Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 15
Закон КР от 30 июня 2022 года № 50 "Об игорной деятельности в Кыргызской Республике" · гл. 4Статус: действует

Статья 15. Ограничения, устанавливаемые для сотрудников и клиентов игорных заведений

1.

Штат игорных заведений должен быть укомплектован сотрудниками не моложе 21 года, обладающими полной дееспособностью.

2.

Клиентами игорных заведений не могут быть:

1) граждане Кыргызской Республики;

2) иностранные граждане, не достигшие 21-летнего возраста;

3) недееспособные иностранные граждане.

3.

Клиентам игорных заведений запрещается:

1) посещать игорные заведения в состоянии сильного алкогольного опьянения;

2) вести кино-, фото-, видеосъемку без разрешения игорного заведения;

3) входить в служебную зону игорного заведения.

4.

Правилами игорных заведений могут быть установлены иные запреты, касающиеся норм общественного поведения и морали, а также ограничения, не противоречащие нормативным правовым актам Кыргызской Республики, которые обязательны для клиентов и работников игорных заведений.

5.

Сотрудники игорного заведения имеют право потребовать от любого клиента, нарушающего установленные игорным заведением правила, а также положения настоящего Закона, немедленно покинуть игорное заведение.

Правила игорных заведений должны быть размещены на видном, доступном для клиентов месте.

6.

Для определения посетителей игорных заведений сотрудники игорных заведений обязаны потребовать при входе в игорные заведения предъявления документов, удостоверяющих личность участников азартной игры, а участники азартной игры обязаны предъявить документы, удостоверяющие личность.

7.

Граждане Кыргызской Республики, участвующие в азартных играх игорных заведений, несут ответственность в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.

Кыргызча
Оюн-зоок жайларынын кызматкерлери жана кардарлары үчүн белгиленген чектөөлөр 1. Оюн-зоок жайларынын штатына 21 жаштан жаш эмес (аракетке толук жөндөмдүү) кызматкерлер алынышы зарыл. 2. Оюн-зоок жайларынын кардарлары төмөнкүлөр боло албайт: 1) Кыргыз Республикасынын жарандары; 2) 21 жашка толо элек чет өлкөлүк жарандар; 3) аракетке жөндөмсүз чет өлкөлүк жарандар. 3. Оюн-зоок жайларынын кардарларына төмөнкүлөргө тыюу салынат: 1) абдан мас абалында оюн-зоок жайларына кирүүгө; 2) оюн-зоок жайларынын уруксаты жок киного, сүрөткө, видеого тартууга; 3) оюн-зоок жайларынын кызматтык зонасына кирүүгө. 4. Оюн-зоок жайларынын эрежелеринде коомдук жүрүм-турум жана адеп-ахлак ченемдерине тиешелүү башка тыюу салуулар, ошондой эле оюн-зоок жайларынын кардарлары жана кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген башка чектөөлөр белгилениши мүмкүн. 5. Оюн-зоок жайларынын кызматкерлери оюн-зоок жайлары белгилеген эрежелерди, ошондой эле ушул Мыйзамдын жоболорун бузган кандай кардар болбосун оюн-зоок жайынан тез арада чыгып кетүүнү талап кылууга укуктуу. Оюн-зоок жайларынын эрежелери кардарлар үчүн көрүнүктүү, жеткиликтүү жерде жайгаштырылышы керек. 6. Оюн-зоок жайларынын кардарларын аныктоо үчүн оюн-зоок жайларынын кызматкерлери оюн-зоок жайларына киргизүүдө кумар оюндарынын катышуучуларынын ким экендигин ырастоочу документтерди көрсөтүүнү талап кылууга, ал эми кумар оюндарынын катышуучулары ким экендигин ырастоочу документтерин көрсөтүүгө милдеттүү. 7. Оюн-зоок жайларында кумар оюндарына катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.