Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 125
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 23Статус: действует

Статья 125. Порядок рассмотрения предложений об освобождении членов Кабинета Министров и руководителей органов исполнительной власти

1.

Фракция, депутатская группа или депутаты, избранные по одномандатным округам и не вошедшие во фракции и депутатские группы, вправе инициировать вопрос об освобождении членов Кабинета Министров и руководителей органов исполнительной власти.

2.

Жогорку Кенеш рассматривает и решает вопросы об освобождении членов Кабинета Министров и руководителей органов исполнительной власти, предусмотренных Конституцией, не позднее 10 рабочих дней со дня поступления предложения.

3.

Указанное предложение не позднее 5 дней со дня получения в обязательном порядке обсуждается в ответственном комитете, который по данному вопросу готовит заключение и направляет его в Координационный совет для внесения в повестку дня заседания Жогорку Кенеша и рассмотрения во внеочередном порядке.

4.

Другие комитеты, фракции и депутатские группы до обсуждения соответствующего предложения и рассмотрения вопроса в ответственном комитете вправе за 2 календарных дня до окончания срока дать ответственному комитету заключение о приостановлении полномочий должностного лица, в отношении которого внесено предложение.

5.

Должностное лицо, в случае приглашения по внесенному предложению о прекращении полномочий, обязано принять участие на заседаниях комитета, фракции, депутатских групп и ответить на поставленные вопросы.

6.

Жогорку Кенеш рассматривает вопрос по процедуре полного обсуждения. Постановление об освобождении отдельных членов Кабинета Министров и отдельных руководителей органов исполнительной власти принимается большинством голосов от общего числа депутатов.

7.

Жогорку Кенеш не вправе рассматривать вопрос об освобождении некоторых членов Кабинета Министров и отдельных руководителей органов исполнительной власти за 4 месяца до проведения очередных выборов Президента.

8.

Президент вправе в течение 10 календарных дней принять решение Жогорку Кенеша об освобождении некоторых членов Кабинета Министров и отдельных руководителей органов исполнительной власти или не согласиться с решением Жогорку Кенеша.

9.

В случае повторного принятия Жогорку Кенешем в течение 2 месяцев решения об освобождении от должности некоторых членов Кабинета Министров и отдельных руководителей органов исполнительной власти, с учетом предложения Жогорку Кенеша Президент в соответствии с законом рассматривает вопрос об освобождении от должности некоторых членов Кабинета Министров и отдельных руководителей органов исполнительной власти.

Кыргызча
Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин бошотуу жөнүндө сунуштарды кароонун тартиби 1. Фракция, депутаттык топ же бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин бошотуу жөнүндө маселени демилгелөөгө укуктуу. 2. Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин бошотуу тууралуу маселелерди сунуш түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен карайт жана чечет. 3. Көрсөтүлгөн сунуш алынган күндөн тартып 5 күндөн кечиктирилбестен милдеттүү түрдө жооптуу комитетте талкууланат, ал ушул маселе боюнча корутунду даярдайт жана аны Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизүү жана кезексиз тартипте кароо үчүн Координациялык кеңешке жөнөтөт. 4. Башка комитеттер, фракциялар жана депутаттык топтор тиешелүү сунушту талкуулоого жана жооптуу комитетте маселе каралганга чейин өзүнө карата сунуш киргизилген кызмат адамынын ыйгарым укуктарын токтото туруу жөнүндө корутундуну жооптуу комитетке мөөнөт аяктаганга чейин 2 календардык күн мурда берүүгө укуктуу. 5. Ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө киргизилген сунуш боюнча чакырылган учурда кызмат адамы комитеттин, фракциянын, депутаттык топтордун жыйналыштарына катышууга жана берилген суроолорго жооп берүүгө милдеттүү. 6. Жогорку Кеңеш маселени толук талкуулоо жол-жобосу боюнча карайт. Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүн жана аткаруу бийлик органдарынын айрым жетекчилерин бошотуу жөнүндө токтом депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 7. Президентти кезектеги шайлоону өткөрүүгө чейин 4 ай калганда Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүн жана аткаруу бийлик органдарынын айрым жетекчилерин бошотуу жөнүндө маселени кароого укуксуз. 8. Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүн жана аткаруу бийлик органдарынын айрым жетекчилерин бошотуу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечимин Президент 10 календардык күндүн ичинде кабыл алууга же Жогорку Кеңештин чечимине макул болбоого укуктуу. 9. Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүн жана аткаруу бийлик органдарынын айрым жетекчилерин бошотуу жөнүндө чечимди 2 айдын ичинде кайталап кабыл алган учурда, Жогорку Кеңештин сунушун эске алуу менен Президент мыйзамга ылайык Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүн жана аткаруу бийлик органдарынын айрым жетекчилерин кызматтан бошотуу жөнүндө маселени карайт.