Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 147
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 30Статус: действует

Статья 147. Межпарламентские комиссии, группы дружбы и постоянные парламентские делегации

1.

Основные задачи, функции, порядок образования и деятельность межпарламентских комиссий, групп дружбы и постоянных парламентских делегаций Жогорку Кенеша в межпарламентских и международных организациях регламентируются положением и утверждаются Жогорку Кенешем большинством голосов от общего числа депутатов.

2.

Проекты составов официальных парламентских делегаций, направляемых за рубеж, формируются профильным комитетом с учетом предложений парламентских фракций, депутатских групп, депутатов, избранных по одномандатным округам и не вошедших во фракции и депутатские группы, групп дружбы и утверждаются Координационным советом.

3.

Выезд депутата в страны ближнего и дальнего зарубежья в соответствии с международными договорами, соглашениями, программами на основании приглашения осуществляется по решению профильного комитета согласно распоряжению Торага.

Выезд депутата в зарубежные командировки по персональным приглашениям с оплатой всех расходов приглашающей стороной осуществляется на основании распоряжения Торага.

Выезд депутата в страны ближнего и дальнего зарубежья в соответствии с международными обязательствами в период между сессиями Жогорку Кенеша осуществляется на основании распоряжения Торага без согласования с профильным комитетом.

4.

Для приема делегаций зарубежных парламентов, межпарламентских организаций Жогорку Кенеш утверждает единый порядок финансового и организационно-технического обеспечения, который распространяется на депутатов, выезжающих за рубеж в рамках межпарламентских комиссий или в составе официальных парламентских делегаций.

(В редакции Закона от 25 июля 2025 года № 154)

Кыргызча
Парламенттер аралык комиссиялар, достук топтору жана туруктуу парламенттик делегациялар 1. Жогорку Кеңештин парламенттер аралык комиссияларынын, достук топторунун жана парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу парламенттик делегацияларынын негизги милдеттери, функциялары, аларды түзүүнүн жана ишинин тартиби жобо менен жөнгө салынат жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет. 2. Чет өлкөлөргө жөнөтүлүп жаткан расмий парламенттик делегациялардын курамдарынын долбоорлорун парламенттик фракциялардын, депутаттык топтордун, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын, достук топтордун сунуштарын эске алуу менен тармактык комитет түзөт жана Координациялык кеңеш бекитет. 3. Чакыруулардын негизинде эл аралык келишимдерге, макулдашууларга, программаларга ылайык депутаттын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө чыгуусу тармактык комитеттин чечими боюнча Төраганын тескемесине ылайык жүзөгө ашырылат. Бардык чыгымдарды чакырып жаткан тараптын төлөөсү менен жекече чакыруу боюнча депутаттын чет өлкөгө иш сапарга чыгуусу Төраганын тескемесинин негизинде жүзөгө ашырылат. Жогорку Кеңештин сессияларынын ортосундагы мезгилде депутаттын эл аралык милдеттенмелерге ылайык жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө чыгуусу Төраганын тескемесинин негизинде, тармактык комитет менен макулдашуусуз жүргүзүлөт. 4. Чет өлкөлүк парламенттердин, парламенттер аралык уюмдардын делегацияларын кабыл алуу үчүн Жогорку Кеңеш каржылык жана уюштуруу-техникалык камсыз кылуунун бирдиктүү тартибин бекитет, ал парламенттер аралык комиссиялардын алкагында же расмий парламенттик делегациялардын курамында чет өлкөлөргө жөнөп жаткан депутаттарга жайылтылат. (КР 2025-жылдын 25-июлундагы № 154 Мыйзамынын редакциясына ылайык) VIII БӨЛҮМ. ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ШАЙЛООЧУЛАР, МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР, ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ ЖАНА ЖАРАНДЫК КООМДУН УЮМДАРЫ МЕНЕН ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮСҮ 31-глава. Шайлоочулар менен иштөө