Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 18
Закон КР от 13 августа 2004 года № 115 "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы "Иссык-Куль" · ст. 18Статус: действует

Статья 18. Использование ресурсов земли и воды для пропитания

Ресурсами для обеспечения производства продуктов питания населения служат земли сельскохозяйственного назначения, лесного фонда, запасы пресных вод и вод Иссык-Куля.

Норматив потребления пахотных земель на душу населения, включая временное расселение, устанавливается с целью обеспечения продовольственной безопасности в соответствии с порядком, определяемым Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

Норматив потребления пресной воды на хозяйственно-бытовые нужды определяется в порядке, определяемом Кабинетом Министров Кыргызской Республики в зависимости от степени благоустройства территорий.

Использование ресурсов земли и воды для производства продуктов питания должно соответствовать следующим принципам:

- нацеленность на продовольственную автономию и независимость;

- разнообразие производимых сельскохозяйственных продуктов для удовлетворения потребностей постоянно живущего и временно расселяемого населения;

- недопущение производства сельскохозяйственных культур, требующих большого количества поливной воды и являющихся антагонистами эндемической флоры;

- расширение производства экологически чистых продуктов питания;

- стремление к агро-, биоразнообразию, внедрению высокотехнологичных и селективных культур и форм.

(В редакции Законов КР от 19 октября 2013 года № 196, 23 мая 2023 года № 105)

Кыргызча
Тамак-аш азык-түлүктөрүн өндүрүү үчүн жер жана суу ресурстарын пайдалануу Айыл чарбасына жарактуу жерлер, токой фондунун жерлери, таза суулардын жана Ысык-Көлдүн суусунун корлору калкты тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн ресурс болуп кызмат кылат. Убактылуу жайгаштырууну кошуп алганда калктын ар бир адамына айдоо жерлерин керектөөнүн ченеми Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипке ылайык азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында да белгиленет. Таза сууну чарбалык-тиричилик муктаждыктарына керектөөнүн ченеми аймакты жайлуу кылуунун даражасына байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте белгиленет. Тамак-аш азык-түлүктөрүн өндүрүү үчүн жер жана суу ресурстарын пайдалануу төмөнкү принциптерге ылайык келүүгө тийиш: - азык-түлүктүк автономияга жана көз карандысыздыкка багытталгандыкка; - туруктуу жашаган жана убактылуу жайгаштырылган калктын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн өндүрүлүүчү айыл чарба азыктарынын ар түрдүүлүгүнө; - сугат суусун көп санда талап кылуучу жана эндемикалык өсүмдүктөрдүн антагонисти болуп саналган айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө жол бербөөгө; - экологиялык жактан таза тамак-аш азыктарын өндүрүүнү кенейтүүгө; - агрономиялык жана биологиялык ар түрдүүлүккө, жогорку технологиялуу жана селективдик өсүмдүктөрдү, алардын түрлөрүн жайылтууга умтулууга. (КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196, 2023-жылдын 23-майындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)