Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 12
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 3Статус: действует

Статья 12. Руководство фракции и депутатской группы

1.

Фракцию возглавляет избранный ею лидер, а депутатскую группу - избранный ею руководитель.

2.

Кандидатура лидера фракции и руководителя депутатской группы представляется по инициативе одной трети от общего числа членов фракции, депутатской группы и избирается большинством голосов от их общего числа.

3.

Предложение об освобождении лидера фракции или руководителя депутатской группы вносится по инициативе одной трети от общего числа членов фракции, депутатской группы и принимается большинством голосов от их общего числа.

4.

Полномочия лидера фракции и (или) руководителя депутатской группы:

1) представляет фракцию, депутатскую группу в Жогорку Кенеше и за его пределами;

2) организует и координирует работу фракции и (или) депутатской группы;

3) подписывает решения фракции и (или) депутатской группы;

4) осуществляет контроль за соблюдением внутрифракционной и (или) внутригрупповой дисциплины;

5) по решению фракции и (или) депутатской группы предлагает кандидатуры в структуру Жогорку Кенеша;

6) контролирует исполнение решений фракции и (или) депутатской группы;

7) по решению фракции и (или) депутатской группы оглашает их политическую позицию по обсуждаемому вопросу на заседании;

8) обеспечивает взаимодействие фракции, депутатской группы с руководством Жогорку Кенеша и другими ветвями государственной власти;

9) предлагает представителей в состав счетной комиссии и постоянной комиссии по контролю электронной системы голосования;

10) обеспечивает участие членов фракции, депутатской группы в заседаниях Жогорку Кенеша, комитетов, временных комиссий, а также в мероприятиях Жогорку Кенеша;

11) представляет кандидатуры для назначения в секретариаты фракции, депутатской группы и осуществляет над ними общее руководство;

12) осуществляет иные полномочия в соответствии с положением о фракции, депутатской группе.

5.

Лидер фракции и (или) руководитель депутатской группы не может занимать одновременно должности Торага, заместителя Торага, председателя и заместителя председателя комитета и временной комиссии.

Кыргызча
Фракциянын жана депутаттык топтун жетекчилиги 1. Фракцияга - ал шайлаган лидер, ал эми депутаттык топко ал шайлаган жетекчи башчылык кылат. 2. Фракциянын лидерлигине жана депутаттык топтун жетекчисине талапкер фракциянын же депутаттык топтун мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча сунуш кылынат жана алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат. 3. Фракциянын лидерин же депутаттык топтун жетекчисин бошотуу жөнүндө сунуш фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча киргизилет жана алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 4. Фракциянын лидеринин жана (же) депутаттык топтун жетекчисинин ыйгарым укуктары: 1) Жогорку Кеңеште жана анын чегинен тышкары жерде фракциянын, депутаттык топтун атынан иш алып барат; 2) фракциянын жана (же) депутаттык топтун ишин уюштурат жана координациялайт; 3) фракциянын жана (же) депутаттык топтун чечимдерине кол коет; 4) ички фракциялык жана (же) ички топтук тартиптин сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат; 5) фракциянын жана (же) депутаттык топтун чечими боюнча Жогорку Кеңештин түзүмүнө талапкерлерди сунуш кылат; 6) фракциянын жана (же) депутаттык топтун чечимдеринин аткарылышын контролдойт; 7) фракциянын жана (же) депутаттык топтун чечими боюнча жыйналышта талкууланып жаткан маселе боюнча алардын саясий позициясын жарыялайт; 8) фракциянын, депутаттык топтун Жогорку Кеңештин жетекчилиги жана мамлекеттик бийликтин башка бутактары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат; 9) эсептөө комиссиясынын жана добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча туруктуу комиссиянын курамына өкүлдөрдү сунуш кылат; 10) Жогорку Кеңештин, комитеттердин, убактылуу комиссиялардын жыйналыштарына, ошондой эле Жогорку Кеңештин иш-чараларына фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүнүн катышуусун камсыз кылат; 11) фракциянын, депутаттык топтун катчылыктарына дайындоо үчүн талапкерлерди сунуш кылат жана аларга жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат; 12) фракция, депутаттык топ жөнүндө жобого ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. 5. Фракциянын лидери жана (же) депутаттык топтун жетекчиси бир эле учурда Төраганын, Төраганын орун басарынын, комитеттин жана убактылуу комиссиянын төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын кызмат орундарын ээлей албайт.