Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 23
Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2021 года № 35 "Об аквакультуре, рыболовстве и охране водных биологических ресурсов" · гл. 5Статус: действует

Статья 23. Рыболовство

1.

Рыболовство осуществляется путем промысловой добычи рыбы и водных беспозвоночных, а также в виде любительского и спортивного рыболовства в рыбохозяйственных водоемах. Рыболовные участки водоемов для промыслового рыболовства предоставляются на основании конкурса сроком на один год. Порядок проведения конкурса определяется Правительством Кыргызской Республики.

2.

Добыча рыбы при ведении рыболовства осуществляется на основании договора пользования рыбохозяйственными водными объектами с уполномоченным органом в сфере рыбного хозяйства.

3.

Объектами рыболовства являются:

1) рыбы;

2) водные беспозвоночные;

3) кормовые объекты для рыб;

4) членистоногие.

4.

Правила рыболовства и перечень видов водных биоресурсов, отнесенных к объектам промыслового, любительского и спортивного рыболовства, утверждаются Правительством Кыргызской Республики.

5.

Право пользования водными биоресурсами предоставляется в пределах установленных лимитов, квот (норм) добычи рыбы на основании:

1) договора с уполномоченным органом в сфере рыбного хозяйства;

2) рыболовных, учетных, промысловых документов;

3) рыболовных билетов и карточек.

6.

Лица, получившие право пользования водными биоресурсами обязаны:

1) осуществлять рыбоохранные и рыбоводно-мелиоративные мероприятия по улучшению состояния водоемов и условий воспроизводства рыбы и других водных биоресурсов;

2) проводить работы по воспроизводству объектов рыбного промысла, любительского и спортивного рыболовства;

3) содержать в надлежащем санитарном состоянии береговые участки водоемов.

7.

Лица, получившие право пользования водными биоресурсами, могут осуществлять следующие виды рыболовства:

1) промысловое рыболовство;

2) любительское и спортивное рыболовство;

3) рыболовство в научных и контрольных целях;

4) рыболовство в целях воспроизводства и акклиматизации (переселения) водных биоресурсов.

Кыргызча
Балык уулоо 1. Балык уулоо балыкты жана суу омурткасыздарын өндүрмөлүк негизде кармоо жолу менен, ошондой эле балык чарбалык суу көлмөлөрдө ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо түрүндө жүзөгө ашырылат. Суу көлмөлөрдүн өндүрмөлүк балык уулоо үчүн участоктору конкурстун негизинде бир жылдык мөөнөткө берилет. Конкурсту өткөрүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. 2. Балык уулоону жүргүзүүдөгү балык кармоо балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен балык чарбалык суу объекттерин пайдалануу келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат. 3. Балык уулоонун объекттери болуп төмөнкүлөр саналат: 1) балыктар; 2) суу омурткасыздары; 3) балыктар үчүн тоюттук объекттер; 4) муунак буттуулар. 4. Балык уулоо эрежелери жана өндүрмөлүк, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо объекттерине киргизилген суу биоресурстарынын түрлөрүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. 5. Суу биоресурстарын пайдалануу укугу балык кармоонун белгиленген лимиттеринин, квоталарынын (ченемдеринин) чегинде, төмөнкүлөрдүн негизинде берилет: 1) балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен келишимдин; 2) балык уулоочулук, эсептик, өндүрмөлүк документтердин; 3) балык уулоочулук билеттердин жана карточкалардын. 6. Суу биоресурстарын пайдалануу укугун алган жактар төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) көлмөлөрдүн абалын жана балыктарды, башка суу биоресурстарын өндүрүп чыгаруу шарттарын жакшыртуу боюнча балык коргоочулук жана балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык иш-чараларды жүзөгө ашырууга; 2) өндүрмөлүк балык уулоонун, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун объекттерин өндүрүп чыгаруу боюнча жумуштарды жүргүзүүгө; 3) көлмөлөрдүн жээк бойлорундагы участокторду талаптагыдай санитардык абалда күтүп-кармоого. 7. Суу биоресурстарын пайдалануу укугун алган жактар балык уулоонун төмөнкүдөй түрлөрүн жүзөгө ашыра алат: 1) өндүрмөлүк балык уулоо; 2) ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо; 3) илимий жана контролдук максаттарда балык уулоо; 4) суу биоресурстарын өндүрүп чыгаруу жана акклиматизациялоо (көчүрүү) максатында балык уулоо.