Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 130
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 25Статус: действует

Статья 130. Ежегодные и специальные доклады Акыйкатчы (Омбудсмена) и директора Национального центра

1.

Парламентский контроль за соблюдением прав и свобод человека и гражданина в Кыргызской Республике возлагается на Акыйкатчы (Омбудсмена).

2.

До 1 апреля каждого года Акыйкатчы (Омбудсмен) представляет Жогорку Кенешу ежегодный доклад о состоянии прав и свобод человека и гражданина в Кыргызской Республике.

3.

Национальный центр ежегодно до 1 марта представляет в Жогорку Кенеш доклад о своей деятельности и финансовый отчет за предыдущий год.

Ежегодный доклад должен содержать общие оценки, заключения о состоянии сферы предупреждения пыток и жестокого обращения и рекомендации по их предупреждению. В ежегодном докладе должны быть указаны государственные органы (должностные лица), которые препятствовали деятельности Национального центра, не принимали во внимание его рекомендации.

При необходимости Национальный центр может представить Жогорку Кенешу специальный доклад (доклады) по фактам грубых нарушений прав человека, выявленных в местах лишения и ограничения свободы, и требующих немедленного решения.

4.

Жогорку Кенеш после рассмотрения докладов Акыйкатчы (Омбудсмена) и директора Национального центра профильным комитетом на первом же заседании обязан заслушать их доклады.

Дата выступления с докладами Акыйкатчы (Омбудсмена) и директора Национального центра определяется Жогорку Кенешем в ежемесячном плане работы.

Парламентские фракции, депутатские группы и депутаты, избранные по одномандатным округам и не вошедшие во фракции и депутатские группы, могут выступить для определения своего отношения к докладу.

5.

На заседания Жогорку Кенеша по заслушиванию ежегодных и специальных докладов Акыйкатчы (Омбудсмена) и директора Национального центра приглашаются Председатель Кабинета Министров, Генеральный прокурор, члены Кабинета Министров, руководители иных государственных органов.

6.

По итогам заслушивания докладов Акыйкатчы (Омбудсмена) и директора Национального центра Жогорку Кенеш должен оценить целесообразность выполнения рекомендаций Акыйкатчы (Омбудсмена) государственными органами, органами местного самоуправления и их должностными лицами и принять соответствующее решение.

Кыргызча
Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун ар жылдык жана атайын баяндамалары 1. Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо үчүн парламенттик контроль Акыйкатчыга (Омбудсменге) жүктөлөт. 2. Ар бир жылдын 1-апрелине чейин Акыйкатчы (Омбудсмен) Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин абалы жөнүндө Жогорку Кеңешке ар жылдык баяндаманы берет. 3. Улуттук борбор жыл сайын 1-мартка чейин Жогорку Кеңешке өзүнүн иши жөнүндө баяндама жана өткөн жыл үчүн финансылык отчет берет. Ар жылдык баяндама кыйноолордун жана катаал мамиленин алдын алуу чөйрөсүнүн абалы жөнүндө жалпы баа берүүлөрдү, корутундуларды жана алардын алдын алуу боюнча сунуштамаларды камтууга тийиш. Ар жылдык баяндамада Улуттук борбордун ишине тоскоолдук кылган, анын сунуштамаларын этибарга албаган мамлекеттик органдар (кызмат адамдары) көрсөтүлүүгө тийиш. Зарыл болгондо Улуттук борбор эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жерлерде табылган жана дароо чечүүнү талап кылган адам укуктарын одоно бузуу фактылары боюнча атайын баяндаманы (баяндамаларды) Жогорку Кеңешке бере алат. 4. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун баяндамалары тармактык комитет тарабынан каралгандан кийин Жогорку Кеңеш алардын баяндамаларын биринчи эле жыйналышта угууга милдеттүү. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун баяндама менен сөз сүйлөө датасын Жогорку Кеңеш ар айлык иш планында аныктайт. Парламенттик фракциялар, депутаттык топтор жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар баяндамага карата өздөрүнүн мамилесин аныктоо үчүн сөз сүйлөй алат. 5. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун ар жылдык жана атайын баяндамаларын угуу боюнча Жогорку Кеңештин жыйналыштарына Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Башкы прокурор, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери чакырылат. 6. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун баяндамаларын угуунун жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңеш Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамаларын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан аткарылышынын максатка ылайыктуулугуна баа берүүгө жана тиешелүү чечим кабыл алууга тийиш.