Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 21-1
Закон Кыргызской Республики от 12 марта 2005 года № 49 "О залоге" · гл. 2Статус: действует

Статья 21-1. Единый государственный реестр прав требования на движимое имущество

1.

Единый государственный реестр прав требования на движимое имущество является автоматизированной информационной системой, предназначенной для формирования единой электронной базы данных прав требований по исполнению обязательств (по договору) движимого имущества. Порядок ведения Единого государственного реестра прав требования на движимое имущество определяется Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

2.

Единый государственный реестр прав требования на движимое имущество является единственным официальным источником информации о зарегистрированных правах требования по исполнению обязательств (по договору) в отношении движимого имущества и устанавливает очередность приоритета права требования на движимое имущество при обращении взыскания в судебном или внесудебном порядке.

3.

При регистрации права требования по исполнению обязательств (по договору) в отношении движимого имущества необходимо письменное согласие залогодателя, в части размещения персонифицированных данных в Едином государственном реестре прав требования на движимое имущество. Письменное согласие залогодателя хранится у залогодержателя до внесения записи в залоговое уведомление о прекращении права требования исполнения обязательств (по договору) в отношении движимого имущества.

4.

Внесение записи, изменений и записи о прекращении права требования по исполнению обязательств (по договору) в отношении движимого имущества в залоговое уведомление осуществляется за единовременную плату в порядке, установленном Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

Информация о проведенной регистрации хранится в электронной базе данных уполномоченного государственного органа в сфере регистрации права требования на движимое имущество.

5.

Уполномоченный государственный орган в сфере регистрации права требования на движимое имущество осуществляет взаимодействие с другими государственными органами, осуществляющими ведение соответствующих реестров, а также с частными реестрами в части, не противоречащей законодательству Кыргызской Республики.

6.

Уполномоченный государственный орган в сфере регистрации права требования на движимое имущество обеспечивает открытый доступ к Единому государственному реестру прав требования на движимое имущество в режиме онлайн через официальный сайт.

7.

Физические и юридические лица получают сведения из Единого государственного реестра прав требования на движимое имущество бесплатно, посредством сети Интернет, в порядке, определяемом Кабинетом Министров Кыргызской Республики, за исключением информации, относящейся к персонифицированным данным, порядок доступа к которым определяется в соответствии с законодательством о персонифицированных данных.

8.

Сведения, содержащиеся в Едином государственном реестре прав требования, могут быть предоставлены заинтересованным лицам в виде выписки на платной основе в порядке, установленном Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

9.

Поиск данных в Едином государственном реестре прав требования на движимое имущество осуществляется по идентификационному номеру налогоплательщика, предмету залога или регистрационному номеру.

(В редакции Законов КР от 15 июля 2016 года № 117, 24 марта 2021 года № 42, 2 августа 2022 года № 76)

Кыргызча
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри 1. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри кыймылдуу мүлк милдеттенмелерин аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укуктарынын бирдиктүү электрондук маалымат базасын түзүүгө арналган автоматташтырылган маалыматтык тутум болуп саналат. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 2. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) катталган талап укуктары жөнүндө маалыматтардын бирден-бир расмий булагы болуп саналат жана соттук же соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алууда кыймылдуу мүлккө талаптардын артыкчылык укуктарынын кезектүүлүгүн белгилейт. 3. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине жекелештирилген маалыматтарды жайгаштыруу бөлүгүндө кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укуктарын каттоодо күрөө берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл. Күрөө берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укуктарын токтотуу жөнүндө күрөө кабарлоосуна жазуу киргизүүгө чейин күрөө кармоочуда сакталат. 4. Күрөө кабарлоосуна кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укуктарына жазууларды, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу жөнүндө жазуу бир жолку төлөм үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жүргүзүлгөн каттоо жөнүндө маалыматтар Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук маалыматтар базасында сакталат. 5. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү реестрлерди жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жагынан жеке реестрлер менен иштөөнү жүзөгө ашырат. 6. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган расмий сайт аркылуу онлайн режиминде Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. 7. Жеткиликтүүлүк тартиби жекелештирилген маалыматтар жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталган жекелештирилген маалыматтарга кирген маалыматтарды кошпогондо, жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте Интернет тармагы аркылуу Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен маалыматтарды акысыз алышат. 8. Талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган маалыматтар кызыкдар жактарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте акы төлөтүүнүн негизинде көчүрмө түрүндө берилиши мүмкүн. 9. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен маалыматтарды издөө салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, күрөөнүн жүйөсү же каттоо номери боюнча жүзөгө ашырылат. (КР 2016-жылдын 15-июлундагы № 117, 2021-жылдын 24-мартындагы № 42, 2022-жылдын 2-августундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)