Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 7
Закон КР от 13 августа 2004 года № 115 "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы "Иссык-Куль" · ст. 7Статус: действует

Статья 7. Объект правового регулирования природного потенциала ЭЭС "Иссык-Куль"

Объектом правового регулирования природного потенциала ЭЭС "Иссык-Куль" является исторически сложившаяся и пространственно обособившаяся единая система, состоящая из подсистем:

- акватории озера Иссык-Куль;

- прибрежной зоны;

- селитебной зоны предгорий и среднегорья;

- зоны высокогорья.

Объектами правового режима природной среды ЭЭС "Иссык-Куль" являются водные массы озера, прибрежной территории, водно-болотные угодья и окружающая гребневая зона хребтов (ледники), поверхностные и подземные воды, природные ландшафты, воздушный бассейн, флора и фауна озерной котловины.

Природный потенциал ЭЭС "Иссык-Куль" является достоянием ныне живущего и будущих поколений народов Кыргызстана и рассматривается как основной ресурс развития.

Правовой статус отдельных ресурсов природного потенциала регулируется в порядке, определяемом Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

(В редакции Законов КР от 19 октября 2013 года № 196, 23 мая 2023 года № 105)

Кыргызча
«Ысык-Көл» ЭЭТсынын бүтүндүгүн сактоо үчүн жаратылыш дареметин жөнгө салуунун укуктук объекти Төмөнкү тутумчалардан: - Ысык-Көл көлүнүн акваториясынан; - жээкке жанаша жаткан зонадан; - тоо этектеринин жана бөксө тоолордун сел жүрүүчү зоналарынан; - бийик тоолуу зоналардан турган, тарыхый калыптанган жана мейкиндикте өзгөчөлөнгөн бирдиктүү тутум «Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыш дареметин жөнгө салуунун укуктук объекти болуп саналат. Көлдүн суу массасы, жээкке жанаша жаткан аймак, суулуу-саздак жерлер жана курчап турган тоо чокулары (мөңгүлөр), жер үстүндөгү жана жер астындагы суулар, жаратылыш ландшафттары, аба бассейни, өсүмдүктөр жана канаттуулар «Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыш чөйрөсүнүн укуктук режиминин объекттери болуп саналат. «Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыш даремети Кыргызстандын элдеринин азыр жашап жаткан жана болочоктогу муундарынын кенчи болуп саналат жана алардын өнүгүүсүнүн негизги ресурсу катары каралат. Жаратылыш дареметинин айрым ресурстарынын укуктук статусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жөнгө салынат. (КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196, 2023-жылдын 23-майындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)