Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 5
Закон КР от 10 мая 2017 года № 78 "О лотереях" · ст. 5Статус: действует

Статья 5. Государственные и стимулирующие лотереи

1.

Государственные лотереи проводятся в целях пополнения доходов республиканского бюджета.

2.

Проведение государственных лотерей осуществляют государственные органы, определяемые Кабинетом Министров Кыргызской Республики, в соответствии с планами, нормативами и сроками, согласованными с уполномоченным органом.

3.

Проведение государственных и стимулирующих лотерей допускается только после получения разрешения в уполномоченном органе.

4.

Все средства от проведения государственных лотерей, за исключением обязательных платежей, являются собственностью государства и поступают в республиканский бюджет или целевым образом расходуются на программы, утвержденные Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

5.

Участие в стимулирующей лотерее связано с приобретением какого-либо товара или услуги. Выполнение участником лотереи условий, предписанных правилами такой лотереи, либо наличие игровой информации на товаре (в том числе в газете, журнале, сопроводительной документации, специальных вкладышах, квитанциях и т.п.) является основанием для возникновения между организатором лотереи и клиентом, приобретшим или получившим такой товар или услугу, правовых отношений по поводу участия в розыгрыше объявленных призов.

6.

Билетами стимулирующих лотерей могут являться как носители игровой информации, аналогичные общепринятым лотерейным билетам или игровым купонам тиражных и мгновенных (бестиражных), так и различного вида входные билеты, квитанции, отрывные купоны, вкладыши, экземпляры сопроводительной документации, упаковка, маркировка на упаковке или изделии и т.п.

Плата за участие в стимулирующей лотерее отдельно не взимается и выражается в виде (форме) приобретения реализуемого товара или услуги.

7.

Наличие на экземплярах товара (в том числе в газете, журнале, на квитанции за услугу и т.п.) игровой информации, соответствующей условиям проведения лотереи, является основанием для рассмотрения их в качестве условных лотерейных билетов.

8.

Если в проводимом маркетинговом, рекламном или ином мероприятии уполномоченный орган выявит признаки проведения стимулирующей лотереи, то совокупность лотерейных элементов указанного мероприятия признается стимулирующей лотереей вне зависимости от занимаемой по этому вопросу позиции ее организаторов.

Реализация на территории Кыргызской Республики товаров и услуг, произведенных (предоставляемых) резидентами и нерезидентами Кыргызской Республики, в которых имеет место информация, соответствующая условиям проведения стимулирующей лотереи, допускается при условии:

- получения разрешения на проведение стимулирующей лотереи в уполномоченном органе;

- определения организатором стимулирующей лотереи доли (квоты) заранее сформированного призового фонда, розыгрыш которого будет осуществляться на территории Кыргызской Республики.

9.

Призовой фонд государственной и стимулирующей лотерей формируется организаторами государственной и стимулирующей лотерей из собственных средств.

10.

Запрещается организация стимулирующей лотереи с целью продажи, распространения, рекламы алкогольной продукции и табачных изделий.

11.

Запрещается проведение лотереи в сетях сотовой (мобильной) связи, за исключением случаев, когда операторы электросвязи проводят стимулирующие лотереи среди персонифицированных абонентов с целью стимулирования продаж (реализации) своих услуг связи и/или их продвижения на рынке.

(В редакции Законов КР от 29 июля 2021 года № 89, 28 февраля 2025 года № 49 )

