Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 118
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 21Статус: действует

Статья 118. Порядок проведения парламентских слушаний

1.

Парламентские слушания ведет лидер фракции, руководитель депутатской группы, председатель комитета или комиссии, инициировавших их проведение.

2.

Председательствующий предоставляет слово для выступления депутатам и приглашенным лицам, следит за порядком обсуждения, выступает с сообщениями.

3.

Продолжительность парламентских слушаний определяют фракция, депутатская группа, комитет и комиссия Жогорку Кенеша, исходя из характера обсуждаемых вопросов.

4.

Проведение парламентских слушаний во время заседаний Жогорку Кенеша не допускается, если Жогорку Кенеш не примет иное решение.

5.

Парламентские слушания начинаются вступительным словом председательствующего, который информирует присутствующих о существе обсуждаемого вопроса, порядке проведения заседания, составе приглашенных лиц. Затем предоставляется слово, до 20 минут, представителю фракции, депутатской группы, комитета или комиссии для доклада по обсуждаемому вопросу, после чего выступают депутаты и приглашенные лица.

6.

Все приглашенные лица выступают только с разрешения председательствующего.

7.

После выступлений на парламентских слушаниях докладчиков и приглашенных лиц следуют письменные и устные вопросы участников и ответы на них.

8.

Участники парламентских слушаний не вправе прерывать выступающих выкриками, аплодисментами, нарушать регламент парламентских слушаний. Председательствующий вправе удалить нарушителей из зала.

Кыргызча
Парламенттик угууларды өткөрүү тартиби 1. Парламенттик угууларды аларды өткөрүүнү демилгелеген фракциянын лидери, депутаттык топтун жетекчиси, комитеттин же комиссиянын төрагасы алып барат. 2. Төрагалык кылуучу депутаттарга жана чакырылган адамдарга сүйлөө үчүн сөз берет, талкуулоонун тартибине көз салат, билдирүүлөр менен сөз сүйлөйт. 3. Парламенттик угуулардын узактыгын талкууланып жаткан маселелердин мүнөзүнө таянуу менен Жогорку Кеңештин фракциясы, депутаттык тобу, комитети жана комиссиясы аныктайт. 4. Эгерде Жогорку Кеңеш башка чечим кабыл албаса, Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын убагында парламенттик угууларды өткөрүүгө жол берилбейт. 5. Парламенттик угуулар төрагалык кылуучунун кириш сөзү менен башталат, ал катышып отургандарга талкуулана турган маселенин маңызы, жыйналышты өткөрүүнүн тартиби, чакырылган адамдардын курамы жөнүндө маалымдайт. Андан кийин талкуулануучу маселе боюнча баяндама үчүн фракциянын, депутаттык топтун, комитеттин же комиссиянын өкүлүнө 20 мүнөткө чейин сөз берилет, андан соң депутаттар жана чакырылган адамдар сөз сүйлөйт. 6. Чакырылган адамдардын бардыгы төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана сөз сүйлөйт. 7. Парламенттик угууларда баяндамачылар жана чакырылган адамдар сөз сүйлөгөндөн кийин катышуучулардын жазуу жүзүндөгү жана оозеки суроолору жана аларга жооптор берилет. 8. Парламенттик угуулардын катышуучулары сүйлөп жаткандардын сөздөрүн кыйкырыктар, кол чабуулар менен үзгүлтүккө учуратууга, парламенттик угуулардын регламентин бузууга укуксуз. Төрагалык кылуучу тартип бузуучуларды залдан чыгарып жиберүүгө укуктуу.