Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 149
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 31Статус: действует

Статья 149. Порядок работы с избирателями

1.

Для обеспечения работы фракций, депутатских групп, депутатов Жогорку Кенеша с избирателями в регионах местные государственные администрации выделяют специальные помещения для встреч с ними.

2.

Порядок работы депутатов с избирателями, процедуры обращения депутатов в органы государственной власти и органы местного самоуправления, в предприятия, учреждения и организации, вопросы гарантий представительской деятельности депутата определяются также законом о статусе депутатов Жогорку Кенеша и настоящим Регламентом.

3.

Фракция, депутатская группа организуют деятельность своих членов по работе с избирателями и исполнению представительской функции депутатов Жогорку Кенеша по следующим вопросам:

1) своевременное, объективное и полное рассмотрение обращений, предложений, заявлений, поступивших в адрес фракции, депутатской группы, принятие по ним необходимых мер и взаимодействие по этим вопросам с комитетами Жогорку Кенеша;

2) личный прием избирателей депутатами, являющимися членами фракции, депутатской группы, при обращении избирателей в адрес этой фракции, депутатской группы;

3) оказание содействия депутатам в решении вопросов по обращениям, поступившим в их адрес, в целях своевременного, объективного и полного их рассмотрения и принятие по ним необходимых мер;

4) проведение встреч депутатов - членов фракции, депутатской группы с избирателями, проживающими в различных регионах страны, путем закрепления за депутатами соответствующих регионов;

5) проведение по инициативе и с участием членов фракции, депутатской группы собраний, конференций, встреч и других мероприятий с государственными органами, органами местного самоуправления, представителями политических партий, некоммерческих организаций и средств массовой информации;

6) обобщение и анализ поступивших обращений на имя конкретных депутатов и в адрес фракции, депутатской группы;

7) обобщение и анализ проведенных с участием фракции, депутатской группы мероприятий, направленных на выполнение представительских функций;

8) информирование избирателей и средств массовой информации о состоянии работы с обращениями граждан и работы фракций, депутатских групп в Жогорку Кенеше.

4.

Порядок работы фракций, депутатских групп, депутатов с избирателями определяется положением о работе с избирателями.

Кыргызча
Шайлоочулар менен иштөө тартиби 1. Жогорку Кеңештин фракцияларынын, депутаттык топторунун, депутаттарынын региондордогу шайлоочулар менен иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар алар менен жолугушуу үчүн атайын жайларды бөлүп берет. 2. Депутаттардын шайлоочулар менен иштөө тартиби, депутаттардын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга кайрылуу жол-жоболору, депутаттын өкүлчүлүк ишинин кепилдиктеринин маселелери ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзам жана ушул Регламент менен аныкталат. 3. Фракция, депутаттык топ өзүнүн мүчөлөрүнүн шайлоочулар менен иштөө жана төмөнкү маселелер боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын өкүлчүлүк функцияларын аткаруу боюнча ишин уюштурат: 1) фракциянын, депутаттык топтун дарегине келип түшкөн кайрылууларды, сунуштарды, арыздарды өз учурунда, объективдүү жана толук кароо, алар боюнча зарыл чараларды көрүү жана бул маселелер боюнча Жогорку Кеңештин комитеттери менен өз ара аракеттенүү; 2) ошол фракциянын, депутаттык топтун дарегине шайлоочулар кайрылганда, фракциянын, депутаттык топтун мүчөсү болуп саналган депутаттардын шайлоочуларды жеке кабыл алуусу; 3) депутаттардын дарегине келип түшкөн кайрылууларды өз учурунда, объективдүү жана толук кароо максатында алар боюнча маселелерди чечүүдө аларга көмөк көрсөтүү жана алар боюнча зарыл чараларды көрүү; 4) депутаттарга тиешелүү региондорду бекитип берүү жолу менен өлкөнүн ар кайсы региондорунда жашаган шайлоочулар менен депутаттардын - фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүнүн жолугушууларын өткөрүү; 5) фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча жана катышуусу менен мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен чогулуштарды, конференцияларды, жолугушууларды жана башка иш-чараларды өткөрүү; 6) конкреттүү депутаттардын атына жана фракциянын, депутаттык топтун дарегине келип түшкөн кайрылууларды жалпылоо жана талдоо; 7) фракциянын, депутаттык топтун катышуусу менен өткөрүлгөн, өкүлчүлүк функцияларды аткарууга багытталган иш-чараларды жалпылоо жана талдоо; 8) жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн жана Жогорку Кеңештеги фракциялардын, депутаттык топтордун ишинин абалы жөнүндө шайлоочуларга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымдоо. 4. Фракциялардын, депутаттык топтордун, депутаттардын шайлоочулар менен иштөө тартиби шайлоочулар менен иштөө жөнүндө жобо менен аныкталат.