Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 7
Закон КР от 16 июня 1999 года № 54 "Об экологической экспертизе" · ст. 7Статус: действует

Статья 7. Полномочия, права и обязанности специально уполномоченного государственного органа по экологической экспертизе

Специально уполномоченный государственный орган по экологической экспертизе осуществляет:

- организацию и проведение государственной экологической экспертизы объектов, указанных в статье 3 настоящего Закона, в том числе формирование экспертных комиссий государственной экологической экспертизы;

- разработку, пересмотр и утверждение нормативно-технических и инструктивно-методических документов, обеспечивающих реализацию настоящего Закона;

- научное, методическое, информационное обеспечение государственной экологической экспертизы, включая формирование и ведение банков данных о намечаемой деятельности, о реализации объекта экспертизы и о влиянии намечаемой хозяйственной деятельности на состояние окружающей среды;

- взаимодействие в установленном порядке с эколого-экспертными органами других государств с целью проведения консультаций, совместных экологических экспертиз, обмена научными и методическими разработками, привлечения иностранных специалистов;

- проведение семинаров, конференций по вопросам методологии, методов и форм осуществления государственной экологической экспертизы, обмена опытом ее проведения и повышения качества эколого-экспертной деятельности;

- координацию эколого-экспертной деятельности в Кыргызской Республике, осуществление методического руководства по вопросам проведения экологической экспертизы объектов независимо от их подчиненности и форм собственности;

- осуществление контроля за соблюдением настоящего Закона и других нормативных правовых актов в области государственной экологической экспертизы при ее организации и проведении;

- рассмотрение разногласий, возникающих в процессе экологической экспертизы между территориальными специально уполномоченными государственными органами в области экологической экспертизы;

- ведение государственных реестров экспертов, участвующих в проведении экологической экспертизы;

- взаимодействие в пределах своей компетенции с министерствами, административными ведомствами, организациями и их экспертными подразделениями;

Специально уполномоченный государственный орган по экологической экспертизе имеет право:

- организовывать, проводить и принимать участие в международных экологических экспертизах;

- привлекать в установленном законодательством Кыргызской Республики порядке к проведению государственной экологической экспертизы иностранных ученых и специалистов, за исключением случаев, когда объект экспертизы составляет государственную или коммерческую тайну;

- на доступ к банкам данных министерств и административных ведомств о состоянии окружающей среды;

- в пределах своей компетенции осуществлять иные действия, не противоречащие законодательству Кыргызской Республики, необходимые для реализации своих полномочий.

Специально уполномоченный государственный орган по экологической экспертизе обязан:

- обеспечивать соответствие процедуры проведения государственной экологической экспертизы требованиям настоящего Закона, иных нормативных правовых актов, нормативно-технических, инструктивно-методических документов;

- предварительно информировать местные государственные администрации и органы местного самоуправления о проведении заседаний экспертных комиссий государственной экологической экспертизы;

- направлять заключения государственной экологической экспертизы органам, принимающим решение о реализации объекта экспертизы;

- по требованию инвестора проекта, общественных организаций, проводящих общественную экологическую экспертизу, предоставлять для ознакомления нормативно-техническую, инструктивно-методическую документацию, регламентирующую организацию и проведение государственной экологической экспертизы;

- направлять местным государственным администрациям и органам местного самоуправления, общественным организациям (объединениям) и гражданам, представившим аргументированные предложения, касающиеся экологических аспектов реализации намечаемой деятельности, материалы, обосновывающие учет этих предложений при проведении государственной экологической экспертизы;

- предоставлять средствам массовой информации по их запросам сведения о результатах проведения государственной экологической экспертизы;

- организовывать подготовку, переподготовку и повышение квалификации экспертов государственной экологической экспертизы.

