Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 3
Закон КР от 16 июня 1999 года № 53 "Об охране окружающей среды" · ст. 3Статус: действует

Статья 3. Основные принципы охраны окружающей среды

Каждый гражданин имеет право на благоприятную для жизни и здоровья окружающую среду и на возмещение ущерба, причиненного здоровью или имуществу неблагоприятным воздействием на окружающую среду, в результате осуществления хозяйственной или иной деятельности.

Основными принципами охраны окружающей среды являются:

- принцип приоритетности: обеспечение реальных гарантий соблюдения прав человека на благоприятную для жизни, труда и отдыха окружающую среду, обеспечивающую жизнь и здоровье человека;

- принцип равновесия: сохранение устойчивости экологических систем, соблюдение правил охраны окружающей среды при осуществлении хозяйственной и иной деятельности, воспроизводство природных ресурсов, недопущение необратимых последствий для окружающей среды и здоровья человека;

- принцип комлексности: гармоничное научно обоснованное сочетание экологических, экономических и социальных интересов общества, комплексность решения вопросов ресурсосбережения и охраны окружающей среды;

- принцип сдерживания: нормирование, обязательность экологической экспертизы, обоснованность и ограничение влияния хозяйственной деятельности и других воздействий на окружающую среду;

- принцип ответственности: строгое соблюдение требований законодательства об охране окружающей среды, неотвратимость ответственности за его нарушения, возмещение ущерба, причиненного окружающей среде предприятиями, учреждениями, организациями, хозяйствами и гражданами;

- принцип открытости: гласность в решении природоохранных задач при хозяйственной и иной деятельности, имеющей экологические последствия, тесная связь с общественными организациями и населением, поощрение и стимулирование мер, направленных на охрану и рациональное использование природных ресурсов, сочетание национальных, региональных и международных интересов в области охраны окружающей среды.

(В редакции Закона Кыргызской Республики от 4 февраля 2002 года № 22)

Кыргызча
Айлана-чөйрөнү коргоонун негизги принциптери Ар-бир жаран жашоосу жана ден соолугу үчүн жагымдуу болгон айлана-чөйрөгө жана чарбалык же башка ишти жүзөгө ашыруунун натыйжасында айлана-чөйрөгө келтирилген жагымсыз таасирлер аркылуу ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуртуп алууга укуктуу. Төмөндөгүлөр: - артыкчылык берүү принциби: адамдын жашоосу, эмгеги жана эс алуусу үчүн жагымдуу болгон айлана-чөйрөгө болгон укуктарын сактоонун айкын кепилдиктерин, адамдын жашоосун жана ден соолугун камсыз кылуучу айлана-чөйрөнү коргоого артыкчылык берүүнү камсыз кылуу; - тең салмактуулук принциби: экологиялык тутумдардын туруктуулугун сактоо, чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин сактоо, жаратылыш ресурстарын арбытып өндүрүү, айлана-чөйрө жана адамдын ден соолугу үчүн орду толбой турган кесепеттерге жол бербөө; - комплекстүүлүк принциби: коомдун экологиялык, экономикалык жана социалдык таламдарын шайкеш илимий негизделген түрдө ылайыкташтыруу, ресурстарды үнөмдөө жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин чечүүнүн комплекстүүлүгү; - кармап туруу принциби: чарбалык иштин жана башка айлана-чөйрөгө таасирлердин тийгизген таасирин ченемдештирүү, экологиялык экспертизанын милдеттүүлүгү, негиздүүлүгү жана чектелиши. - жоопкерчилик принциби: айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бекем сактоо, аны бузгандык үчүн жоопкерчиликтин шексиздиги, ишканалар, мекемелер, уюмдар, чарбалар жана жарандар тарабынан айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу; - айкындуулук принциби: экологиялык кесепеттерге алып келген чарбалык жана башка иштин учурунда жаратылышты коргоо милдеттерин чечүүнүн маалымдуулугу, коомдук уюмдар жана калк менен тыгыз байланышта болуу, жаратылыш ресурстарын коргоого жана сарамжал пайдаланууга багытталган чараларга колдоо көрсөтүү жана түрткү берүү, айлана чөйрөнү коргоо жагында улуттук, региондук жана эл аралык таламдарды айкалыштыруу айлана-чөйрөнү коргоонун негизги принциптери болуп саналат. (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)