Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 44
Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках" · гл. 4Статус: действует

Статья 44. Действия закупающей организации/Агента

1.

Поставщики имеют право подать жалобы на условия (требования) документации о закупке и на решения, действия (бездействия) закупающей организации/Агента в адрес закупающей организации/Агента в рабочие дни.

2.

Жалоба на метод государственных закупок и условия документации о закупке может быть подана поставщиком не позднее 2 рабочих дней до окончательного срока подачи предложений, установленного документацией о закупке.

Жалоба на действие (бездействие), решение закупающей организации/Агента подается не позднее 3 рабочих дней с даты публикации итогов оценки на веб-портале в соответствии со статьями 25 и 29 настоящего Закона.

В случае признания закупки несостоявшейся в связи с отклонением всех предложений жалоба подается не позднее 3 рабочих дней с даты публикации такой информации.

3.

При поступлении жалобы на метод государственных закупок или условия документации о закупке закупающая организация/Агент рассматривает жалобу в электронном формате и в течение 3 рабочих дней со дня поступления жалобы выносит мотивированное решение. При этом окончательный срок подачи предложений переносится на 5 рабочих дней.

При поступлении жалобы на действие (бездействие) или решение закупающей организации, или изменение условий контракта процедура закупок приостанавливается на 5 рабочих дней, при этом веб-портал автоматически направляет всем участникам уведомление о жалобе. Закупающая организация/Агент рассматривает жалобу в электронном формате и в течение 3 рабочих дней со дня поступления жалобы выносит мотивированное решение.

Закупающая организация/Агент выносит одно из следующих решений:

1) о признании жалобы обоснованной;

2) о признании жалобы необоснованной.

Мотивированное решение закупающей организации/Агента размещается на веб-портале.

4.

В случае если закупающая организация/Агент не вынесла решение по жалобе в срок, установленный частью 3 настоящей статьи, то жалоба считается обоснованной и удовлетворенной. Решение закупающей организации/Агента, вынесенное по истечении срока для рассмотрения жалобы, ничтожно.

5.

Поставщики, не согласные с решением комиссии по жалобе закупающей организации/Агента, имеют право подать административную жалобу в независимую комиссию.

(В редакции Закона Кыргызской Республики от 6 августа 2026 года № 144)

Кыргызча
Сатып алуучу уюмдун/Агенттин аракеттери 1. Берүүчүлөр сатып алуу жөнүндө документтердин шарттарына (талаптарына) жана сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) сатып алуучу уюмдун/Агенттин дарегине жумуш күндөрү даттанууга укуктуу. 2. Мамлекеттик сатып алуулар методуна жана сатып алуулар жөнүндө документтердин шарттарына даттануу берүүчү тарабынан сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин 2 жумуш күндөн кечиктирилбестен берилиши мүмкүн. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттануу ушул Мыйзамдын 25 жана 29-беренелерине ылайык веб-порталга баалоонун жыйынтыктары жарыяланган күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен берилет. Бардык сунуштарды четке кагууга байланыштуу сатып алуу болгон жок деп таанылган учурда, даттануу мындай маалымат жарыяланган күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен берилет. 3. Мамлекеттик сатып алуулардын методуна же сатып алуу жөнүндө документтердин шарттарына даттануулар келип түшкөндɵ, сатып алуучу уюм/Агент электрондук форматта даттанууну карайт жана даттануу келип түшкөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде жүйөлүү чечим чыгарат. Мында сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 5 жумуш күнгө жылдырылат. Сатып алуучу уюмдун аракетине (аракетсиздигине) же чечимине же контракттын шарттарын өзгөртүүгө даттануулар келип түшкөндɵ, сатып алуулардын жол-жобосу 5 жумуш күнгө токтотулуп турат, мында веб-портал даттануу жөнүндө кабарламаны бардык катышуучуларга автоматтык түрдө жөнөтөт. Сатып алуучу уюм/Агент электрондук форматта даттанууну карайт жана даттануу келип түшкөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде жүйөлүү чечим чыгарат. Сатып алуучу уюм/Агент төмөнкүдөй чечимдердин бирин чыгарат: 1) даттанууну негиздүү деп таануу жөнүндө; 2) даттанууну негизсиз деп таануу жөнүндө. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин жүйөлүү чечими веб-порталга жайгаштырылат. 4. Эгерде сатып алуучу уюм/Агент ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө даттануу боюнча чечим чыгарбаса, анда даттануу негиздүү жана канааттандырылган болуп эсептелет. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин даттанууну кароо мөөнөтү аяктагандан кийин чыгарылган чечими жараксыз болот. 5. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин даттануусу боюнча комиссиянын чечимине макул болбогон берүүчүлɵр көз карандысыз комиссияга административдик даттануу берүүгө укуктуу. (КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)