Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 113
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 20Статус: действует

Статья 113. Права комитетов при осуществлении контроля исполнения законов и решений Жогорку Кенеша

1.

Комитеты в целях осуществления своих полномочий вправе обратиться в государственный орган, за исключением судов и судей по существу рассмотренных или находящихся в их производстве дел, орган местного самоуправления и к их должностным лицам по фактам нарушения либо невыполнения положений законов и решений Жогорку Кенеша, а также по другим вопросам, имеющим государственное и общественное значение.

2.

При проверке исполнения законов и решений Жогорку Кенеша комитеты вправе привлекать к участию в проводимых ими мероприятиях представителей государственных органов, наделенных контрольно-надзорными функциями, а также представителей негосударственных аудиторских служб и отдельных специалистов.

3.

Комитеты вправе запрашивать у государственных органов и организаций, получающих финансирование из государственного бюджета или осуществляющих функции либо часть функций государственного органа, предприятий, имеющих государственную долю собственности, учреждений, организаций документы и материалы, а также приглашать на заседания их должностных лиц.

4.

Государственные органы, органы местного самоуправления, предприятия, учреждения, организации независимо от форм собственности и их должностные лица обязаны предоставлять комитетам запрашиваемые ими документы, материалы, информацию.

5.

Оригиналы или копии запрашиваемых документов и материалов, заверенные ответственным лицом, должны предоставляться комитетам Жогорку Кенеша в срок, не превышающий одного месяца.

Кыргызча
Мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууда комитеттердин укуктары 1. Комитеттер өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында, каралган же алардын өндүрүшүндө турган иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо, мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жана алардын кызмат адамдарына мыйзамдардын жоболорун жана Жогорку Кеңештин чечимдерин бузуу же болбосо аткарбоо фактылары боюнча, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук мааниге ээ болгон башка маселелер боюнча кайрылууга укуктуу. 2. Мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын текшерүүдө комитеттер өздөрү жүргүзүп жаткан иш-чараларга катышууга контролдоо-көзөмөлдөө функциялары берилген мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, ошондой эле мамлекеттик эмес аудитордук кызматтардын өкүлдөрүн жана айрым адистерди тартууга укуктуу. 3. Комитеттер мамлекеттик органдардан жана мамлекеттик бюджеттен каржылоону алган же мамлекеттик органдын функцияларын же болбосо функцияларынын бир бөлүгүн жүзөгө ашырып жаткан уюмдардан, менчиктин мамлекеттик үлүшү бар ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан документтерди жана материалдарды суратып алууга, ошондой эле алардын кызмат адамдарын жыйналыштарга чакырууга укуктуу. 4. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер, уюмдар жана алардын кызмат адамдары комитеттерге алар сураткан документтерди, материалдарды, маалыматтарды берүүгө милдеттүү. 5. Суратылган документтердин жана материалдардын түп нускалары же жооптуу адам тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү Жогорку Кеңештин комитеттерине бир айдан ашпаган мөөнөттө берилиши керек.