Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 5
Закон КР от 28 июля 2017 года № 163 "О государственных пособиях в Кыргызской Республике" · гл. 1Статус: действует

Статья 5. Виды и размеры государственных пособий

1.

Виды государственных пособий:

1) единовременная выплата при рождении каждого ребенка - "балага суйунчу";

2) ежемесячное пособие нуждающимся гражданам (семьям), имеющим детей до 16 лет, - "уй-булого комок";

3) ежемесячное пособие лицам, не имеющим права на пенсионное обеспечение, - "социальное пособие";

4) ежемесячное пособие детям, оба родителя которых неизвестны.

5) ежемесячное пособие гражданам (семьям), проживающим в населенных пунктах, расположенных в высокогорных и отдаленных труднодоступных зонах, на отдельных приграничных территориях, имеющих особый статус, с рождения третьего и каждого последующего ребенка до достижения ими возраста 3 лет - "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" (далее - ежемесячное пособие "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк").

6) единовременная выплата “Бала Береке” многодетным матерям, постоянно проживающим в условиях высокогорья и отдаленных труднодоступных зонах Кыргызской Республики (гражданам Кыргызской Республики и кайрылманам), родившим четверых и более детей после 1 января 2026 года (далее - единовременная выплата "Бала Береке”).

7) ежемесячное пособие детям со дня рождения и до достижения ими возраста 3 лет (далее - ежемесячное пособие "Бала ырысы").

2.

Размеры государственных пособий ежегодно устанавливаются Кабинетом Министров Кыргызской Республики исходя из возможностей бюджета и состояния экономики с учетом прожиточного минимума.

3.

Размер ежемесячного социального пособия для лиц, не имеющих права на пенсионное обеспечение и достигших возраста: мужчины - 65 лет, женщины - 60 лет; матери-героини - 55 лет, устанавливаются не выше размера базовой части пенсии, установленной в соответствии с законодательством Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования и пенсионного обеспечения.

4.

Размер, порядок назначения и выплаты ежемесячного пособия "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк", единовременной выплаты "Бала Береке" и ежемесячного пособия "Бала ырысы" утверждаются Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

5.

(Утратила силу в соответствии с Законом КР от 21 мая 2026 года № 71)

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 30 марта 2018 года № 33, 10 июля 2020 года № 75,9 марта 2023 года N 53, 6 декабря 2024 года N 193, 24 октября 2025 года № 232, 21 мая 2026 года №71 )

Кыргызча
Мамлекеттик жөлөкпулдардын түрлөрү жана өлчөмдөрү 1. Мамлекеттик жөлөкпулдардын түрлөрү: 1) "балага сүйүнчү" - ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөө; 2) "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул; 3) "социалдык жөлөкпул" - пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул; 4) ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул. 5) "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" - бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашоочу жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап алар 3 жашка чыкканга чейин берилүүчү ар айлык жөлөкпул (мындан ары - "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулу). 6) Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда туруктуу жашаган, 2026-жылдын 1-январынан кийин төрт жана андан көп бала төрөгөн көп балалуу энелерге (Кыргыз Республикасынын жарандарына жана кайрылмандарга) бир жолку “Бала Береке” төлөмү (мындан ары - бир жолку “Бала Береке” төлөмү”). 7) балдарга төрөлгөн күндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин берилүүчү ар айлык жөлөкпул (мындан ары - "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулу). 2. Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жана жашоо минимумун эске алуу менен экономиканын абалына жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жыл сайын белгиленет. 3. Пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдар жана төмөнкү куракка жеткен: эркектер - 65 жаш, аялдар - 60 жаш; баатыр-энелер - 55 жаш үчүн ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык белгиленген пенсиянын базалык бөлүгүнөн жогору эмес өлчөмдө белгиленет. 4. "Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулунун, бир жолку "Бала Береке" төлөмүнүн жана "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулунун өлчөмү, дайындоо жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. 5. (КР 2026-жылдын 21-майындагы № 71 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2020-жылдын 10-июлундагы № 75, 2023-жылдын 9-мартындагы N 53, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 193, 2025-жылдын 24-октябрындагы № 232, 2026-жылдын 21-майындагы № 71 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)