Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 141
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 29Статус: действует

Статья 141. Депутатская этика

1.

Каждый депутат Жогорку Кенеша при исполнении своих полномочий обязан избегать конфликта личных и общественных интересов (далее - конфликт интересов).

2.

В случае возникновения конфликта интересов депутат обязан вести себя в соответствии с Кодексом депутатской этики. Депутат должен делать все, чтобы его добросовестность не вызывала у общественности сомнений и общественность имела возможность убедиться в этом.

3.

До начала или в ходе рассмотрения определенного вопроса на заседании Жогорку Кенеша, комитета, фракции, депутатской группы, комиссии депутат, имеющий к данному вопросу личный интерес, обязан поставить в известность председательствующего о конфликте интересов и самоустраниться от дальнейшего обсуждения вопроса и голосования.

4.

В случае нарушения депутатом этих положений комитет, ведающий вопросами регламента, должен представить соответствующее заключение на рассмотрение Жогорку Кенеша.

5.

На заседаниях выступающий депутат обязан соблюдать нормы депутатской этики: не употреблять грубые оскорбительные выражения, непристойные и бранные слова, не допускать в чей-либо адрес необоснованные обвинения, высказывания, порочащие честь, достоинство и деловую репутацию, не использовать заведомо ложную информацию, не призывать к незаконным действиям.

Кыргызча
Депутаттык этика 1. Жогорку Кеңештин ар бир депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарып жаткан учурда жеке жана коомдук кызыкчылыктардын кагылышуусунан (мындан ары - кызыкчылыктардын кагылышуусу) оолак болууга милдеттүү. 2. Кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыккан учурда депутат өзүн Депутаттык этиканын кодексине ылайык алып жүрүүгө милдеттүү. Депутат өзүнүн ак ниеттүүлүгү коомчулукта шектенүү пайда кылбашы жана коомчулук буга ишенүүгө мүмкүнчүлүк алышы үчүн баарын жасоого тийиш. 3. Жогорку Кеңештин, комитеттин, фракциянын, депутаттык топтун, комиссиянын жыйналышында белгилүү бир маселени караганга чейин же аны кароонун жүрүшүндө ошол маселеге жеке кызыкчылыгы бар депутат кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө төрагалык кылуучуга билдирүүгө жана маселени андан аркы талкуулоодон жана добуш берүүдөн өзүн-өзү четтетүүгө милдеттүү. 4. Мындай жоболорду депутат бузган учурда регламент маселелери карамагында турган комитет Жогорку Кеңештин кароосуна тиешелүү корутундуну сунуш кылууга тийиш. 5. Жыйналыштарда сүйлөп жаткан депутат депутаттык этиканын ченемдерин сактоого: өтө орой сөздөрдү, уят жана сөгүнгөн сөздөрдү колдонбоого, кимдир-бирөөгө карата ар-намысына, кадыр-баркына жана ишмердик беделине доо кетирүүчү негизсиз айыптоолорго, сөздөргө жол бербөөгө, билип туруп жалган маалыматтарды пайдаланбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого милдеттүү.