Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 101
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 17Статус: действует

Статья 101. Рассмотрение Жогорку Кенешем исполнения республиканского бюджета, бюджетов Социального фонда и Фонда обязательного медицинского страхования

1.

Жогорку Кенеш осуществляет контроль исполнения республиканского бюджета, бюджетов Социального фонда и Фонда обязательного медицинского страхования.

Профильный комитет рассматривает отчеты об исполнении соответствующих бюджетов согласно положениям соответствующих законов и настоящего Регламента с учетом проведенных аудитов Счетной палаты, замечаний и предложений комитетов и вносит на рассмотрение Жогорку Кенеша.

2.

Уполномоченный орган не позднее 15 календарных дней после отчетного квартала представляет информацию о текущем расходовании бюджетных средств в профильный комитет Жогорку Кенеша. Профильный комитет не позднее 3 дней со дня получения ежеквартальной информации направляет ее фракциям, депутатским группам, депутатам, избранным по одномандатным округам и не вошедшим во фракции и депутатские группы, и комитетам Жогорку Кенеша.

3.

Фракции, депутатские группы, депутаты, избранные по одномандатным округам и не вошедшие во фракции и депутатские группы, и комитеты Жогорку Кенеша вправе:

1) рассматривать текущее исполнение республиканского бюджета, бюджетов Социального фонда и Фонда обязательного медицинского страхования по вопросам своего ведения не более четырех раз в год;

2) запрашивать отчеты Счетной палаты об аудите эффективности использования средств государственными органами, органами местного самоуправления, юридическими лицами с участием государственных органов, органов местного самоуправления, а также организаций, финансируемых из республиканского бюджета, и другие отчеты об аудите в соответствии с законодательством.

4.

Жогорку Кенеш по предложению комитета (комитетов) вправе поручать Счетной палате по итогам рассмотрения вопросов текущего исполнения обозначенных бюджетов подготовку специальных отчетов об исполнении этих бюджетов.

Кыргызча
Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышын кароосу 1. Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышына контролду жүзөгө ашырат. Тармактык комитет тиешелүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетторду тиешелүү мыйзамдардын жана ушул Регламенттин жоболоруна ылайык Эсептөө палатасы жүргүзгөн аудиттердин, комитеттердин сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен карайт жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет. 2. Ыйгарым укуктуу орган бюджеттик каражаттардын учурдагы чыгымдалышы жөнүндө маалыматты отчеттук кварталдан кийин 15 календардык күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин тармактык комитетине берет. Тармактык комитет ар кварталдагы маалыматты алган күндөн тартып 3 күндөн кечиктирбестен аны Жогорку Кеңештин фракцияларына, депутаттык топторуна, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттарына жана комитеттерине жөнөтөт. 3. Жогорку Кеңештин фракциялары, депутаттык топтору, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттары жана комитеттери төмөнкүлөргө укуктуу: 1) өзүнүн карамагындагы маселелер боюнча республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин учурдагы аткарылышын жылына төрт жолудан ашык эмес кароого; 2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусундагы юридикалык жактар, ошондой эле республикалык бюджеттен каржылануучу уюмдар каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугунун аудити жөнүндө Эсептөө палатасынын отчетторун жана аудит жөнүндө башка отчетторду мыйзамдарга ылайык суратууга. 4. Жогорку Кеңеш комитеттин (комитеттердин) сунушу боюнча белгиленген бюджеттерди учурдагы аткаруу маселелерин кароонун жыйынтыктары боюнча бул бюджеттердин аткарылышы жөнүндө атайын отчетторду даярдоону Эсептөө палатасына тапшырууга укуктуу.