Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 2
Закон КР от 31 марта 2016 года № 32 "О порядке проведения проверок деятельности органов местного самоуправления" · гл. 1Статус: действует

Статья 2. Сфера действия настоящего Закона

1.

Настоящий Закон регулирует отношения, связанные с проведением проверок деятельности органов местного самоуправления уполномоченными государственными органами, определяет права, обязанности и ответственность сторон в отношениях, связанных с осуществлением проверок, а также обеспечением защиты прав и интересов органов местного самоуправления от незаконного вмешательства в их деятельность.

2.

Если вступившим в установленном законом порядке в силу международным договором, участницей которого является Кыргызская Республика, установлены иные правила, чем предусмотрены настоящим Законом, то применяются правила международного договора.

3.

Настоящим Законом устанавливаются:

1) принципы и ограничения при проведении проверок деятельности органов местного самоуправления со стороны уполномоченных государственных органов;

2) единый порядок и процедура организации осуществления проверок деятельности органов местного самоуправления;

3) порядок согласования проверок с органами прокуратуры;

4) права, обязанности и ответственность сторон при проведении проверок, меры по защите прав и законных интересов органов местного самоуправления.

4.

Данный Закон не регулирует порядок и процедуры проведения проверок деятельности органов местного самоуправления, которые проводятся:

1) государственными органами в рамках уголовного, административного, гражданского, исполнительного судопроизводства;

2) государственными органами в рамках контроля за осуществлением органами местного самоуправления делегированных государственных полномочий;

3) Счетной палатой Кыргызской Республики;

4) Акыйкатчы (Омбудсменом) Кыргызской Республики;

5) представительными органами местного самоуправления и его органами в рамках осуществления контрольных функций;

6) органами налоговой службы по вопросам соблюдения налогового законодательства Кыргызской Республики и законодательства Кыргызской Республики по государственному социальному страхованию.

(В редакции Закона КР от 13 мая 2020 года № 54)

Кыргызча
Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү 1. Ушул Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын текшерүүлөрүнө байланышкан мамилелерди жөнгө салат, текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мыйзамсыз кийлигишүүдөн алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерде тараптардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт. 2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда каралган эрежелерден башкача эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат. 3. Ушул Мыйзам менен төмөнкүлөр белгиленет: 1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүдөгү принциптер жана чектөөлөр; 2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууну уюштуруунун бирдиктүү тартиби жана жол-жобосу; 3) текшерүүлөрдү прокуратура органдары менен макулдашуунун тартиби; 4) текшерүүлөрдү жүргүзүүдөгү тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар. 4. Ушул Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү төмөндөгүлөр жүргүзгөндө текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартибин жана жол-жобосун жөнгө салбайт: 1) кылмыш-жаза, администрациялык, жарандык, аткаруу сот өндүрүшүнүн алкагында мамлекеттик органдар; 2) өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишке ашыруусун контролдоонун алкагында мамлекеттик органдар; 3) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы; 4) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени); 5) контролдук функцияларды жүзөгө ашыруунун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары жана анын органдары. 6) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселеси боюнча салык кызматынын органдары. (КР 2020-жылдын 13-майындагы № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)