Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 11
Закон КР от 28 июля 2017 года № 163 "О государственных пособиях в Кыргызской Республике" · гл. 2Статус: действует

Статья 11. Порядок назначения и выплаты государственных пособий

1.

Обращение о назначении государственных пособий рассматривается в течение 10 рабочих дней со дня принятия заявления. Отказ в принятии заявления не допускается.

Рассмотрение заявления на назначение государственных пособий осуществляется при наличии персонального идентификационного номера у заявителя и лиц, которым назначается государственное пособие, а также у членов семьи заявителя - при назначении ежемесячного пособия нуждающимся гражданам (семьям), имеющим детей до 16 лет, "уй-булого комок ", ежемесячного пособия “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк”, единовременной выплаты "Бала Береке" и ежемесячного пособия "Бала ырысы".

2.

Государственные пособия назначаются по месту обращения получателя, за исключением случаев, когда за государственным пособием обращаются лица, проживающие в населенных пунктах, в которых установлены коэффициенты доплат к заработной плате и другим социальным выплатам.

Гражданам (семьям), проживающим в населенных пунктах, в которых установлены размеры коэффициентов доплат к заработной плате и другим социальным выплатам, государственные пособия назначаются по месту жительства/пребывания.

Если у граждан (семей), указанных в абзаце втором настоящей части, отсутствует регистрация по месту жительства/пребывания, государственное пособие назначается без учета коэффициентов доплат к заработной плате и другим социальным выплатам.

3.

Ежемесячное пособие нуждающимся гражданам (семьям), имеющим детей до 16 лет, "үй-бүлөгө көмөк", ежемесячное пособие "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк", единовременная выплата "Бала Береке" и ежемесячное пособие "Бала ырысы" назначаются в случае совместного проживания ребенка (детей) с получателем пособия.

4.

Порядок обращения за назначением государственных пособий, назначения и выплаты государственных пособий и перечень документов, необходимых для их назначения, а также порядок межведомственного взаимодействия между государственными органами по вопросам предоставления документов, необходимых для назначения государственных пособий, определяются Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

Информация, необходимая для назначения государственных пособий, запрашиваемая из государственных органов и органов местного самоуправления в рамках межведомственного электронного обмена данными, предоставляется на безвозмездной основе.

5.

Лицам, проживающим в населенных пунктах, где установлены районные коэффициенты доплат к заработной плате и другим социальным выплатам, размеры государственных пособий, кроме единовременной выплаты при рождении ребенка "балага суйунчу", ежемесячного пособия “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” и единовременной выплаты “Бала Береке”, исчисляются с применением этих коэффициентов.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 30 марта 2018 года № 33, 10 июля 2020 года № 75, 9 марта 2023 года N 53, 6 декабря 2024 года N 193, 24 октября 2025 года № 232, 21 мая 2026 года №71 )

Кыргызча
Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө тартиби 1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жөнүндө кайрылуу арыз кабыл алынган күндөн тартып 10 жумушчу күндөн ичинде каралат. Арызды кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоого арыздарды кароо мамлекеттик жөлөкпул дайындала турган арыз ээсинде жана адамдарда, ошондой эле арыз ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүндө - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулду, бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун , бир жолку "Бала Береке" төлөмүн жана "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулун дайындоодо идентификациялык жеке номери болгондо жүзөгө ашырылат. 2. Мамлекеттик жөлөкпулдар эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча коэффициенттер белгиленген калктуу конуштарда жашаган адамдар мамлекеттик жөлөкпул үчүн кайрылган учурларды кошпогондо, алуучунун кайрылган жери боюнча дайындалат. Эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча коэффициенттер белгиленген калктуу конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) мамлекеттик жөлөпул жашаган/турган жери боюнча дайындалат. Эгерде ушул бөлүктүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) жашаган/турган жери боюнча каттоосу жок болсо, мамлекеттик жөлөкпул эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттерин эсепке албастан дайындалат. 3. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул, "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулу, бир жолку "Бала Береке" төлөмү жана "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулу бала (балдар) жөлөкпул алуучу менен чогуу жашаган учурда дайындалат. 4. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо, мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө үчүн кайрылуунун тартиби жана аларды дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги, ошондой эле мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн зарыл болгон документтерди берүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуунун алкагында мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан суралып алынуучу мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн зарыл болгон маалымат акысыз негизде берилет. 5. Эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөнүн райондук коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашаган адамдарга мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү, бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдөн, бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулунан жана бир жолку “Бала Береке” төлөмүнөн тышкары бул коэффициенттерди колдонуу менен эсептелет. (Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2020-жылдын 10-июлундагы № 75, 2023-жылдын 9-мартындагы N 53, 2024-жылдын 6-декабрындагы N 193, 2025-жылдын 24-октябрындагы № 232, 2026-жылдын 21-майындагы № 71 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)