(В редакции Закона КР от 11 июня 2003 года № 102)

Кыргызча
Экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары, укуктары жана милдеттери Атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган: - ушул Мыйзамдын 3-статьясында көрсөтүлгөн объекттерди, анын ичинде мамлекеттик экологиялык экспертизанын эскперттик комиссияларын уюштурууну жана өткөрүүнү; - ушул Мыйзамды ишке ашырууну камсыз кылуучу ченемдик-техникалык жана нускама-усулдук документтерди иштеп чыгууну, кайра кароону жана бекитүүнү; - белгиленүүчү иш-аракет жөнүндө маалыматтар банкын түзүүнү жана жүргүзүүнү кошуп алганда, экспертизанын объектин ишке ашыруу жөнүндө жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалына белгиленүүчү чарбалык иштин таасири жөнүндө мамлекеттик экологиялык экспертизаны илимий, усулдук, маалыматтык камсыз кылууну; - консультацияларды, биргелешкен экологиялык экспертизаларды, илимий жана усулдук иштеп чыгууларды алмаштыруу, чет өлкөлүк адистерди тартуу максатында башка мамлекеттердин экологиялык-эксперттик органдары менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүнү; - мамлекеттик экологиялык экспертизаны, аны жүргүзүүнүн тажрыйбасын алмашууну жана экологиялык-эксперттик иштин сапатын жогорулатууну жүзөгө ашыруунун методологиясынын, усулдарынын жана түрлөрүнүн маселелери боюнча семинарларды, конференцияларды өткөрүүнү; - Кыргыз Республикасындагы экологиялык-эксперттик ишти координациялоону, алардын баш ийүүчүлүгүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, объекттерге экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн маселелери боюнча усулдук жетекчиликти жүзөгө ашырууну; - аны уюштурууда жана жүргүзүүдө ушул Мыйзамдын жана мамлекеттик экологиялык экспертиза жаатындагы башка ченемдик укуктук актылардын жүзөгө ашырылышын контролдоону; - экологиялык экспертиза жаатындагы атайын ыйгарым укук берилген органдардын ортосундагы экологиялык экспертизанын жүрүшүндө келип чыгуучу пикир келишпестиктерди кароону; - экологиялык экспертиза өткөрүүгө катышуучу эксперттердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүүнү; - өз компетенциясынын чегинде министрликтер, администрациялык ведомстворлор, уюмдар жана алардын эксперттик кичи бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнү; Экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган: - эл аралык экологиялык экспертизаларды уюштурууга, өткөрүүгө жана аларга катышууга; - экспертизанын объекти мамлекеттик же коммерциялык жашыруун сырды түзгөн учурларды албаганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чет өлкөлүк окумуштуулар менен адистерди мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүгө тартууга; - жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жөнүндө министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун маалыматтар банкына кирүүгө; - өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, өз ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жүзөгө ашырууга укуктуу. Экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган: - мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнү ушул Мыйзамдын, башка ченемдик укук актылардын, ченемдик-техникалык, нускама-усулдук документтердин талаптарына ылайык келишин камсыз калууга; - мамлекеттик экологиялык экспертиза комиссияларынын отурумдарын өткөрүү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алдын ала маалымдоого; - мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундуларын экспертизанын объектин ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алуучу органдарга жиберүүгө; - коомдук экологиялык экспертиза жүргүзүүчү долбоордун инвесторунун, коомдук уюмдардын талабы боюнча мамлекеттик экологиялык экспертизаны уюштурууну жана жүргүзүүнү регламенттөөчү ченемдик-техникалык, ченемдик-усулдук документацияларды таанышуу үчүн берүүгө; - белгиленген иш-аракетти жүзөгө ашыруунун экологиялык аспекттерине тиешелүү далилдүү сунуштарды берген жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына, коомдук уюмдарга (бирикмелерге) жана жарандарга мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүүгө ошол сунуштардын эске алынгандыгын негиздөөчү материалдарды жиберүүгө; - алардын сурамы боюнча жүргүзүлгөн мамлекеттик экологиялык экспертизанын натыйжалары жөнүндө маалыматтарды массалык маалымат каражаттарына берүүгө; - мамлекеттик экологиялык экспертизанын эксперттерин даярдоону, кайра даярдоону жана алардын квалификациясын жогорулатууну уюштурууга милдеттүү. (КР 2003-жылдын 11-июнундагы № 102 Мыйзамынын редакциясына ылайык)