоциациясынын, бирлигинин) өкүлдөрүнүн катышуусу менен бюджеттер ортосундагы мамилелерди макулдашуунун протоколун карайт. 4. Республикалык бюджеттин долбоорун Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде кароо долбоор Жогорку Кеңешке сунуш кылынган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде аяктоого тийиш жана ченемдик укуктук актыларда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен өтөт.