Кыргызча
Мамлекеттик жана кызыктыруучу лотереялар 1. Мамлекеттик лотереялар республикалык бюджеттин кирешелерин толуктоо максатында өткөрүлөт. 2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик органдар ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган пландарга, ченемдерге жана мөөнөттөргө ылайык мамлекеттик лотереяларды өткөрүүнү жүзөгө ашырат. 3. Ыйгарым укуктуу органдан уруксат алгандан кийин гана мамлекеттик жана кызыктыруучу лотереяларды өткөрүүгө жол берилет. 4. Милдеттүү төлөмдөрдү кошпогондо, мамлекеттик лотереяларды өткөрүүдөн түшкөн бардык каражаттар мамлекеттин менчиги болуп саналат жана республикалык бюджетке түшөт же максаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген программаларга жумшалат. 5. Кызыктыруучу лотереяга катышуу кандайдыр бир товарды же кызмат көрсөтүүнү сатып алуу менен байланыштуу. Лотереянын катышуучусу тарабынан мындай лотереянын эрежелеринде жазылган шарттардын аткарылышы же товарда ойнолуучу маалыматтардын (анын ичинде газетада, журналда, коштоочу документтерде, атайын кошумча баракчаларда, квитанцияларда жана д.у.с.) болушу лотереяны уюштуруучу менен мындай товарды же кызмат көрсөтүүнү сатып алган же алган кардардын ортосунда жарыяланган байгелерди ойнотууга катышуу боюнча укуктук мамилелердин келип чыгышы үчүн негиз болуп саналат. 6. Жалпы кабыл алынган лотереялык билеттерге же тираждык жана көз ирмемдик (тиражсыз) лотереялардын ойнолуучу купондоруна окшош ойнолуучу маалыматтарды алып жүрүүчүлөр сыяктуу ар кандай түрдөгү кирүү билеттери, квитанциялар, айрып алынуучу купондор, кошумча баракчалар, коштолуучу документтердин нускалары, таңгак, таңгактагы же буюмдагы маркировка жана д.у.с. да кызыктыруучу лотерея билеттери болуп саналышы мүмкүн. Кызыктыруучу лотереяга катышуу үчүн акы өзүнчө алынбайт жана сатылуучу товарды же кызмат көрсөтүүнү сатып алуу түрүндө (формасында) көрүнөт. 7. Товардын нускаларында (анын ичинде газетада, журналда, кызмат көрсөтүү үчүн берилген квитанцияда жана д.у.с.) лотереяны өткөрүү шарттарына ылайык келген ойнолуучу маалыматтардын болушу аларды шарттуу лотереялык билеттер катары кароо үчүн негиз болуп саналат. 8. Эгерде өткөрүлүүчү маркетингдик, жарнамалык же башка иш-чарада ыйгарым укуктуу орган кызыктыруучу лотереяны өткөрүүнүн белгилерин тапса, анда көрсөтүлгөн иш-чаранын лотереялык элементтеринин жыйындысы аны уюштуруучулардын бул маселе боюнча ээлеген позициясына карабастан, кызыктыруучу лотерея деп таанылат. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери тарабынан өндүрүлгөн (берилүүчү) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга, аларда кызыктыруучу лотереяларды өткөрүү шарттарына ылайык келген маалымат бар болсо, төмөнкүдөй шартта жол берилет: - ыйгарым укуктуу органда кызыктыруучу лотереяны өткөрүүгө уруксат алынганда; - кызыктыруучу лотереяны уюштуруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында ойнотуу жүзөгө ашырылуучу кызыктыруучу байге фондунун алдын ала түзүлгөн үлүшү (квотасы) аныкталганда. 9. Мамлекеттик жана кызыктыруучу лотереялардын байге фонду мамлекеттик жана кызыктыруучу лотереяларды уюштуруучулардын жеке каражаттарынан түзүлөт. 10. Алкоголдук продукцияларды жана тамеки заттарын сатуу, жайылтуу, жарнамалоо максатында кызыктыруучу лотереяларды уюштурууга тыюу салынат. 11. Электрдик байланыш операторлору өздөрүнүн байланыш боюнча кызмат көрсөтүүлөрүн сатууга (өткөрүүгө) түрткү берүү жана/же аларды рынокто илгерилетүү максатында персонификацияланган абоненттердин арасында кызыктыруучу лотереяларды өткөргөн учурларды кошпогондо, уюлдук (мобилдик) байланыш тарамдарында лотерея өткөрүүгө тыюу салынат. (КР 2021-жылдын 29-июлундагы № 89 , 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)